Билдирүүдө акыркы бир жыл ичинде эле Кыргызстанга 5-6 укук коргоочу кирбей калганы айтылып, кыргыз бийлигинен куугунтуктоону токтотууну суранган. Жергиликтүү укук коргоочулар Кыргызстанда адам укуктары жаатында абал оорлоду дешет.
Акыркы бир жылдын ичинде эле сырттан келген 5-6 укук коргоочу Кыргызстандын аймагына кире албай, кайра кеткенге мажбур болушкан. Айрымдарына 5-10 жылга өлкөгө кирбөө чечими кабыл алынган.
Жакында эле Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынан келген укук коргоочу Негина Бахрыеваны “Манас” аэропортунда өлкөгө киргизбей коюшкан. Жергиликтүү укук коргоочулар күч кызматкерлери тажикстандык укук коргоочу 2010-жылга чейин Кыргызстанга киргизилбесин деген көрсөтмөнүн негизинде аракеттенишкенин билдиришкен.
Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун тажикстандык укук коргоочу Акыйкатчы институтунун кызматкерлерине семинар өтүү үчүн келгендигин, мындай көрүнүштөр өлкөгө аброй алып келбей турганын эл аралык адам укуктарын коргоо күнүнө арналган жыйында (10-декабрда) да белгилеген.
- Чет элден келген журналисттер бизге кире албай жатат. Ивар Дали деген норвегиялык журналист бар. Аялы кыргыз. Ал аялына келет да. Андан сырткары белгилүү, кыйын журналисттердин бири Виталий Пономарев бул жакка Ноокат окуясы боюнча келген экен. Ал мониторинг жүргүзөт. Мага келди, жолуктук, кетти. Анан кайра келгенде киргизбей коюптур. Темир жол аркылуу келаткан. Анда да текшерип, кармап калыптыр. Анан кийин Тажикстанда акыйкатчы шайланды, анын кеңешчиси биздин кызматкерлерге лекция окуганы келатса аны да кармап, өлкөгө киргизбей коюшту. Мунун баары өлкөгө аброй алып келбейт.
Мунун алдында орусиялык укук коргоочу Виталий Пономарев, украиналык журналист Евгений Грибовски, эл аралык укук коргоочулар Марина Габитова, Бахрам Хамроев киргизилген эмес.
Иликтеди-кармады-өлкөдөн чыгарды
“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова укук коргоочулардын айрымдары Ноокат окуясына байланыштуу ишти иликтөөгө көмөктөшкөнү үчүн кыргыз бийлиги бут тосуп жатат, деп билдирди. Анын айтуусунда, Негина Бахрыева Ноокат окуясынын курмандыктары боюнча БУУга атайын билдирүү даярдоого кыргызстандык укук коргоочуларга жардамдашып жаткан.
- Бизде жөн эле киргизбей коюп жатышат. Бул Кыргызстанда адат болуп калды. Мисалы, Негина Бахриева бул эл аралык деңгээлдеги укук коргоочу. Ал Кыргызстанга жөн эле келген жок. Ал Акыйкатчынын кызматкерлерине жана депутаттарга түрмөлөрдө, жабык жайларда адам укуктарынын сакталышы боюнча кандай байкоо жүргүзүш керек - ошону айтып бергени келаткан.
Орусиялык укук коргоочу Бахром Хамроев Ошто жүргөн жеринен коопсуздук кызматы тарабынан кармалып, Москвага депортацияланган. Анын сумкасынан «Хизб-ут-Тахрирге» тиешелүү диск, баракчалар табылгандыгын аны менен чогуу кармалган жергиликтүү укук коргоочу Изатилла Рахматуллаев “Азаттыкка” билдирген эле. Бирок өзү да Кыргызстандын аймагына кирбей калган укук коргоочу Виталий Пономарев муну бийликтин шылтоосу деп сыпаттап келет:
- Менин билишимче, эч кандай кассеталарды тапкан эмес. Сумкадан «Хизб-ут-Тахрирдин» баракчалары табылыптыр. Бирок бул баракчалар дээрлик бардыгында эле, журналисттерде да, укук коргоочуларда да, Батыштын бардык изилдөөчүлөрүндө бар. Бахром Алматыга кетип жатканда аны менен жолугушуп, сумкасын бирге салыштырганбыз. Анда Кыргызстандын акыйкатчысынын Ноокат окуясы боюнча баянынын көчүрмөсү бар болчу. Ал мыйзамга туура келбеген, же тыюу салынган бир да кагаз алып кеткен эмес. Иликтөө максатында чогултулган материалдар кылмыш катары каралбайт.
Укук коргоочулар ушундан улам Кыргызстан адам укуктарын басмырлап, сактабаган мамлекеттердин катарына кирип, жабык өлкөгө айланып баратат деп тынчсызданып жатышат.
Бардыгы жайында, бардыгы жакшы...бы?
Башкы прокуратуранын мыйзамдын аткарылышына көзөмөл жасоо башкармасынын ага прокурору Нурбек Жороев тынчсызданууга негиз жок экенин “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндө айткан эле.
- Тынчсызданууга негиз жок. Мамлекет жетекчилиги тарабынан колдон келишинче адам укуктарын коргоо боюнча саясат жүрүп жатат. Так жана толук аткарсак эле баары жакшы болот.
Европа Комиссиясы жогорудагыдай жагдай Кыргызстанда күчөп жатканын белгилеп, билдирүүсүндө мындан аркы кызматташууга даяр экенин айткан.
Өлкөдөгү “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борбору Францияда адам укуктары жаатында сыйлыкка татыды. Ага 60тан ашуун өлкөдөн 150 уюм катышкан.
Француз өкмөтүнүн сыйлыгына болгону беш гана уюм татыды. Бул тууралуу 14-декабрда маалымат жыйында борбордун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова билдирди. Анын айтымында, сыйлык укук коргоо борборлору менен журналисттер ортосундагы кызматташууга арналган долбоор үчүн алган.

Бизде жөн эле киргизбей коюп жатышат. Бул Кыргызстанда адат болуп калды.

Акыркы бир жылдын ичинде эле сырттан келген 5-6 укук коргоочу Кыргызстандын аймагына кире албай, кайра кеткенге мажбур болушкан.