Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:49

Мамлекеттик кызмат агенттиги ишеничти актадыбы?


Мамлекеттик кызмат агенттигинин 5 жылдык мааракесинде өлкө башчысы жаштардын кызматка көтөрүлүүсү солгундугун белгиледи.
Мамлекеттик кызмат агенттигинин 5 жылдык мааракесинде өлкө башчысы жаштардын кызматка көтөрүлүүсү солгундугун белгиледи.

Бишкекте Мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин беш жылдыгына арналган салтанат болду.

Иш-чарага президент Курманбек Бакиев, премьер-министр Игорь Чудинов баштаган расмий адамдар катышты.

Президент агенттиктин кызматкерлерин майрамы менен куттуктап, алардын алдында турган милдеттерге токтолуп, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөн бойдон калып, коррупция кулач жайып баратканын баса белгиледи.

- Тилекке каршы, азыркы мамлекеттик машина эпсиз чоң болсо да, анын майнабы аз болуп, тышкы жана ички өзгөртүүлөрдүн агымын тескей албай жатат. Ушундан улам мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөн бойдон калып, коррупция кулач жайууда.

Ошондой эле өлкөдө жаштардын кызмат боюнча өсүш мүмкүнчүлүктөрү өтө эле чектелүү болуп жатканын, сабатуу чиновниктердин тартыштыгын да президент жыйында белгилеп кетти.

-Кыргызстанда жаштардын кызмат боюнча өсүш мүмкүнчүлүктөрү өтө эле чектелүү, ошол эле учурда бардык башкаруу органдарында сабаттуу чиновниктердин тартыштыгы курч экени сезилүүдө. Ошондуктан мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттикке өлкө масштабы боюнча кадр саясатын иштеп чыгуу милдети жүктөлөт.

Андан аркы сөзүндө президент Курманбек Бакиев мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн так жол-жоболору жоктугунан, чиновниктердин жоопкерчилиги эрежелери такталбагандыктан жарандар бийликти адилет сынга алып жаткандыгын айтты.

-Азырынча бизде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн так жол-жоболору жок. Ага кошумча сапатсыз жана өз маалында кызмат көрсөтпөгөнү үчүн чиновниктердин жоопкерчилиги, эрежелери да жок. Ошондон улам жарандарыбыз бийликти адилет сындап жатат,- деп президент Курманбек Бакиев кадр саясатындагы кемчиликтерди да моюнга алды.

Мамлекеттик кызмат боюнча агенттигинин жетекчиси Айдарбек Керимкулов бул жыйында алдыдагы милдеттер такталып, багыттар аныкталганын гана белгиледи:

- Азыркы тапта мамлекеттик кызматкерлерди окутуу, кайра даярдоо жаатындагы иштер жогорку деңгээлде деп айтуу кыйын.

Ал эми өлкөнүн Улуттук илимдер академиясынын академиги, коомдук ишмер Жамин Акималиевдин пикиринде, кээ бир министрликтерде кош бийлик өкүм сүрүп, мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик деңгээли төмөн.

- Саясат дагы кадрсыз жүрбөйт, экономикалык өнүгүү да кадрлардын аракетине, деңгээлине байланыштуу. Көбү компьютерди, чет тилин билгени менен эл менен иштешүүнү билбей, ишкердик чеберчилиги начар болууда. Мамлекеттик кызмат агентигинин ролу билинбей, иштин көзүн билбей жатышат.

Коомдук ишмер Ишенбай Абдразаковдун айтымында, Кыргызстандын мамлекетик кызмат агенттиги аткара албаган кадрларды даярдоо, чеберчилигин арттыруу долбоорлорун Жапон өлкөсү ишке ашырып, жардам берүүдө.

- Кыргызстан жана Жапон мамлекетинин өкмөттөр аралык макулдашуусунун негизинде 2000- жылдан бери Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлеринин адистик деңгээлин жогорулатуу үчүн кыска мөөнөттүү окуу курстарын уюштуруу боюнча атайын долбоор иштеп келатат.
Долбоорго ылайык, биздин мамлекеттик кызматкелерге Жапон мамлекетинде окуп келүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Окууга мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер конкурстук негизде тандалып алынат. Айталы, 2007-жылы 20 кызматкер , 2008-жылы 20 киши Жапониядагы окуу курстарына барып окуп келишкен. 2009-жылы бул курска баруу үчүн 18 мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери тандалып алынды.

Коомдук ишмер Кемел Ашыралиев дагы өлкөдөгө кадр саясатын сынга алды.

Өлкөнүн мамлекеттик иштер боюнча агенттиги 2004-жылы сентябрь айында уюшулган.

Бул агенттиктин милдети - мамлекеттик кызмат тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүү, бул тармакты өнүктүрүүнүн стратегиясын аныктоо, башкаруу органдарын координациялоо. Ошондой эле мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн жана мамлекеттин кадрдык потенциалын жогорулатуу боюнча ырааттуу мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу.

Мамлекеттик иштер боюнча агенттигинин ишмердүүлүгүнүн дагы бир багыты - мамлекеттик кызматкерлерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу.

XS
SM
MD
LG