Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:26

“Ата Мекен” элди өз укуктарын коргоого чакырууда


“Ата Мекен” партиясы жылуулук жана электр кубатына баа көтөрүлүшүнө байланыштуу элге социалдык-экономикалык талаптар менен массалык акция өткөрүүгө чакырык таштады.

Кыргызстан элине жана жарандык коомго “Ата Мекен” саясий партиясы элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы сатылуусуна каршы массалык каршылык акция өткөрүүгө чакырык таштады.

-Элдин кызыкчылыгы, өлкөнүн кызыкчылыгы сатылып жатат. Экономикага чоң зыян.Элдин жашоо турмушу начарлайт. Бул саясатка жарандык каршылык көрсөтүү зарыл. Ошон үчүн саясий митинг эмес, социалдык талаптар менен, экономикалык талаптар менен чоң массалык митинг өткөрүүгө чакырабыз,- деди аталган партиянын лидери Өмүрбек Текебаев.

“Ата Мекен” партиясынын кайрылуусунда “кыргыз өкмөтүнүн электр кубатына жана башка коммуналдык кызматтарга болгон бааны эки эседен беш эсеге чейин кымбаттатышы бул элге каршы аракет”,- деп айтылат.

Ошондой эле энергетика тармагында бир топ проблемалар бар экендиги, бирок аны өкмөт чечүүгө аракет кылуунун ордуна, бул тармакты кыйроого алып келген чиновниктерди жогорку кызматтарга көтөрүп, чет элдик алармандын пайдасына шарт түзүлүп жатканы белгиленген.

“Азыркы бийлик “мурдунан алысты көрө албаган” саясатынын негизинде Кыргызстанды Дүйнөлүк Банк менен Эл аралык валюта корунун “жетегине” салып берди”,- дейт Өмүрбек Текебаев.

-2002-жылы Курманбек Бакиев премьер-министр болуп иштеп турганда, бардык энерготармактары сатыла тургандыгын жана тарифтер 7 центке чейин көтөрүлө тургандыгы тууралуу меморандумга кол койгон. Эл аралык уюмдар энергетикага бааны көтөрсөңөр элиңерди алдаш үчүн, утурумдук “упчу” эмизиш үчүн биз акчаны берип турабыз деп, мына Дүйнөлүк Банк 30 млн. доллар бери отурат. Бакиев майыптарга жана башка категориядагы адамдарга 200 сомдон кошуп берем дебедиби? Аны Бакиев эмес, аны сатып ала турган кардарлар азырынча берип, “сүт эмизип”, элди жаңы баага көнгөнгө чейин карыз акча берип атат. Ал карыз акчаларды элдин эсебинен кайра алып, карыз ээлерине кайра кайтарышыбыз керек.

Өмүрбек Текебаев жалпы карапайым калкты өзүнүн кызыкчылыгын жана мамлекеттин кызыкчылыгын коргоого күрөшкө чакырып, социалдык-экономикалык мүнөздөгү акция өткөрүлөрүн кошумчалады.

“Атамекенчилер” бийликтин энергетика тармагы боюнча жүргүзүп жаткан учурдагы саясаты улуттук экономикага, карапайым калктык кызыкчылыгына жооп бербейт деп эсептейт.

Ал эми парламенттеги “Ак жол” фракциясынын депутаты Айнура Кенжебаева болсо Ош облусунда жана Аламүдүн районунунда эл менен
жолугушканын, алар электрге жана жылуулукка баалардын көтөрүлүшүн колдоп, президент Курманбек Бакиевдин "Жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү" жөнүндө жарлыгына ыраазы болушканын айтып, “Ата Мекен” партиясынын массалык акция өткөрүүсүнө эч кандай негиз жок, дейт.

-“Акты актай, караны карадай” сүйлөгөн жакшы да эми. Кыргыз элине туруктуулук керек. Эми элди жөнү жок дүрбөтүүнүн эмне кажети бар. Элди козгоп, акция өктөрүүнүн кереги жок.

“Кылым шамы” укуктук борборунун жетекчиси Азиза Абдырасулованын пикиринде, отун-сууга төлөмдөрдүн жогорулашы менен азык-түлүккө болгон баалар дагы өсүп, атуулдардын социалдык укугу басмырланат.

Айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү дагы “Ата Мекен” партиясынын демилгесин колдоп, социалдык акцияга катышарын билдиришти.

Өткөн аптада кыргыз өкмөтү электрге жана жылуулукка тарифти бекитип, жаңы бааларды коомчулукка жарыя кылды. Ага ылайык, 2010-жылдын 1-январынан баштап жылуулукка жана электр кубатына баа эки эсе жогоруласа июль айынан баштап беш эседен он эсеге чейин жогорулашы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG