Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Өлкө коопсуздугу жана келечек


“Азаттык” үналгысынын «Ыңгайсыз суроолор» сыналгы берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы 7-апрелдеги окуялардан кийин абалды турукташтыруу маселесине арналды.

Талкууга катышкандар:


Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаров





Мурдагы ички иштер министри, милициянын генералы Өмүрбек Субаналиев






Өлкө коопсуздугу жана келечек. 1-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00


“Азаттык”:
Азимбек мырза, 7-8-апрель күндөрү талап-тоноочулук болду. Мурдагы бийликтин өкүлдөрү башка мамлекеттерге качып кетишти. Азыр деле ушундай көрүнүштөр, мисалы, жерди тартып алуу, басып алуулар токтобой жатат. Ушундай кырдаалды тез арада жөнгө салууга Убактылуу өкмөткө эмне тоскоолдук болду?

Азимбек Бекназаров: Убактылуу өкмөт тез эле буларды жөнгө салып коет дегенге реалдуу карашыбыз керек. Убактылуу өкмөт кандай кырдаалда бийликке келди? Убактылуу өкмөт колунан келген аракеттерди жасап атат. Мен ойлойм, Убактылуу өкмөт ушундай оор кырдаалдан кийин бийликке келип, колунан келген аракеттердин бардыгын жасады.

Негизинен айтканда, бүгүн анча-мынча кыйын маселелерди айтпаганда, жер басып алуу, же айрым топтордун кимдир бирөөнү жактап, коргоп чыккан акцияларынан башка жөнгө салынды деп айтсам жаңылышпайм. Ушуга окшогон күйүп аткан маселелерди жөнгө салуу үчүн атайын комиссия түзүлдү, башында Алмаз Атамбаев турат.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, убактылуу өкмөт ушул кырдаалды жөнгө салууда, анан өлкө коопсуздугун камсыз кылууда кандай каталарды кетирди деген ойдосуз?

Өмүрбек Субаналиев: Биринчиден, Азимбек мырзанын айтканына мен кошулбайм. Анткени бүгүнкү күндө кырдаал күндөн-күнгө начарлап баратат десем болот. Анализден деле байкаса болот. Бүгүн элдин бардыгы революция жолу мененби, же мыйзамдуулук менен баратканыбызды түшүнбөй атат. Биз бүгүн 21-кылымда жашап аткандан кийин мыйзамдын үстөмдүгү менен жашасак ошол эле Азимбек мырзаларга жеңил болмок. Бүгүнкү күндө мыйзамдуулук жок.

“Азаттык”: Мыйзамдуу кандай жолго түшүш керек эле?

Өмүрбек Субаналиев: Булар легитимдүү бийлик болуш керек болчу. Беш айдан кийин жаңы өкмөт келип калышы ыктымал. Жаңы президент келип калса анда булар жасап аткан иштердин баары эмне болот?

“Азаттык”: Бирок Убактылуу өкмөт алты айдан кийин азыркы кырдаалды жөндөштүрүп, мыйзамдаштырып, анан өткөрүп беребиз деп айтпадыбы.

Өмүрбек Субаналиев: Алты айдан кийин шайлоодон кийин жаңы өкмөт келет, жаңы парламент келсе булардын иштегендеринин баарын кайра нөлдөн башташ керек болуп калат. Ошол чатак болуп атпайбы.

“Азаттык”: Азимбек мырза, бул чатакты пайда кылабы?
Бакиевди алып келебиз дегендердин бардыгы бүгүнкү күндө аткарылбайт. Анткени бүгүнкү Убактылуу өкмөттү расмий түрдө тааныган мамлекет жок.


Азимбек Бекназаров: Укуктук жолго түшөлү деп 2005-жылы март революциядан кийин Бакиевдин бийлигинин кетирген катасы ушул болгон. Ошондо да Кулов, Жумагулов, Баековага окшогондор, менин иним Өмүрбек айтып аткандай “укуктук жолго салабыз” деп арты эмне менен бүттү?

Революция болгондон кийин революциялык жол менен гана кетет, декрет менен жашайбыз. Анткени өзүбүз бул бийликти укуктук жол менен кетирдикпи? Жок, революциялык жол менен кетирдик. Анан кийин кайра өзүбүз бийликке келгенден кийин эле “жок, укуктуу жол менен кетебиз” деген бул - абсурд. Ошондуктан биз туура жолдобуз деп эсептейм. Биз ошондуктан Убактылуу өкмөтпүз.

Бирден-бир биздин негизги максатыбыз - жакшынакай Кыргызстандан кайда барабыз, кайсы жол менен кетебиз, ошол жолду аныктап, таза шайлоо өткөрүп берип, кийинки таза шайлоодо утуп келгендерге бийликти өткөрүп берип кетебиз.

“Азаттык”: Бирок К.Бакиев баштаган төбөлдөрдүн кармалбай, жазага тартылбай жатканы элдин нааразылыгын пайда кылып жатат. Эмне үчүн ушуга жол берилип кетти? Азыр биздин көрөрманыбыз Арстанбек Айтикеев деген жигит ушул боюнча сизге суроо жолдоду:

Арстанбек Айтикеев: «Кыргызстан баатырлары» кыймылынан 18 бала Болот Шерниязовдун опер тобу менен Жалал-Абадга чейин барып келдик. Жалал-Абаддын карапайым эли “жогору жактагылар Бакиев менен келишим түзүп, Ак үйдөн да, бул жактан да сыртка чыгарып жиберишкен” деп айтып атат. Булар ортодон 2 миллион доллар жеген деген имиш бар.

“Азаттык”: Азимбек мырза, ушул жигиттин суроосуна менде да кошумча бир суроо бар. Мисалы, Данияр Үсөнов өзүнүн кызматынан баш тарткандан кийин аны менен соода жүрүп, бир жарым миллион доллардан 4 миллионго чейин алынган, ошон үчүн ал башка өлкөгө чыгып кеткен деген маалыматтар бар. Ушунун чындыгы барбы?
Айдардын объектилерин Максим тартып алган. Адил Тойгонбаев, Акаев да бир топ маалыматтарды бизге берип атат.


Азимбек Бекназаров: Жарымы ушак, жарымы чын десек болот. Кыргызстан бүгүн ушак менен жашап калдабыды. Эмне үчүн ушак чыгып атат? Ушак чыкканга Бакиевдерди, анын “куйруктарын” кармабагандык түрткү болуп атат. Эл ачык, эмне үчүн чыгып кетти дегенге жооп алалбай жатат. Чындыгында Бакиевдер кандай болуп чыгып кеткенин билесиңер, бул жерде жеке чечимди азыркы төрайым алган. Убактылуу өкмөт Бакиевди алып чыгып кетүүгө уруксат берген эмеспиз. Андай Убактылуу өкмөттүн чечими жок.

Роза айым “бул чечимди жеке өзүм кабыл алдым, туурабы, туура эмеспи - мезгил, тарых өзү таразалап алат” деп, саясий жоопкерчиликти өзүнө алды. Кармалбай калганынын көп себептери бар. Биринчиден, Убактылуу өкмөт экинчи кан төгүүгө жол бербейли дедик. Эмне үчүн? Жалал-Абадда Жаныш Бакиевдин, Курманбек Бакиевдин айланасында жок эле дегенде 200 куралчан киши бар эле. Андан башка менде видео бар, жаш балдарды, аялдарды, аксакалдарды калканч кылып күнү-түнү коюп койгон. Ал жерге күч колдонууга мүмкүн эмес эле.

Экинчиден, күч колдонуп кармоо Убактылуу өкмөткө таптакыр аброй алып келбейт эле, андай күч да жок болчу. Себеби Жалал-Абад – түштүктө. Ушул жакта иштеп аткан атайын бөлүмдөрдүн бардыгы Жаныш Бакиевдин адамдары болгон. Азыр деле ошолордун жарымы иштеп атат. Ошондуктан биз тийиштүү адамдарды кызматынан кетирдик, айрымдарын жоопко тартканы жатабыз. Мен бүгүн тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн аттарын атабай эле турам.

