Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:07

Конституциялык соттун чечиминде кандай сыр катылган?


Cоңку жылдары Кыргызстанда нааразылык чараларын күч менен таратуу адатка айланды.
Cоңку жылдары Кыргызстанда нааразылык чараларын күч менен таратуу адатка айланды.

Конституциялык Сот 2-мартта “Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди, демонстрацияларды эркин өткөрүү жөнүндөгү” мыйзамдын 3-беренесин жокко чыгарды. Укук коргоочунун датынын негизинде кабыл алынган мындай чечим коомчулукта олуттуу талаш-тартыштарга жем таштады.

“Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борборунун башчысы Төлөкан Исмаилова “Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди, демонстрацияларды эркин өткөрүү жөнүндөгү” мыйзамдын 3-беренесинин 1-пунктун алып салууну жана Бишкек шаар мэриясынын ачык жыйындарды өткөрүү ордун аныктоо жөнүндөгү былтыр 27-июлда кабыл алынган токтомуна тыюу салууну сурап Конституциялык Сотко кайрылган болчу. Былтыр митингге катышты деп административдик жаза алып, аны Жогорку Сот күчүндө калтыргандан кийин укук коргоочу ушундай кадамга барган.

Конституциялык Сот Төлөкан Исмаилова талап кылгандай 1-пунктту эле эмес, мыйзамдын 3-беренесин толугу менен Конституциянын 18, 25-беренелерине каршы келет деп алып салды. Анын биринчи пунктунда иш-чараларды “жергиликтүү бийлик органдарынын чечимине ылайык чектелген аймакта” маалымдамасыз өткөрө алат деп жазылган. Экинчи пунктунда болсо жарандар ар кандай жыйындарды менчик (менчик ээсинин уруксаты менен) жайларда, жабык имараттарда, юридикалык тараптардын жана жеке адамдардын жер участкаларында өткөрө алары белгиленген.

Даттануучу тарап Консот жарандардын каалаган учурунда, каалаган жерде эркин жыйындарга чогулушуна жол ачты деп, чечимди толук кубаттады. “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борборунун юристи Абдыкерим Ашыров “Азаттыкка” буларды айтты:

- Конституциялык Соттун 2-марттагы чечими Конституцияга толук туура келет. Чечим Конституциянын 25-беренесиндеги жобону гана сактап калбастан, ал жарандардын тынчтык жыйынга укугун сактап калды.

Конституциялык Соттун мындай чечимин кубаттаарын баш кеңсеси Парижде жайгашкан Укук коргоочуларды коргоо Обсерваториясы, Адам укуктар боюнча эл аралык федерация жана Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюм да билдирди.

Жаңы токтом, жаңы чектөөлөр...

Конс
Буга чейин жарандардын үч учурда жыйындарды маалымдамасыз өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү бар эле. Эми азыр ошол үчөө тең жок болуп кетип атпайбы.
А. Абдырасулова
от чечим чыгаргандан эки күндөн кийин Бишкек шаар мэриясы жаңы токтом чыгарып, эркин жыйындарды өткөрүүчү жайларды кайра баштан аныктап, бул ирет алдын ала маалымдама берүүнү жарандарга милдеттендирип койду. Былтыркы 27-июлдагы токтомун Конституциянын чечимине таянып жокко чыгарды. Жаңы токтомго ылайык эми жарандар нааразылык акцияларын Л. Толстой, Ш. Термечиков, М. Алыбаев жана Репин көчөлөрү менен курчалган гүлбакта өткөрүүгө укуктуу жана анын алдында мыйзамдын 5-беренесине ылайык жергиликтүү бийликке алдын ала маалымдама беришет.

Жарандардын эркин жыйналуу укуктарына байланышкан бул эки чечим тең учурда укук коргоочулардын бир бөлүгүн тынчсыздандырып жатат. Алардын бир даары 3-берененин алынып салынышы буга чейин берилген анча-мынча укуктардан жарандардарды караманча куру жалак калтырды деп жатышат.

“Кылым шамы” укук борборунун башчысы Азиза Абдырасулова өз тынчсыздануусун минтип негиздеди:

- Буга чейин жарандардын үч учурда жыйындарды маалымдамасыз өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү бар эле. Биринчиси, бийлик атайын бөлүп берген жерлерде (Л. Толстой, Ш. Термечиков, М. Алыбаев жана Репин көчөлөрү менен курчалган гүлбакта), экинчиси, жабык жайларда, филармония, мейманкана сыяктуу, үчүнчүсү бирөөнүн менчик жеринде, менчик ээсинин макулдугу менен. Эми азыр ошол үчөө тең жок болуп кетип атпайбы. Маалымдамасыз эч нерсе өткөрбөй турган болуп калдык.

Мындай доомат “Жарандык коом коррупцияга каршы” уюмун ынандырган жери жок. Уюмдун юристи Абдыкерим Ашыров ишениминде мындай пикирлердин бардыгы мыйзамды туура эмес чечмелөөдөн келип чыгып жатат:

- Эң негизгиси тынч жыйындардын орду мыйзамда көрсөтүлүш керек же Конституциялык Соттун чечиминин негизинде чектелген жерлер коюлушу керек. Чектелген жерлер мыйзамдын 4-беренесинде жазылып турат. Башкача айтканда резиденциянын, аскер бөлүкчөлөрдүн, сот имараттарынын жанында, жарылуучу кампаларга жакын жерлерде болбойт. Калган жерлерде эч кандай чек жок. Конституциялык Сот ошон үчүн ушундай чечим алды да. Алдын ала билдирүү менен чексиз өткөрүлө берет.

Ашыров ошондой эле менчик жайларда өткөрүүгө бийлик тыюу сала албайт, ал менчик ээси менен макулдашуу аркылуу жыйындардын түрдүү формаларын пайдаланса болот дейт.
Бийлик баардыгына тыюу салуу үчүн өтө сабаттуу даярдык көргөн.
Д. Кабак

Митинг-пикеттерди тизгиндөөнүн сабаттуу ыкмасыбы?

Ал эми укук коргоочу Дмитрий Кабак акыркы чечимдерди бийликтин демонстрацияларды тизгиндөөнүн өтө сабаттуу ыкмасы катары баалоодо:

- Бийлик бардыгына тыюу салуу үчүн өтө сабаттуу даярдык көргөн. Алар укук коргоочунун датын пайдаланып туруп, тынч жыйындарга чогулууну жол берген бардык жоболорду алып салды.

Кабактын пикиринде, азыр Кыргызстанда тынч жыйындарга укуктар караманча корголбой калды. Конституциялык Соттун чечиминен кийин жергиликтүү бийликтин өз эрежесин таңуулап коюушу укуксуздуктун анык далили болуп турат. Бишкек шаар бийлигинин токтомун “Жарандык коом корруцпияга каршы” уюму да кескин кабыл алып, Конституциялык Соттун чечимине шаар бийлигинин баш ийбестиги деп эсептеди. Ашыровдун пикиринде, мындай мамилеге Башкы прокуратура баа бериши керек.

Мына ушундай жагдайга алып келген Конституциялык Сот менен Бишкек шаар бийлигинин жаңы чечимдеринин пайда-зыяны алигүнчө аныктала элек. Адистер сөз эркиндигине байланышкан бул талылуу маселенин айланасында баш оорутушуп, кандайдыр бир пикир айтуудан кетенчиктеп турушат.

2002-жылы кабыл алынган бул мыйзамдын демилгечиси депутат Искак Масалиевдин айтымында:

- Конституциялык Соттун чечими бизге расмий келгенде карап чыгабыз. Эгер мыйзамдын ушул беренеси жокко чыгарылып, мыйзамдын мазмуну өзгөрбөсө анда эч нерсенин кереги жок болот. Эгер кандайдыр бир башка беренеге таасир этсе анда сөзсүз өзгөртүү, толуктоо киргизиши мүмкүн.

Айрым байкоочулар ушул эле үчүнчү берененин ордуна жарандардын укуктарын мындан да тарыткан жоболору менен башка берене кирип калышын да жокко чыгарышкан жери жок.

Ал эми коомунист - депутат Масалиев болсо укук коргоочулар менен оппозиция өкүлдөрү демократияны өркүндөтөбүз деп, ашыкча аракеттенип жиберип, кайра эле ошол демократияга зыян келтирип алып жатышат дейт:

- Чечим кызыктай болуп калды. Мурда биз маалымдамасыз эле мэрия бекиткен жерде өткөрө бергиле дедик. Ал эми жанагы демилге менен сотко кайрылып, аны да жокко чыгарып таштады. Эми ойлоп көргүлө ким демократия үчүн күрөшүп атат.

Ошентип “Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди, демонстрацияларды эркин өткөрүү жөнүндөгү” мыйзам кайрадан талаш-тартыштын чордонуна айланууда. Мыйзам кабыл алынарда эле коомчулуктун, укук коргоочулардын алдыңкы катмарынын, эл аралык уюмдардын тынчын алып, алар адам укуктарына, сөз эркиндигине олуттуу залака келтирип калды деп кабатырланышкан.

Эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын сунуштарынын негизинде президент Курманбек Бакиев Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун жетектеген комиссия түзүп, жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгууну сунуштаган. Акыркы маалыматтарда укук коргоочулар менен расмий эксперттерден куралган топ иштеп чыккан мыйзам долбоору Венеция комиссиясынын колдоосуна татыганы кабарланган. Азыр эми бул мыйзам долбоору ара жолдо тургандыгын, ал качан кабыл алынары бейдарек экенин долбоорго катышкан укук коргоочулар белгилешүүдө. Бул биринчи кезекте акыйкатчынын мыйзамга расмий демилгечи боло албагандыгы менен түшүндүрүлүүдө. Укук коргоочулар ага жараша президенттин атынан мыйзам сунушталып калса долбоордогу демократияга ыктаган жоболордун сакталып каларынан күмөнсүнүп турушат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы

Ошол эле мезгилде “Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди, демонстрацияларды эркин өткөрүү жөнүндөгү” мыйзамды өркүндөтүү аракеттери улантылууда. Конституциялык Соттун кароосунда кезекте ушу тапта укук коргоочулар Нурбек Токтакунов менен Азиза Абдырасулованын кайрылуулары жатат. Алар 4-берененин жыйындарды кооптуу объектилерге 50 метрден жакын жерде, аскерий объектилерге 30 метрден жакын жерде өткөрүүгө тыюу салынат деген 1, 4-пункттарын, 5-берененин 12 күн мурда иш-чара тууралуу жергиликтүү бийликке маалымдайт деген биринчи абзацын жана иш-чара өткөрүүгө тыюу салуу тууралуу жергиликтүү бийликтин сотко кайрылуусу жөнүндөгү 9-беренени жокко чыгарууну талап кылып жатышат. Бул кайрылуу качан каралары белгисиз.

Анын үстүнө Бишкек шаарынын жаңы токтомун Конституциялык Сотко берүүнү каалаган тарап чыкса, Конституциялык Соттун 3-беренесин жокко чыгаруу чечимин ишке ашыруу жараяны да кармалышы ажеп эмес.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG