- Өткөн жума соңунда парламент отурумунда сиз Камбар-Ата ГЭСтерине акционердик коом түзүүгө карманча каршы чыктыңыз. Ошонун себептерине токтоло кетсеңиз?
- Айтканыңыз туура, өткөн аптада бизде Кыргызстанда Камбара-Ата акционердик коому жөнүндө өкмөттөн сунуш болгон. Бирок мен түшүнүп атам, АО Камбар-Ата-1 дегенди түшүнсө болот. себеби Камбар-Ата-1 ди куруш үчүн 2 млрд. доллардан көбүрөк акча керек. Бирок Камбар-Ата-2 ни түшүнбөдүм, себебеби 70 пайыз курулуш бүттү деп эсептесек болот.
Ильяс Давыдов өзү айтты, бизге 6 млрд. сом менен Камбар-Ата-2 бүтөт. Бирок бизге сунуш кылган акционердик коом түзөбүз дегенин мен да, элдер да түшүнбөйт. Себеби акционердик коом болгондон кийин Камбар-Ата-2 акционердик коом деген башка законго өтүп кетет.
Бул менин айтканым, эртең эле калган Камбар-Ата-2 ни биз куралбай атабыз, жеке инвестор келип 6 миллиарддын ордуна мен 20 миллиард бердим дейт, ошондо биздин үлүшүбүз 100 пайыздан 35-40 пайызга түшүп калат. Бул кайрадан башка колго өтүп кетиши мүмкүн биз акционердик коом кылгандан кийин.
Бул туура эмес. Себеби президент Курманбек Бакиев көп жолу айткан, биз Камбар-Ата ГЭС-2 ни өз күчүбүз менен куруп атабыз. Бул Кыргызстандын авторитети деп. Мына азыр гезиттерге чыгып атат, Кыргызстан акчасы жок кризиске учурап, Камбар-Ата-2 куралбай калды деп. Мен ойлоп атам чет мамлекеттерде дагы мындай маалымат бар деп.
- Мурат мырза, мунун артында демек менчиктештирип алууга кандайдыр бир кызыкдар күчтөр бар деп жыйынтык чыгарууга болобу?
- Ошондой деп ойлойм. Бирөөнүн кызыкчылыгы бар. Бирок бул законго азыр президент кол койбош керек. Биринчиден, парламентте болгону 25-30 адамга жетпеген депутат отурат, анан 48 добуш менен өттү.
Мен ошондо дагы айттым, азыркы өткөн законуңар легитимсиз. Себеби 25 адам муну колдобойт. Экинчиси, президент дагы муну түшүнсө демек бул законду өткөрбөш керек.
- Суу режими боюнча дагы мыйзам залакасын тийгизип атат дегендей айттыңыз. “Ак жол” фракциясы жокко чыгарды беле ал мыйзамды?
- Бул мыйзамды биз үчүнчү чакырылышта кабыл алганбыз. Бул закон маанисинде болгон. Себеби азыр бизде Нарын дарыясында 45ке жакын ГЭС курсак болот, биздин дарыянын ушундай потенциалы бар.
Бирок ошону биз өзүбүздүн акча менен куралбасак, ошону чет элдик инвесторго берүүгө мүмкүнчүлүк бар да. Бирок ошону суунун режимине кайсы айда, канча сууну өткөрүш бул Кыргызстандын колунда болуш керек эле. Биз ошон үчүн ошол законду жазганбыз суунун режими деп. Себеби Өзбекстан, Казакстан менен келишимди Кыргызстан түзөт да.
- Маегиңизге рахмат.