Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Бул жолку шайлоого байкоочу көп


Оштун Шарк айылындагы добушкана шайлоого даядалууда, 2010-жылдын 7-октябры.
Оштун Шарк айылындагы добушкана шайлоого даядалууда, 2010-жылдын 7-октябры.

10-октябрда боло турган парламенттик шайлоого көз салуу үчүн сырттан келген байкоочулардын саны миңге чукулдады. Булардан тышкары жергиликтүү бейөкмөт уюмдардан да байкоочулар добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салышат. Ошондой эле саясий партиялардын ар бири шайлоо участокторуна байкоочуларын коюшат. Шайлоодо мыйзам бузулушуна байкоочулар жол бербесин белгилеген президент Роза Отунбаева да бул шайлоо бийликтин кийлигишүүсүз өтөрүн билдирди.

Жекшембиде Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоого дүйнөнүн 31 өлкөсү байкоочуларын жиберип жатат. Булардан тышкары ЕККУ баштаган бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салышат. БШКнын маалыматы боюнча, бул шайлоого эл аралык 850 байкоочу көз салат. Ал эми жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын, саясий партиялардын байкоочулары БШКдан алдын ала каттоодон өтпөйт, ошондуктан, алардын так саны тууралуу маалымат жок деп билдирди БШКнын төрагасы Акылбек Сариев “Азаттыкка”:


- Жергиликтүү байкоочулар мыйзам боюнча шайлоо күнү гана иш-аракеттерин баштай алышат.

Ишенич - саясий партиялардын байкоочуларында

Жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын ичинен шайлоого байкоочуларын көп койгон уюмдар негизинен “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы жана “Таза шайлоо” ассоциациясы. 10-октябрда боло турган парламенттик шайлоодо бул эки уюм дээрлик 1,5 миң добуш берүү жайында байкоочулук кылышат.

“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова бул жолу добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салуу башкача түрдө өтөрүн белгилейт:


- Биз бул жолу 500 шайлоо участогунда байкоочулук кылабыз. Ал эми биздин негизги өнөктөшүбүз “Таза шайлоо” ассоциациясы 1000ге жакын добушканага байкоочуларын жайгаштырмакчы болуп атышат. Биз бул 500 участокту компьютер аркылуу тандап, ошол участоктор аркылуу жалпы бардык добуш берүү түйүндөрүндө жүрүп жаткан көрүнүштү чагылдырууга аракет кылабыз.

Белгилүү болгондой эл аралык уюмдар, бейөкмөт уюмдар көбүнчө “мыйзам бузуулар көп болушу ыктымал” деп атайын тандалып алынган участокторго байкоочуларын арбыныраак коюуга аракет кылышчу. Мындай участоктордун катарына жогорку окуу жайларда, эл жыш жашаган аймактарда, жаңы конуштарда жайгашкан шайлоо участоктору кирчү. Динара Ошурахунова бул жолу добуш берүүнүн жүрүшүнө шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын өкүлдөрү да көз салышы мыйзам бузууларга жол бербейт деген пикирде.

Буга чейин жактачу, эми мактайбы?

Буга чейинки парламенттик шайлоолорго көз салган эл аралык байкоочулардын пикирлери кайчы чыккан учурлар арбын эле болчу. Белгилей кетсек, 2009-жылы 23-июлда өткөн президенттик шайлоо өтө одоно мыйзам бузуулар менен өткөндүгүн эл аралык байкоочулардын ЕНЕМО уюму айтып чыккан, ал эми КМШ мамлекеттеринин жана ШКУнун байкоочулары шайлоо тынч, акыйкат өттү деп билдиришкен. Айрым талдоочулар бул жолу тескерисинче болот деп эсептешет.

“Таза табигат” коомдук уюмунун жетекчиси Анара Дауталиева Кремлдин Кыргызстанда парламенттик башкаруу системасын киргизүүнү сындап чыкканын эскерет:

- Силер билесиңер, Орусиянын президенти парламенттик башкаруу системасы тууралуу өзүнүн терс пикирин билдирген. Ошондуктан, бул жолу Орусиянын көзүн караган КМШ, ШКУнун байкоочулары башкача маалымат бериши ыктымал.

Шайлоо сөзсүз болот

Президент Роза Отунбаева 8-октябрда бир катар мамлекеттердин элчилерин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн кабыл алып, шайлоого даярдык тууралуу маалымат берди. Мамлекет башчы кыйын кырдаалга карабастан парламенттик шайлоо өз убагында өтөрүн белгиледи:


- Биз шайлоо үзгүлтүксүз өтсүн деген максатта иштеп жатабыз. Добуш берүүгө толук даярдык бар. Бизде шайлоону жылдырууга же болтурбай коюуга эч кандай себеп жок. Биз үчүн бул – тарыхый шайлоо, ошондуктан, аны сөзсүз өткөрөбүз. Бул шайлоо биз үчүн өтө ийгиликтүү болот.

Роза Отунбаева шайлоодо административдик ресурс колдонулбасын, буга жол бербөө максатында облустук, шаардык жана райондук бийлик ээлери менен сүйлөшүп, катуу эскертүү бергенин кошумчалады.

10-октябрда жалпы Кыргызстан боюнча 2289 добуш берүүчү жай иштейт, мунун ичинен 46сы чет мамлекеттерде жайгашкан. Добуш берүү жайлары эртең менен саат сегизде ачылып, кечинде саат жыйырмада жабылат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG