- Өмүрбек мырза, соңку кезде коомчулукта өлкөнүн саясий айдыңында кырдаал курчуп жатканы айтыла баштады. Буга Социал-демократтар партиясынын депутаты Кубанычбек Кадыровдун кол тийбестик макамынан ажырашы, Бакыт Бешимовдун АКШга кетүүгө аргасыз болушу, Алмазбек Атамбаевдин, Болот Шерниязовдун суракка алынып жатышы жана башкалар себеп болуп аткансыйт. Бирок ошол эле учурда оппозиция алсызданып жатат деген пикирлер да жок эмес. Сиз буга кандай жооп берет элеңиз?
- Элди коркутуп кул кылууга мүмкүн эмес, өзгөчө Кыргызстанда, өзгөчө Бакиевдердин кланы. Анткени алардын ким экенин, даремети кандай экенин эл билди, алардын авторитети чектелүү. Бүгүнкү бийлик коркутуп-үркүтүү жолу менен гана өзүнүн талаасын сактап калышы мүмкүн. Оппозиция канчалык куугунтукталбасын, камалбасын, чет элге кетпесин, алардын баардыгы өз көз караштарынан, өз пикиринен, өз ишениминен кайткан жок. Мына ушунун өзү оппозицияны чыйралтат жана ага болгон элдин ишенимин көтөрөт. Кандай гана ишеним болбосун, мейли биринчи христиандарды, мусулмандарды алалы, алар өз ишеними үчүн куугунтук жеген. Керек болсо өлгөнгө чейин даяр турушкан, ошондуктан гана алардын ишеними, алардын сөзү күчкө ээ болгон. Ошон үчүн алардын эл алдында баркы болгон.
Эгерде сөздү айтып коюп, башыңа кыйынчылык келгенде андан тансаң, анда андай партиянын, андай саясаттын күчү болбойт. Мына ушул планда оппозицияга чоң сынак келди, ал сынакка оппозиция ал туруштук берип жатат. Мен ойлойм, оппозиция моралдык планда ого бетер бийик көтөрүлүп жатат.
- Өткөн жумада социал-демократчы депутаттар президенттин кабыл алышын сурап, бирок андан кайра баш тартышпадыбы. Сиздин жеке пикириңиз кандай болду мына ушул жолугушуу тууралуу. Эгер президент жолугуп, көзмө-көз сүйлөшкөн учурда деле, алардын кеп сөзүн угуп, айрым шарттарына макул болот деп ишенүүгө мүмкүн беле?
- Мен жыйынтыгы жөнүндө эч нерсе айта албайм. Бирок Социал-демократиялык партиясы - бул парламенттин бөлүгү. Ал эми парламенттик оппозиция бийлик менен күнүгө сүйлөшүп, алар менен иш алып барганга милдеттүү, анткени бул жумуш. Парламентте күн сайын алар мыйзам долбоорлорун, өкмөттөрдүн сунуштарын карайт, сындайт, өз сунуштарын айтат. Ал эми мыйзам чыгаруу процессине президент да түздөн-түз катышат. Анткени ал мыйзамга кол коет, же ага тоскоолдук кылат. Мына ошондуктан мен ойлойм, Социал-демократиялык фракциянын өкүлдөрү мыйзам аткарылышы боюнча, адам укуктарынын сакталышы боюнча аткаруу бийлигинин баардык өкүлдөрү менен, ошонун ичинде президент менен да жолукканга толук укуктары бар. Муну биз иш тартиби катары карашыбыз керек.
- Бирок ошентсе дагы Социал-демократтар фракциясы бул оппозициянын бир бөлүгү да. Анан ушул оппозициянын кеп сөзүн угат беле президент, сиздин жеке пикириңизде?
- Сүйлөшүүлөр болгон жок, анын жыйынтыгын алдын-ала айтыш кыйын болот. Бирок оппозициянын негизги принциптери, негизги койгон талаптары боюнча албетте президент макул болбойт. Анткени биз койгон талаптар, биз аткарылышына аракет кылган шарттар - бүгүнкү бийликтин тамырына балта чабат.
- Маегиңизге рахмат.