Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

Табышмактуу каттын сыры


И.Исаков коюлган айыптарды саясий заказ деп эсептейт
И.Исаков коюлган айыптарды саясий заказ деп эсептейт

Бишкек гарнизондук соту 18-ноябрда териштирүү учурунда ачыкка чыккан маалыматтарды тергөөнүн айыптары менен салыштырып чыкты.

Териштирүү маалында Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Коргоо министрлигинин макулдугун албай анын атынан “AlStar” жеке компаниясына Балыкчы шаарындагы аскердик гарнизонго тийиштүү аскердик техникаларды тактап берүү өтүнүчү менен кайрылганы ачыкка чыкты.

“AlStar” жеке компаниясынын эмнеликтен мамлекеттик жашырын сырга жатчу аскердик бөлүктүн жарак-жабдыгын текшерүүгө уруксат алышы соттук териштирүү маалында такталган жок. Антсе да Кыргызстандын Башкы прокуратура тергөөчүсүнүн жеке менчик компанияга жолдонгон катынын чоо-жайы ачыкка чыкты.

- Коргоо министрлигинен заказ болгон эмес да?
- Заказ болгон эмес. Кийин, Башкы прокуратурадан Коргоо министрлигине ошондой кат келген. Коргоо министрлиги унаалардын баасын аныктагандагы үчүн баасын төлөп бериши керек экен.
- Ким кол коюптур?
- Башкы прокурордун орунбасары К.Асангелдиев.

Коргоо министрлигинин атынан тон бычкан андай чечимдин акысын төлөнбөгөнүн министрликтин соттогу өкүлү Таалай Саалаев маалымдады.

“AlStar” компаниясына соттук териштирүү маалында улам-улам токтолуунун жөнү деле белгилүү болчу. Кыргызстндын Башкы прокуратурасы Коргоо министрлигинин атынан жеке компанияга кайрылуу жолдоп, акысын аскер ведомстугу төлөй турганын ырастаган болчу. Кыргызстандын Аскер сотунун орунбасары Тимур Карабаев эки мекеме ортосундагы укуктук маселелердин чоо-жайы тараптардын жүйөө-пикирлерин ортого салуу учурунда аныкталарын белгилеп, талаштуу иш тууралу пикирин мындайча билдирди.

- Ким аларды экспертизага тартты? Анын негизинде мыйзам боюнча чечим кабыл алабыз. Кандай болгон күндө да болгон далилдердин баарын алдыга жайып алып чечим чыгарышыбыз зарыл.

Тимур Карабаев “AlStar” компаниясына байланышкан иштерде бүдөмүк жагдайлар биртоп экенин деле жашырган жок.

- Расмий кат кандай келгенин мен билбейм. Баалоо комиссиясын ишке салуу боюнча тергөөчүнүн каты бар. Ошондуктан экспертизага терең талдоо жүргүзүү керек болуп жатат. Аны негиз катары алуу же четке кагуу мамлекеттик айыптоочунун эркиндеги иш. Биз аны четке какпайбыз. Кандай иш жасарыбызды кийинки талаштарда көрөсүздөр.

И.Исаковго “AlStar” компаниясынын баасына негизденип олчойгон айып коюлган. Мурунку коргоо министри козголгон кылмыш иштин артында саясий заказдын башы кылтыйып чыгып турат, деген пикирде.

- Бул эми түздөн-түз саясий заказ экендигинин далили болуп жатпайбы. Коргоо министрлиги өзү бербесе, барып баасын текшерип кел дебесе, анан бирөө Коргоо министрлигинин атынан жөнөтүп коюп, себеби дегенде мени оор беренеге коюп жатканы ушундан болуп жатат да.

И.Исаков 3 миллион сом ашуун аскердик техниканы жок кылган деген айыпты эл арасына жайылтыш үчүн жасалып жаткан мындай аракет соттук териштирүүдө ачыкка чыгып калганын мыйзамченемдүү иш катары баалай турганын билдирди. Ал эми И.Исаковдун актоочу Азимбек Бекназаров “AlStar” компаниясына байланышкан иштердин артында саясий заказ башбактап турганын ырастады.

- Бул жерде тергөөчүнүн токтому жок, башкасы жок болуп атканына караганда, менин оюмча, техникалык элк ката го.

Азимбек Бекназаров кылмыш ишине “AlStar” компаниясынын жыйынтыгы кандайча түшүп калганы кызыктырып жатканын маалымдады. Түшүндүрмө каттын Башкы прокуратурага жөнөтүлбөй, Коргоо министрлигине жолдонуп жатканы сотко да, мамлекеттик айыптоочуларга да азырынча табышмактуу бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG