Базар-Коргон районунда июнь айында болгон окуяларды териштирген аймактын көчмө сотунун кечээки отурумнда тараптар жарыш сөзгө чыкты. Анда мамлекеттик айыптоочулар соттолуучуларга коюлган айыптар далилденгендигин билдиришти.
Айыпталуучулар коюлган айыптарга макул эмес
Мамлекеттик айыптоочу Жаныш Саяковдун баянына ылайык, укук коргоочу Азимжан Аскаров баш болгон адамдар чек арада район акимин барымтага алууга аракет кылган. Бирок акимди өзүнүн жансакчысы менен айдоочусу аны кармаган аялдардын колунан сууруп чыгышкан. Укук коргоочу 12-июнда көчөгө топтолгон элди улуттар аралык араздашууга үндөгөнү, үйүндө ок-дары менен экстремисттик уюмдун компакт-дисктерин сактаганы үчүн да айыптуу. Ушундай кине койгон мамлекеттик айыптоочу А. Аскаровдун баш аламандыктар менен милициянын өлүмүнө тиешелүү окуяны уюштургандардын бири деп баалап, сотко ага жогорку жаза чектөөнү жана үй-мүлкүн мамлекет пайдасына алууну сунуш кылды.
Жаныш Саяков укук коргоочудан башка дагы төрт соттолуучуну да өмүр бою эркинен ажыратууну сурап, айыпталуучулар Шүкүржан Мырзалимовго 25 жыл, Минура Мамадалиеваны 20 жыл, Санжарбек Мувлахуновду 8 жыл түрмөгө кесүүнү өтүндү:
- Азимжан Аскаров өз колу менен өлтүргөн эмес, Сулаймановду. Бирок өлтүргүлө деп адамдарды чакырып, үгүттөп, ошол ишти уюштурушкан. Ошондуктан Аскаровду 30-берене, 340-берене боюнча күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын белгилөөнү сунуш кылабыз.
Азимжан Аскаров айыптоочу чектеген жаза менен макул болбой, кечээ да өзүнө тагылган он айыптын баарын четке какты. Ал милициянын капитаны М. Сулайманов мыкаачылык менен өлтүрүлүп, куралсыз 14 милиционер жабыр тарткан 13-июнь күнү тополоң кылган Ош- Бишкек жолунун боюндагы адамдардын арасында болбогондугун ырастады. Өлкөдө катталбаган жашыруун уюмдун адабияттары деп саналган чыгырык тасмаларды (компакт-дисктерди) таанымал диндар адамдан белекке алганын билдирип, өзү жогунда үйүнөн табылган ок-дарыларды тартип сакчыларыатайын таштап коюусу мүмкүн деген түкшүмөлүн жашырбады. Чек арада акимди барымтага алуу окуясына тиешеси жок экендигин билдирди.
- Тергөөдө дагы, сотто дагы мага коюлган күнөөлөрдү мойнума алган эмесмин, азыр да мойнума албаймын, мындан кийин да мойнума албаймын. Бул иштердин баары мага жасалган доомат. Бул иштер менин адам укугун коргоочу иш-аракеттериме жасалган тоскоолдук. Эгер мен кылмышкер болсом, башка качкындардай мен дагы Өзбекстанга качышым мүмкүн эле.
Башка соттолуучулардай эле Минура Мамадалиева да улуттар аралык араздашууга эч кимди үгүттөбөгөнүн билдирди. Анын ырасташынча, Сайдуллаев көчөсү баш-аламандыктан сактануу үчүн тосулган. Ал көчөдө он мүнөт болгону үчүн өзүн узак жылга түрмөгө кесүү сунушу – адилеттик эмес:
- Коргонуу деп эле тосулган. Мен айткандан кийин бир канча адам кетип калган. Ошон үчүн мен өзүмдү айыптуу деп эсептебеймин.
Жабырлануучулар: "Жаза күчөтүлсүн!"
Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн милициянын майору М. Сулаймановдун аялы Чынара Бечелова соттолуучуларга катаал жаза берүүнү өтүндү. Анын кайынэнеси Карамат Сулайманова улуттар аралык араздашууга себепкер болгон адамдарга жазаны күчөтүү жагын сунуш кылды:
- Мамадалиева Минурага 20 жыл сураптыр. Мен жыйырма жылга ыраазы эмесмин. Өмүр бою жаза чектеш керек, эмне үчүн адамдарды үгүттөйт? Мына бул куралдарды жасаган балага да өмүрү өткөнчө жаза бериш керек, эмнеге курал жасайт?
