Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:32

М. Чолпонбаев: Президент мыйзамды бузду


Максим Бакиев - Президент Курманбек Бакиевдин кенже уулу.
Максим Бакиев - Президент Курманбек Бакиевдин кенже уулу.

Оппозиция президент уулун кызматка дайындоосун үй-бүлөлүк бийликти чыңдоо аракети катары караса, айрым "акжолчу" депутаттар М. Бакиевди мыкты ишкер катары баалашууда.

Президенттин кенже уулу Максим Бакиевдин мамлекеттик кызматка дайындалышы менен Курманбек Бакиев өзү «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамды одоно бузуга жол берди, дейт экс-спикер, юрист Мукар Чолпонбаев.

- «Мамлекеттик кызматкерлер жөнүндөгү» мыйзамда көрсөтүлгөн, «бир структурада бири-бирине баш ийип иштөөгө жол берилбейт» - деп турат. Ал эми бул жерде болсо президентке түздөн-түз баш ийип жатпайбы.

Мукар Чолпонбаев белгилегендей, «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамдын 11-беренесинин 8-бөлүгүндө «мамлекеттик кызматта туруп түзмө-түз баш ийген же көзөмөлүндө (ата-энеси, аялы же күйөөсү, эркек бир туугандары, эже-карындаштыры жана балдары) жакын туугандык байланыштары барларга чектөө коюлат»,-деп жазылган.

Мыйзамда мындай жазылганы менен иш жүзүндө Курманбек Бакиевдин улуу баласы Марат Бакиев Улуттук коопсуздук кызмат башчысынын орун басары, иниси Жаныш Бакиев Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси. Дагы бир иниси Марат Бакиев Кыргызстандын Германиядагы элчиси. Бир тууганы Каныбек Бакиев Сузак районундагы “Ырыс” айыл округунун башчысы. Кийинки иниси Адыл Бакиев Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинде иштейт.

- Учурунда экс-президент Аскар Акаев дагы Каржы министрлигине уулу Айдар Акаевди кеңешчи кылганда, кийинчерек уулун жана кызын Жогорку Кеңешке депутат кылганда элди иренжитип, жыйынтыгында бийликке элдин нааразылыгы күч алган,-дейт Мукар Чолпонбаев.

Ал эми бир катар саясат таануучулар, «Ак жол» партиясынын айрым мүчөлөрү Максим Бакиевдин келиши менен өлкөгө келүүчү инвестициялар "агылып" келип, ал каражат жакшы көзөмөлгө алынарын, жаңы нукта экономикалык өнүгүүлөр болорун айтышууда.

Парламенттеги "Ак жол" фракциясынын депутаты Махамаджан Мамасаидов президент уулун мамлекеттик кызматка койгонун толук колдоорун айтты.

- Бул дайындоо, мен ойлойм, абдан жакшы болуптур. Мен Максим Курманбековичти аябай жакшы билем. Окуп жүргөн кезинен баштап билем. Ал абдан иштерман, аналитикалык акыл-ой жүгүртө турган жигит. Мен ойлойм, ушул багытты турмушка ашырган, тажрыйбасы бар жигит. Ушул иштерди жакшы алып кетет деген менде толук ишеним бар.

Айрым саясат талдоочулар Максим Бакиевдин Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин башчылыгына дайындалышы менен ата-баланын мамлекет, эл алдында жоокерчилиги көбөйүп, алар тууралуу айтылган ар-кандай айың кептерге чекит коюларын белгилешүүдө.

Экс-спикер Мукар Чолпонбаев болсо тескерисинче мунун кесепети Кыргызстанга жакшылык алып келбейт деп эсептейт.

- Кээ бир талдоочулар, мисалы Марс Сариев айтып жатпайбы, «мунун бизге пайдасы бар, бүт баарына үй-бүлө жооп берет»,- деп. Качан жооп берет алар? Аскар Акаевге окшоп жеп-ичип алып туруп кетип калса биз аны Италиядан издейбизби же Израилден издейбизби? Булар дагы жеп-ичип алып качып кетишесе, ким сурайт аларды?

Парламенттеги СДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинанын айтымында, Борбор Азиядагы бийликтегилердин жакын адамдарын кызматтык орундарга дайындоо сыяктуу "абдан жаман дарты" Кыргызстанга дагы таасирин тийгизип, өлкөнүн эл аралык аброюн төмөн түшүрүүдө.

- Мындай дайындоолор өнүккөн көп өлкөлөрдө туура эмес кабыл алынат. Мисалы Франциянын президенти Николя Саркози өзүнүн уулун жогорку кызматты ээлөөгө уруксат бергенде жалпы Франция үй-бүлөлүк башкарууга каршы турушпадыбы. Бул анын уулунун жакшы же жаманында эмес, демократиянын принциптерине туура келбегендиктен улам француз эли каршы болушту.

Ирина Кармушкина Азербайжандын мурдагы президенти Гейдар Алиевди туурап уулун президент кылуу, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандагыдай «түшпөс хандык» орнотууну кыргыз бийлиги дагы ишке ашырышы толук мүмкүн деген кооптонуусун билдирди.

Коомчулукта Максим Бакиев иши жүрүшкөн мыкты ишкер катары эле эмес, бизнес чөйрөсүнө көзөмөл жүргүзүп келген «кожоюн» катары дагы аты аталып келет.

Айрым басма сөз каражаттары 2005-жылдагы март окуясынан кийин Шампан комбинаты, Канттагы цемент-шифер заводу сыяктуу ири киреше берүүчү бир нече ишканалардын, "Курулуш" банкы, "Ысык-Көл-инвест" банкы сыяктуу ири банктардын, бир катар курулуш компаниялардын, Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттардын кожоюндары алмашылып анын артында Максим Бакиевдин турганы тууралуу жазып чыгышкан.

Мисалы, “ Назар” гезитинин 2009-жылдын 15-сентябрдагы чыгарылышындагы “Бүгүнкү Кыргызстанды кимдер башкарууда?” деген темадагы макалада “Бүгүнкү күндө Максим Бакиев - эң кирешелүү экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чечүүчү фигура. Анын жеке өзүнө, ошондой эле орусиялык жана америкалык өнөктөштөрү менен бирдикте ондогон ишканалар, банктар, холдингдер, компаниялар, фирмалар, ММКлар тиешелүү. Ага ИИМ, бажы, салык инспекциялары, каржы полициясы "каттоодон өтүп", шыбагасын берип турушат. Чет элдик, анын ичинде орус ишкерлери да кыргыз "ханзаадасынын" жеке колдоосу болмоюнча республикадагы бир дагы бизнес долбоор ишке ашпасын эң сонун билишет”,- деп жазылган.

Ошондой эле бул макалада президенттин уулунун достору "Азия Универсалбанктын" директорлор кеңешинин төрагасы Надель мырза, анын мүчөлөрү Акжолов, Галицкий, Катрин, АКШнын жараны Гуревич, кичүү Бакиевдин кандосу Георгий (Александр?) Чесноков бир эле убакта Москвада жайгашкан "Фининфор", "Азия Юниверсал Эйкрафт", "Универсал Курьер Сервис" ЖЧКларынын да кызматкерлер»,- деп белгиленген.

Парламенттин буга чейинки чакырылышындагы депутаттар дагы Максим Бакиевди эл аралык издөөдө жүргөн Орусиянын жараны Борис Березовский менен жакын байланышта экендигин, Березовский Кыргызстанга келип кеткени тууралуу, ызы-чуу көтөрүшкөн.

Ошол учурдагы депутат Мелис Эшимканов (2006-жылы, октябрь) бул тууралуу мындай деген эле.


-Кечээ биз билдик ошол Англиядагы жеке учактын экипаждын командири эреже боюнча документ толтурат экен. Ошол толтурган кагазы бизге жетти. Ошол эки адам келгендиги жөнүндө. Фамилиясы көрсөтүлбөйт экен. Эки адам келди дептир. А бирок эң кызык жери бир адам кайра алар менен кетиптир бир жарым күндөн кийин. Бирөөсү Бишкекте калып калыптыр. Мен толук ишенем. Бир эмес, эки жолу келген. Былтыр келген июлдун ортосунда, анан быйыл келип кеткен. Ошол өзүнүн бизнес кызыкчылыгы боюнча.

Мелис Эшимканов эл аралык издөөдөгү орусиялык ишкер Борис Березовскийдин Кыргызстанга келген-келбегенин териштирүү боюнча депутаттык комиссия иликтеп жаткандыгын айткан эле.

Ал эми президент Курманбек Бакиев болсо парламентте Борис Березовскийдин келгени «кызылдай калп» деп, мындай ушакты чыгарган оппозициялык маанайдагы депутаттарга нааразы болгон.

Өлкө башчысы 2006-жылы Улуттук телеканалдын ошол кездеги жетекчиси Кыяз Молдокасымовго интервью берип жатып, бала-бакырасы,
бир туугандары мамлекеттик иштерге кийлигишпей тургандыгын ынандырып кеткен болчу.

- Менин балдарым эч качан Кыргызстандагы майда болобу, чоң болобу бир дагы бизнеске аралашпайт. Кимдер менин балдарыма жамынып, «чоң баласы, кичи баласы» дегендерге такыр ишенбеш керек. Ал эми калган инилерим бири айыл өкмөтү, жакшы кудайга шүгүр, ошо өзүбүз туулуп өскөн айылда чуркап, колдон келишинче аракет кылып жүрөт. Адыл болсо Кытайда. Марат болсо Германияда. Марат деле оо, качан парламенттин эл аралык комитетинде иштеген. Мен эмнеге тоскоолдук кылышым керек. Булар бардыгы өз ордунда өз милдетин так, жакшы иштешет деп толук ишенем. Ал эми анча-мынча жерде менин бир туугандарымды атайын каралап жатканы - бул саясатчылардын жасаганы.

Өлкө башчысы Курманбек Бакиев анын бала-бакырасы жана бир туугандарынын айланасындагы имиш сөздөрдү оппозициячыл саясатчылар ич-күйдүүлүктөн улам чыгарып, коомчулукту иренжитип жатат деген эле.

XS
SM
MD
LG