М.Суталиновдун, Д.Үсөновдун чек арадан кантип чыгып кеткендери, Жаныштын бир күндөн кийин колго түшүп берем деп, анан качып кеткени боюнча фактылар бар. Текшерилип жатат. Бирок анын бардыгын тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азыр тарс этип жарыялап койгон болбойт.

Азыр “акча алды” деп айта берсе да жарашат. Анткени факты - Бакиевдердин бири да кармалган жок. Ошон үчүн карапайым эл ар кандай шектенип айта берет. Бирок таптакыр эле кармалбай, иш жүргүзүлбөй калды дегенден алысмын. Себеби 7-апрелде Ак үйдө отурган 11 кишинин бүгүн жетөө сурак берди. Жетөөнүн үчөө камакта, экөө үй камагында отурат.

Элдин ишеними чексиз эмес

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, сиз милициянын генералысыз. Сиз жогоруда кырдаалды жөнгө салууда өкмөт кандайдыр бир мыйзамдык жолго түшпөй чабалдыгын көрсөтүп жатканын айттыңыз. Эмне үчүн сиз элдик кошуун түзүп, генералдык милдетиңизди аткарып, 7-8-апрелден кийин кырдаалды жөнгө салууга киришкен жоксуз? Же сизге андай милдетти аткарууга Ички иштер министрлигин сунуш кылгандан кийин гана барат белеңиз?
Бириккен фронттун митингинен кийин Кулов менен үч жылдан бери сүйлөшө элекмин. Бул биздин иш.


Өмүрбек Субаналиев: Жок, биз мурун кызматта иштеп, пенсияга чыккан балдар боюнча өзүбүзчө иштедик. Мен ички иштер министринин биринчи орун басарына чалып, кандай жардам керектигин сурап, УВДга чалып жардам бердик. Анда деле кеп жок.

Экинчиден, биз мурун министр болуп жүргөн кызматчы адамбыз. Биз эч качан министрликти сурап бирөөгө кайрылган эмеспиз. Биз иштеп атабыз.

“Азаттык”: Балким кызматка баргандан кийин катуу киришет белеңиз деген ой кетип атат?

Өлкө коопсуздугу жана келечек. 2-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00


Өмүрбек Субаналиев: Жок, булар өздөрү мойнуна жүктү алгандан кийин аягына чейин чыгыш керек. Курманбек Салиевич кеткенден кийин ошол эле күнү Жаныш Бакиев да калгандары менен сыртка чыгып кеткен. Аны Убактылуу өкмөт билбесе, калган элдин баары, жалалабаддыктардын баары билет. Анан Шерниязов Жалал-Абадга тик учак, спецназ менен келип шоу программа уюштурду. Ошондо эле баары Жаныш Бакиев жана калгандары жок экенин билген. Мунун бардыгы көз боемочулук. Элде ишенбөөчүлүк ошондон башталып атат. К.Бакиев “мен Жалал-Абаддан эч жакка чыкпайм, Убактылуу өкмөт менен иштешем” деген эле, макул болуп, тегерегине блокпостторду коюп, эч жакка чыгарбаш керек болчу.

Жаныш Бакиев
Азимбек Бекназаров:
Бакиевдерди кармоо Убактылуу өкмөттүн иши эмес, бул жалпы элдик иш. Анткени Бакиевдер жалпы элдин душманы болду. Жаныштын кетип атканын билесеңиз, мүмкүн силер доссуңар, байланышыңар бар, эмне үчүн анда силер күч органдарга билдирген жоксуңар? Эмне үчүн кармап калганга аракет кылган жоксуңар?

Өмүрбек Субаналиев: Биз сыналгыдан көрүп аттык.

Азимбек Бекназаров: Силер билем дебедиңерби.

Өмүрбек Субаналиев: Жок, биз эртеси күнү сураштырсак булардын бардыгы кечээ эле кетип калган деп айтып атпайбы.

Азимбек Бекназаров: Мисалы, биз, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, билбей калдык.

Өмүрбек Субаналиев: Силер калп эле билбей атсаңар, силердин колуңардан келбесе, элдин башын оорутпай “колубуздан келбейт” деп айтыш керек. Кое бербей эле, кетпейм деген кишини кетирбеш керек эле.

“Азаттык”: Азимбек мырза айткандай, сиз милициянын генералы катары эмне үчүн өзүнчө элдик кошуун түзүп, буларды кармаганга жардам берген жоксуз?

Өмүрбек Субаналиев: Булар өздөрү “биз өзүбүз иштейбиз, кармайбыз” деп айтып атышса, үч партия монополия кылып, “эч кимиңер жолобогула” деп атса, биз чыгып алсак “мына, ушунун бардыгын Субаналиев уюштуруп атат” дешет. Азыр да кошуун түзсөк булар “бизге жолтоо болуп атат” деп айтат.

Азимбек Бекназаров: Азыр көрүүчүлөрдүн көзүнчө айтам, чыныгы генерал болсоң кошуун түз, мен сага каалаган укук берейин, Бакиевдерди кармаганга активдүү жардам бер.

Өмүрбек Субаналиев: Кошуун деген эмне?

Азимбек Бекназаров: Кошуун деп бир топ адамдар иштейт. Сатыбалдиевди да ошолор барып алып келди. Жардам берип атат.

Өмүрбек Субаналиев: Кошуун деген бул - дружинник. Бандиттерди, башкаларды спецназ кармайт, кылмыш чөйрөсү менен оперлер иштейт. Азыр 2 миңден ашык курал жарак колдо жүрөт, атып салса эмне болот? Ким жооп берет?

Азимбек Бекназаров: Иштегиңер келбесе, жардам бергиңер келбесе, ошентип сындап, саясат кылып жүрө бергиле. Иштешем деген адамдар иштешип атат.

Өмүрбек Субаналиев: Силер оппозицияда жүргөндө деле сындап жүрбөдүңөр беле.

3 жыл мурда, апрелде, аянтта...

“Азаттык”: Азимбек мырза, өкмөт Жаныш Бакиев баштаган мурдагы бийлик төбөлдөрүн кармоого 20 миңден 100 миң долларга чейинки сыйлык берип, маалыматы бар адамдарды кызыктырып жатат. Аларды дароо кармаган жоксуңар, анын себептерин түшүндүрүп жатасыздар. Бирок өзү сурак берүүгө келген президенттин аппарат жетекчиси Каныбек Жороевди эмне үчүн камап койдуңуздар? Азыр ушул маселе да көпчүлүктүн, мисалы, Баткен облусунун тургундарынын нааразылыгын пайда кылып жатат. Кечээ күнү эле Жогорку Кеңештин алдына пикетке чыккан адамдардын бири ушул боюнча суроо берди эле.
Чындыгында Бакиевдер кандай болуп чыгып кеткенин билесиңер, бул жерде жеке чечимди азыркы төрайым алган.


Азимбек Бекназаров: Күнөөсү жок, ак деп айтканга мен кошулалбайм. Күнөөм бар деп өзү келди. Эмне үчүн Жороев баш коргоо чарасы камакка алуу болду?Муну сот чечип атат, прокуратура чечпейт. Биз бардыгын сотко берип атабыз. Мен Жороевдин туугандарына айтат элем, экинчи сот бар, кайрылсын, сот карап көрөт, муну сот чечет.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, эсиңизде болсо керек, 2007-жылы 19-апрелде Феликс Кулов менен Элдик фронт түзүп, калкты аянтка алып чыккан элеңиздер. Анда аянтка чыккан элдерди милиция желим октор менен атып, газ чачып, иттер менен кубалап таратпады беле. Мына ошого байланыштуу биздин интернет сайтка пикирин билдирген адамдар бар экен. Өзүн Баратбай деп тааныштырган окурман “Субаналиев мурунку апрелдеги митингди Садыркулов менен сүйлөшүп, Эшимканов аркылуу оппозицияны өлтүрүү үчүн жасаган деген кеп бар. Бакиев оппозицияны анда талкалады. Бир тобуна иш ачып, бир тобун качырды. Анан ал митингдеги Кулов, Субаналиев, Эшимкановдор чоң-чоң кызматка кетишти. Демек бул үчөө Бакиевге чоң кызмат өтөп берди” деп жазат. Ушундай эле суроосун Ашырбек Болотов да жолдоду.

Ашырбек Болотов:
2007-жылы элди митингге чакырып, андан кийин бул митинг соодалашкан митинг болуп калганын эл билип тарай турган болгондо, лидерлерин Субаналиев өзү кеңсеге чакырып, бул жакта болсо лидерлери жок калган элди аттырышкан, кубалатышкан. Ушуну уюштурганга сенин канчалык үлүшүң бар?

Өмүрбек Субаналиев: Негизинен Бириккен фронт Бакиев менен тандем бузулгандан кийин митингге чыгып, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болсун деп талап кылганбыз. Чолпон Жакупова, Жылдыз Муслимова, Асия Сасыкбаева ошол митинг менен телерадиокомпанияга келебиз деп жылышкан. Ошондо Ак үйдүн алдына туруп калган. Биз келип, чагым болбосун деп элдин баарын алып кеткенбиз. Анан кайра кайрылып келгенде желим ок менен атып, ит менен талатылып кеткенден кийин мени камакка алышты. Ошол эле Элмурза мага эки айга санкция берди.

“Азаттык”: Демек бул митингди таратууда эч кандай соодалашуу жүргөн эмес, эч кандай күнөөңүз жокпу?

Өмүрбек Субаналиев: Мени, Абдрахманов, Айтикеев үчөөбүздү камап атса, биз кайдан жең ичинен сүйлөшмөк элек? Уюштуруучу деп мен кол койгом. Мага ошонун бардыгына күнөө коюшту. Анан кийин келтирилген зыянды менин мойнума илишти. Кылмыш ишти козгоп бүткөндөн кийин жумушка чыктык, Нарын облусуна барып, эки жыл губернатор болуп эл үчүн иштедим. Бирөө үчүн иштептирбизби, эл үчүн иштедик, аны эч жашырбайм.
Иштегиңер келбесе, жардам бергиңер келбесе, ошентип сындап, саясат кылып жүрө бергиле.


Азимбек Бекназаров: Мен суроо берген кишини колдойм. Ал убакта митинг чындыгында эле соодалашуу болду. “Мен премьер болдум, түшүп калдым, эми кайра ордума болушум керек” деп жанагыдай калп эле жаңы президенттик шайлоо деген талап болгон.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, Ф.Кулов парламенттик, же президенттик шайлоолорго даярдык көрө баштады деген маалыматтар бар. Азыр мамилеңиз кандай? Президенттик, парламенттик шайлоого катышса, аны менен бирге аттанасызбы?

Өмүрбек Субаналиев: Мен ачык эле айтып коеюн, Бириккен фронттун митингинен кийин Кулов менен үч жылдан бери сүйлөшө элекмин. Бул биздин иш. Кандай багытта кетип баратат - чын эле билбейм.

Элдикин – элге...би?

“Азаттык”: Азимбек мырза, сиз 2005-жылы март ыңкылабынан кийин Акаевдер басып алган элдин байлыгын элге кайтарабыз деп убада бергенсиз. Менин билишимче 150дөн ашык ишканлардын, жайлардын тизмесин түзгөнсүз. Алардын көпчүлүгү кайтарылып келбей калды, ал тарыхта да белгилүү. Азыр да Бакиевдер басып алган байлыктарды элге таратабыз деп убада берип жатасыздар. Ушул күнгө канча байлык келди, канча көлөмдө жана аларга азыр кимдер ээлик кылып жатат?

Азимбек Бекназаров: Мисалы, «Кристалл», АО «Таш-Көмүр», «Мегаком», БНК кайтарылды, КСШК 13 жарым пайызын өткөрүп берди, Шампанкомбинаттын үстүнөн азыр иштеп атат, жакында даярдалып атат. Жалпы айтканда, ондон ашык объект бүгүн кайтарылды.

Азыр сыртынан башкарууну киргизип атышат, бүгүн-эртең өкмөт дайындайт. Арак заводу толугу менен кайтарылды. Андан тышкары ошол эле Айдардын объектилерин Максим тартып алган да. Ушул боюнча азыр такталып атат. Адил Тойгонбаев, Акаев да бир топ маалыматтарды бизге берип атат. Мен ойлойм, ошол 2005-жылы аягына чыгалбай калгандарды, кудай кааласа, июнь айынын башында биз элге отчет берип калабыз.

“Азаттык”:
Бир нерсени тактап коюш керек болуп атат, сиз өз ээлерине деп атасыз, 2005-жылга чейин көп ишканаларды Айдар Акаев алган эле, андан Максим алган эле, азыр кимге кайтарылат?

Азимбек Бекназаров: Айдар Акаев мамлекеттикин алган, ошентип биз түбүнө келип мамлекетке, элге кайтарып атабыз. Мына азыр башкы прокурордун милдетин аткаруучу өзү баш болуп көлдүн айланасында жүрүп атат, бир жыл иштеп келишет. Көлдүн айланасындагы ар бир пансионат боюнча жыйынтыгын алып келет. Бирок «Кумтөр», «Кыргызалтын» сыяктуу чоң-чоң, 90-жылдан аягында болгон иштерди өзүңөр көрдүңөр,

Башкы прокуратура өрттөлүп кетти да, көп кылмыш иштери бизде жок болуп калды, буларды кайтарыш абдан кыйын болуп атат. Ал эми Айдардан Максим тартып алган, же башка бирөөлөр тартып алган объектилерди мамлекетке кайра кайтарып өткөрүп берип атабыз.

Өлкө коопсуздугу жана келечек. 3-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:58 0:00


“Азаттык”: Азимбек мырза, сиз К.Бакиевди Белоруссиядан алып келүү аракети көрүлүп жатат деп маалымат бербедиңиз беле. Азыркы күнгө кандай аракеттер жүрүп жатат?

Азимбек Бекназаров: Төрайым декретке анын кол тийбестигин, иммунитеттин алуу боюнча кол койду. Алтысында К.Бакиевге соттон санкция алабыз да, Кишинев-Минск конвенциянын негизинде Белоруссияга сөзсүз жөнөтөбүз.

“Азаттык”: Акаевдин үй-бүлө мүчөлөрү да Кыргызстанга кайтабыз деген ниетин билдирип жатышат. Эгер Акаев кайта турган болсо ал да жаза алабы?

Азимбек Бекназаров: Ал боюнча мен оюмду айттым. Акаевдин да экс-президент деген макамы бар, кол тийбестиги алынган жок. Мен атүгүл “кел, Бакиевди кошо ала кел, биз силерге кепилдик берели, акыйкат, таза тергөө жүргүзүп бергенге” деп чакырбадымбы. Бир топ суроолор бар, ошолорго жооп берсин. Акаевге да Бакиев сыяктуу эле көп суроолор бар. Ошондуктан алар келиш керек, эртеби-кечпи өз ыктыяры менен кетирген кемчиликтерине эл алдында сөзсүз жооп бериш керек.

Кадр саясаты кимдин максатын көздөйт?

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, убактылуу өкмөт азыр ишке киришип, бир топ кызмат орундарына жаңы адамдарды дайындады, кадрдык саясат кандай жүрүп жатат деген ойдосуз?
Шерниязов Жалал-Абадга тик учак, спецназ менен келип шоу программа уюштурду. Ошондо эле баары Жаныш Бакиев жана калгандары жок экенин билген.


Өмүрбек Субаналиев: Биринчиден, мен кошумчалап коеюн, Минск конвенция боюнча мамлекеттин атынан катты жөнөтүш керек. Бүгүнкү күндө Убактылуу өкмөттүн кагазына эч ким экстрадиция кылбайт да, аны карабайт. Бул деген эл аралык нормада чечилчү нерсе.