Жабырлануучу тартип сакчылары соттолуучулардын бардыгы массалык баш аламандыктар менен милициянын өлүмүнө катыштыгы бар экендигин кайрадан ырасташып, мамлекеттик айыптоочу аларга чектеген жазаларды кубаттап берүүнү соттон өтүнүштү.
Базар-Коргон район прокурорунун жардамчысы Жанарбек Канаев тартип сакчылары укук коргоочуга каршы иш жүргүзбөгөнүн, ок-дары күбөлөрдун катышуусу менен табылганын айтып, соттолуучунун бири кыйноо тартып мойнуна алган кине тууралуу эмне үчүн прокуратура уюмдарына кайрылбадыңыз деп, алардын жактоочусун сындап өттү:
- Азыр айтып атасыз, оперативдүү кызматкерлер башына салофанды кийгизип, күчкө салып мойнуна алдыртыптыр деп. Сурак жүрүп атканда, оперативдүү иштер жүрүп атканда прокуратуранын көзөмөлүндө болгон. Күчкө сала турган иш эмес бул, жетишээрлик далилдер бар бул жерде. Эгер ошол кызматкерлер сиздин коргоо алдындагы адамды башына салофан кийгизип, кыйноого алган болсо, сиз каякты карап олтургансыз? Райондук прокуратурага, болбосо облустук прокуратурага же башкы прокуратурага кайрылбайт белеңиз ошондо...
Укук коргоочунун жактоочулары А. Аскаровго коюлган айыптарга каршы чыкты. Адвокат Абдумиталип Абдулакимовдун белгилешинче, укук коргоочунун баш аламандыкты уюштурганы аныкталган жок. 13-июндагы жол тосуу, милициянын өлүмүнө себепкер болгон жагдайлар изилденбеген. Үйүн тинтүүгө А. Аскаровдун үй-бүлө мүчөлөрү катышпаган:
- Улуттар аралык келишпөөчүлүктү жаратты деген кине боюнча коюлган айыптар дагы далилденген жок.
Жактоочу Улукбек Усманов болсо улуттар аралык жаңжалды уюштургандар качып кетип, жазаны ага тиешеси жок адамдар тартып жатканын, соттун жүрүшүндө жактоочулардын ишине тоскоолдуктар жасалганын белгиледи.
Сот иши эми 15-сентябрда улантылат. Базар-Коргон райондук көчмө соту бул ишти кошуна Ноокен райондук сотунда карап жатат.
Айыпталуучулар коюлган айыптарга макул эмес
Азимжан Аскаров Сулаймановду өз колу менен өлтүргөн эмес. Бирок өлтүргүлө деп адамдарды чакырып, үгүттөп, ошол ишти уюштурушкан.
Ж. Саяков
Жаныш Саяков укук коргоочудан башка дагы төрт соттолуучуну да өмүр бою эркинен ажыратууну сурап, айыпталуучулар Шүкүржан Мырзалимовго 25 жыл, Минура Мамадалиеваны 20 жыл, Санжарбек Мувлахуновду 8 жыл түрмөгө кесүүнү өтүндү:
- Азимжан Аскаров өз колу менен өлтүргөн эмес, Сулаймановду. Бирок өлтүргүлө деп адамдарды чакырып, үгүттөп, ошол ишти уюштурушкан. Ошондуктан Аскаровду 30-берене, 340-берене боюнча күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын белгилөөнү сунуш кылабыз.
Азимжан Аскаров айыптоочу чектеген жаза менен макул болбой, кечээ да өзүнө тагылган он айыптын баарын четке какты. Ал милициянын капитаны М. Сулайманов мыкаачылык менен өлтүрүлүп, куралсыз 14 милиционер жабыр тарткан 13-июнь күнү тополоң кылган Ош- Бишкек жолунун боюндагы адамдардын арасында болбогондугун ырастады. Өлкөдө катталбаган жашыруун уюмдун адабияттары деп саналган чыгырык тасмаларды (компакт-дисктерди) таанымал диндар адамдан белекке алганын билдирип, өзү жогунда үйүнөн табылган ок-дарыларды тартип сакчылары
Бул иштер менин адам укугун коргоочу иш-аракеттериме жасалган тоскоолдук. Эгер мен кылмышкер болсом, башка качкындардай Өзбекстанга качышым мүмкүн эле.А. Аскаров