Бүгүн тарых музейинде майрамдык салтанат уюштурулду. Анда музейдин кызматкерлери бирин-бири куттуктап, конокторун тосуп алуу менен алек болушту. Музейде бүгүн кирип чыккан киши көп болгону менен, башка күндөрү көпчүлүк учурда тынчтык өкүм сүрүп турат. Анткени азыр музейге барам дегендер өтө эле аз. Музей кызматкерлери үчүн чынында бул өкүнүчтүү нерсе. Алардын өздөрүнүн айтымында, мунун баары акчанын аздыгына байланыштуу болуп жатат.
Ошол эле учурда музейдин директору Жеңиш Чыныбаевдин айтымында, бул жерде көрө турган кызыктуу экспонаттар көп. Кеминде эле 100 миңдей уникалдуу экспонат бар. Бирок алардын 2-3 миңдейи гана экспозицияга коюлган. Калганын көрсөтүү үчүн тематикалык же көчмө көргөзмөлөрдү уюштуруу керек. Бирок бул дагы каражат маселесине келгенде ишке ашпай калып жатат.
- Азыр бир эле чакан көргөзмө уюштуруу үчүн 50-60 миң сом керек. Аларды мектепке алпаруу дагы акча. Мунун баары бизге машакаттарды жаратууда. Бирок көргөзмө уюштурулса, абдан жеткиликтүү болмок.
Мындай абалдан чыгуу үчүн музей быйыл реконструкцияланганы турат. Өкмөттүн токтому менен бир жолку каражат бөлүнүп, үч кабат орунду уникалдуу тарыхый эстеликтерге толтуруу демилгеси көтөрүлүп жатат. Бул идея ишке ашса, 2010-жылы көрүүчүлөр жаңы экспозициялардын күбөсү болуп калышы ыктымал:
- 4-этаждагы Ленин темасын азайтып, 2-3-5-этажды кыргыз тарыхын толук чагылдырган экспонаттарга берели деп жатабыз. Буга таш доорунан баштап, тарыхтын бардык этаптары кирет. Балдар окуудан алган теориялык билимин бул жерге келип көзү менен көрсө кандай жакшы болоор эле.
Учурда музейде экспонаттардын тарыхын көрүүчүлөргө жеткире турган жаш кадрлардын жоктугу өзүнчө проблема. Музейдин чакан жамаатынын көпчүлүгү - улгайган муундун өкүлдөрү. 40 жылдык өмүрүн музейге арнаган Нурсина эженинин айтымында бул жерде иштегендер жумуштунун фанаты болуп калгандыктан, аз айлыкка карабай иштеп келишет:
- Баары эле “Акчага карап кетип калайын эле дейм, бирок кайра эле келгим келе берет” дешет. Музейдин бизди өзүнө тарткан бир касиети бар да. Бул адамдын ички сезимине жараша болуш керек.
Бул жерде жаңы жумушка орношкон Жылдызай музейде иштеп, көп акча табам деп деле ойлобойт. Ал үчүн музейдеги иш хобби сыяктуу. Ал музейдеги илимдин аркасынан келген үч кыздын бири:
- Мени үй бүлөм багат. Ошол үчүн айлыкка караган жокмун. Эгер алар болбосо, мен бул жакта иштемек эмесмин. Илим жаатында күчүмдү сынаш үчүн айлыкка карабай илимдин ачыла турган жерин, булагын тандап алдым.
Кыргызстанда азыр 44 мамлекеттик музей бар. Алардын ичинен тарых музейине акыркы 24 жылдан бери эми гана ремонт иштерине быйыл 39 миллион сом каражат бөлүнүп жатат.
Ал эми Кыргызстан бүгүн Эларалык музей күнүндө көрүүчүлөр үчүн эшигин ачкан жок. Бул күндү музейдин кызматкерлери гана өз алдынча белгилешти. Эгер бул учурда биз мисалы, Болгарияда болуп калсак, анда ал жерден музейге айланган шаар жана айылдардагы түркүн кызыкдарга күбө болмокпуз. Анткени азыр дүйнөнүн 150 мамлекетинде музей күнү кеңири белгиленип, күндүзү да, түнкүсүн да музейлер көрүүчүлөр үчүн акысыз иштеп жатат.