Азимбек Бекназаров: Бүгүнкү күндө Убактылуу өкмөт менен башка мамлекеттер бул эле мамиледе эмес, башка мамиледе да иш алакасын жүргүзүп атпайбы, кредитин берип атат, башка бардык мурдагы келишимдер күчүндө калып атат, ушуну тааныйбыз деп жарыялап атат. Ошол Минск конвенциянын мүчөлөрү да ошол келишимди тааный турганын айтышты.

Өмүрбек Субаналиев: Бир эле мисал, Атамбаев Москвага барып келип, “бажы тарифтердин баарын өзгөрттүк, бензиндин бардыгы келет” деди эле, дыйкандар бензин албай бүгүнкү күндө, талаа жумуштары токтоп калды. Бакиевди алып келебиз дегендердин бардыгы бүгүнкү күндө аткарылбайт. Анткени бүгүнкү Убактылуу өкмөттү расмий түрдө тааныган мамлекет жок. Ачыгын айтыш керек.

Азимбек Бекназаров: Эл аралык келишимдер боюнча мурдагыдай эле ар бир мамлекеттин элчилери келип ошол боюнча макулдашып кетишти. Эл аралык келишимдер мурдагыдай күчүндө иштей берет. Минск конвенция боюнча башкы прокурор жазат.

Өмүрбек Субаналиев: Кадр маселесин, жанагы коюп аткандарын көрүп чын эле күлкүң келет. Бир күндө жүздөн ашык дайындоолор болот. Эми революция десе эле ал жол менен бара берген болбойт да. Алар деле биздин атуулдар. Айыл өкмөткө чейин бардыгын коюп алып эмне кереги бар? Бул бүгүнкү күндө жөн эле саясат. Булар шайлоого эле даярданып атат, болгону эле ошо.

“Азаттык”: Сиздин бере турган сунуш кандай?

Өмүрбек Субаналиев: Булардын поезди кетти, иштеше албай калды. Бүгүнкү күндө саясат менен алектенгенден кийин чын эле саясатка кетиш керек. Роза Отунбаеваны калтырыш керек, Азимбек шайлоо-пайлоого барбайм десе ал калсын. Калгандары Текебаев, Атамбаев, Сариевдердин бардыгы өзүнүн саясий жумуштарын аткарсын. Кадрыбыз көп деп айтып атпайбы, ошолорду алып келип шайлоого чейин жакшы иш алып барсын.

Азимбек Бекназаров: Айтып коеюн, биз дайындаган кадрлардын саны жүзгө жетелек, көп болсо элүүгө жеткендир.

Өмүрбек Субаналиев: Министрликтерди да карагыла, ошол эле Энергетика министрлигин алсаңар.

"Азаттык": Кадрдык дайындоолор боюнча Урмат Акунов берген суроо бар. Себеби жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын башчылыгына мурда 2006-07-жылдарда апрель митинги болуп аткан кезде Нарын ички иштер башчысын башкарып турган адамды коюп койду. Анда А.Бекназаровдун өң-тааныштыгы бар болуш керек деген пикирин билдирди.

Урмат Акунов: 2007-жылы 14-апрелде атам Бектемир Акунов өлгөндө Таалай Нуралиев Нарында ГОВДнын башчысы эле, бүгүнкү күндө Убактылуу өкмөт ошону ГУНге министр кылып дайындап коюшту. Азыркы маалда үзөңгүлөш саясатчы агаларыма таң калам.

Азимбек Бекназаров: Урматтын арызы менин колумда. Бул Нургалиевди эч ким дайындаган жок. Жогорку кызматтагылар кеткенде орун басар экен, автоматтык түрдө ага өткөн. Азыр Нургалиевдин маселеси боюнча прокуратура иш козгоп, аны тергеп атат.

"Азаттык": Өмүрбек мырза, сиз «Азаттыкка» берген маегиңизде Кыргызстандын келечеги үчүн кыргыз элинин атактуу, баштуу адамдарын чогултуш керек, ошолордун акылын угуш керек деп сунуш киргиздиңиз. Эмне үчүн сиз генерал катары ошолордун башын кошуп, азыркы Убактылуу өкмөткө жардам бербей жатасыз?

