Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:31

Б. Жээнбеков: “Ачык саясат” коркутуп-үркүтүүгө моюн сунбайт


«Ачык саясат» гезити азыркы убакта убактылуу чыкпай турат. Редакциянын компьютерлерине уурулар кирип, андагы программалык жана башка маалыматтарды өчүрүп кетишкендиктен, гезит чыгаруу үзгүлтүккө учурады. Аталган басылманын башкы редактору Бабырбек Жээнбековдун айтымында, бул “Ачык саясаттын” популярдуулугун көрө албай, кыянаттык, кычаштык кылган адамдардын колунан келген карасанатайлык.

- Акыркы маалыматтарга караганда, “Ачык саясатта” иштеген бир журналист таяк жегендиги, эки журналист прокуратурадан оозеки эскертүү алгандыгы, өзүңүздү болсо белгисиз бирөөлөр опузалап кеткендиги тууралуу маалымат бар. Мындай жагдайлардын түзүлүшүнүн себебин сиз эмнеден көрүп атасыз азыр?

- Акыркы кездерде биздин “Ачык саясат” гезитине ар кандай күчтөр тарабынан болгон кысымдар коркутуулар, уруп-сабап кетүү сыяктуу ар кандай көрүнүштөрдүн күчөп бараткандыгы мени бүгүн өтө түйшөлтүп атат. Мунун себебин мен биринчи кезекте “Ачык саясат” гезитинин позициясынан көрүп атам.

Анткени биз мүмкүн болушунча окурмандарга биздин Кыргызстанда болуп аткан ар кандай көрүнүштөрдү, анын ичинен негативдүү, бийлик тарабынан жасалып аткан ар кандай чектен чыккан көрүнүштөрдү түз, чын жеткирип берүүгө аракет кылгандыгыбыз менен байланыштырам.

Бүгүнкү бийлик өзүнүн жасап аткан иштеринин элге ашкере болушун каалабай атат. Ошондуктан алар колунан келген айла-амалдарды колдонуп, журналисттерди коркутууга, уруп-сабап кетүүгө жана дагы ар кандай ыплас жолдорго барып жаткандыгына биз өзүбүз күбө болуп атабыз.

Азыр сиздер айтып кеткендей, менин орун басарым Абдувахап Мониевди сабап кеткен окуя менен катар бизге прокуратура тарабынан тынбай жөнсүз эскертүүлөр болуп келатканын баса белгилеп айтып коюшум керек.

Андан башка, мен буга чейин айткан жок элем, жалпыга маалымадоо каражаттарына кандайдыр бир жолдор менен чыгып кетти, менин кабинетиме келип коркутуп кетүү сыяктуу окуялар биздин бүгүнкү күндө басма сөз эркиндиги, адам укугу жөнүндө түшүнүктөргө бийликтин кандай мамиле жасап жаткандыгын эң бир жакшы далилдеп жатат деп ойлойм.

- Азыр президенттик шайлоонун алдында сиздердин гезиттин жагдайы кандай, ал гезит ырааты менен чыгып жатабы?

- “Ачык саясат” гезити бүгүнкү күндө чыкпай калды. Эмне себептен чыкпай калгандыгын мен кыскача айтып берейин. Бул жерде адам укугу, сөз эркиндиги теманы козгоордон мурда ар бир ошого тиешелүү түшүнүктөргө байланыштуу күчтөр болобу, жеке адамдар болобу, өзүбүздүн жоопкерчилигибизди кошо ала жүрсөк жакшы болмок.

Мына бир топтон бери “Ачык саясат” гезитине бийликтин кандай мамиле жасап атканы баарыбызга белгилүү. Тилекке каршы, өзүбүздүн эле тилектеш, санаалаш адамдардын арасында дагы “Ачык саясат” гезитинин популярдуу болуп кетишин каалабаган адамдар чыгып атат.

Ошолордун айрым карасанатай иш-аракеттеринин негизинде биздин гезиттин компьютердик цехине кирип, анда болгон маалыматтардын баарын өчүрүп кетишти. Бул түн ичинде болгон окуя, биз мурда күндөн баштап гезитти чыгарууга мүмкүнчүлүгүбүз болбой калды. Бул маселе азыр аныкталып атат. Ошондуктан мен кимдер экендигин, кандайча жасалгандыгын айтпай эле коелу, бирок убагы келгенде бул маселе ачыкка чыгат.

- Гезит чыгаруу процесси качан жанданат кайра?

- Биздин окурмандарыбыды ишендирип коеюн, бир-эки күндүк гана иш калды, биз азыр ошонун үстүндө күндөп-түндөп иштеп атабыз.

XS
SM
MD
LG