Өмүрбек Субаналиев: Ишеним жок болсо кайдагы сөз болмок эле. Мен ишенбейм. Анткени Алмаз Атамбаев экөөбүз жетисинде сүйлөшсөк, бул башкача айтып атпайбы, Өмүрбек жумуш сурап келген деп. Министрдин орун басарлыгын берем деп калп айтып атат. Негизи ушундай оор убакта элдин башын кошуп, Убактылуу өкмөт дейбизби, кандай дейбиз, алардын баары бир пикирге келиш керек да.

"Азаттык": 7-8-апрель күндөрү өкмөт үйүнөн табылган акчалар боюнча элдин арасында ар кандай имиш сөздөр айтылып жатат. Ушундай суроосун сизге өкмөт үйүн кайтарган Революциялык комитеттин төрагасы Жыргалбек Саалаев берди эле.

Жыргалбек Саалаев: 16 млн. сом табылды дейт. Ошонун 11 миллиону сом, калганы ар кандай валюта менен. Ошол жерден Улуттук банкка өткөрүлүп берилген комиссия менен. Элге болсо 11 млн. эле табылды деп берилген. Буга кандай жооп бересиз? Экинчиси болсо ошол эле өткөргөн Улуттук банкка 16 миллиондун 10 миллионун сиз эртеси эле барып алып кеткен экенсиз. Ал кайда экени боюнча жооп берсеңиз?

Азимбек Бекназаров: Биринчиден, Жыргалбек иниме айтаар элем, комиссиянын мүчөсү болуп өзүңөр киргенсиңер. Акчаны өзүңөр санагансыңар, Улуттук банкка өзүңөр алып баргансыңар. Мен ага катышкан эмесмин. Менин билишимче Ак үйдөн алынган бардык акча каражаттары, курал жарактын баары буюм далили катары кылмыш ишке тиркелген. Улуттук банкта сакталуу турат. Камакка алынган. Аны иштетиш үчүн соттун чечими керек. Ал акчалар азыр Улуттук банкта сакталып турат, ага эч кимдин тиешеси жок.

"Азаттык": Өмүрбек мырза, эл арасында азыр 17-майда Убактылуу өкмөткө каршы кандайдыр бир нааразылык катуу митингдер болот деген имиштер пайда болду. Ага негиз бар деп ойлойсузбу, аны кимдер уюштурушу мүмкүн?

Өмүрбек Субаналиев: Мен билбейт экем. Бирок "Ата-Бейитте" сөз бергенден кийин, баарын кармап келебиз, жазалайбыз дегенден кийин, ошондой нааразылык акциясы болот деп мен ойлоп атам.

"Азаттык": Кимдер уюштурушу мүмкүн?

Өмүрбек Субаналиев: Ошол эле жаштар уюштурабыз, чыгабыз деп атышат. Отчет берсин деп атат.

"Азаттык": Сизде эч кандай маалымат жокпу, жаштардын артында кандай күчтөр турушу мүмкүн?

Өмүрбек Субаналиев: Билбейт экем.

"Азаттык": Азимбек мырза, сизде бул боюнча кандай маалымат бар?

Азимбек Бекназаров: Маалымат бар, мунун артында Бакиевдер да турат, Данияр Үсөнов, Нариман Түлеев жана башка бир топ күчтөр турат. Ушундан пайдаланып, Бакиевдер эмне үчүн кармалбаган деген нерсе менен козутуп, 17де чыгарабыз деген аракеттер болуп атат. Айрыкча түштүк жергесинде Бакиевдин тарапкерлери тарабынан болуп атат. Жалал-Абад, Ошто ушул боюнча баракчаларды таратып, иш жүргүзүп атат. Мен ойлойм, мунун артында кимдер турганын билип, түшүнүү менен көпчүлүк эл мунун көп деле колдобойт болуш керек, 17де андай деле коркунуч жок. Бирок биз укук коргоо органдарына тапшырма берип атабыз, ушунун уюштуруучулары, демөөрчүлөрүн иликтеп ошого чейин элдин алдына алып чыккыла, бул топтун артында бул турат экен деп бетине айталы.

"Азаттык": Рахмат.
XS
SM
MD
LG