Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:10

Ысыккөлдүктөрдүн кайрылуусу президентке жетеби?


Балыкчы окуясы боюнча айыпталгандарды сотко алып келүүдө.
Балыкчы окуясы боюнча айыпталгандарды сотко алып келүүдө.

Балыкчы окуясы боюнча соттук териштирүүнүн айланасында “Ысык-Көл ынтымагы” коомунун негиздөөчүлөрүнүн бири Аскат Абылдаевди сөзгө тарттык.

- 23-июлдагы президенттик шайлоо маалында чыккан жаңжалда кармалган 19 киши соттолуп атышы учурда коомчулуктун көңүлүн бурган олуттуу маселе болууда. Бийлик мыйзамсыз аракеттерге чек коюш керек дейт, оппозиция болсо бул саясий буйрутма дейт. Балыкчы окуясына байланышкан жагдайга жергиликтүү коомчулук кандай баа берип жатат?

- Эми шайлоо бүттү, чындыгында шайлоо жаман болгон жок. Шайлоодо байкоочулар шайлоонун бир жаман нерселери болгон жок деп айтып чыгышпадыбы. Эми Балыкчыдагы болгон окуяга мен өзүм катышып, көзүм менен көргөн жокмун. Акыйкат айтууга аркет кылып, элден сураштырсам ошол жерде өрттөнгөн же бирөөнү урган, же президенттин атына жаман сөз айтып, кыйкырып мыйзамдан чыккан адамдар болгон жок дешти. Бирок ар ким өзүнүн пикирин айтып, жаш балдар үндөрүн катуу чыгарган сөздөр болсо керек. Ошол камалган адамдардын туугандарынын баары президентке кайрылып, бул маселени бир кененчилик менен чечсеңер дегенди жазып келишиптир, ошого мен да кол коюп бердим.

- Бул кайрылууга ысыккөлдүк аттуу-баштуу инсандардын бир тобу кол койгон экен. Сиздердин кайрылуу Курманбек Бакиев баштаган мамлекеттик жетекчилерге жетеби? Үнүңүздөр угулабы, ошого үмүт артса болобу?

- Мен 200дөн ашык адам кол койгон кайрылууну президент Курманбек Бакиевге жеткирет го деген үмүттөмүн. Эми шайлоо бүттү, президент өзүнүн тактысына отурду, эми бул маселени анча-мынча кемчиликтер болсо да кечирип коёт деген үмүттө кол коюп кайрылдык. Эми үмүт деген бул абдан чоң нерсе эмеспи, биз ошол кайрылууга бир жакшы көз караш менен жооп берет деген үмүттөбүз.

- Сизден эми калыс адам катары сурайын деп атам да. Оппозиция минтип карапайым адамдарды камакка алуу аркылуу бийлик элдин үшүн алып, экинчи көчөгө чыккыс кылып атат деп, бийлике сын пикир айтып жатат да. Сизде кандай көз караш бар, ошол камакта отургандар чын эле саясий негизде отуруп атышабы, же бийлик оппозициядан өч алуу максатын көздөп атабы, же чын эле мыйзамды сактайлы деп атабы?

- Менин пикиримде, эгерде мыйзамдык чектен чыккан адамдар болсо, чындап эле ошондой иштерди жазаган болсо жазасын бериш керек. Ошол учурда президенттин атына дагы бир жаман сөздөрдү айтса ал өзүнүн жообун алыш керек. Эгер ошондой болбосо анча-мынча балдарды камаган туура эмес. Буга баары бир ошого жараша элдин дагы реакциясы болот да. Эми оппозиция десе эле булар жаман, ушуларды эле камап, жаман көрүш керек деген туура эмес. Оппозиция деген болуш керек, оппозициянын жакшы жактарын алыш керек. Сын болбосо алдыга жылууга мүмкүн эмес да. Сындап койсо эле “Сен оппозициясың, сени камаш керек, сени жазалаш керек” деген туура эмес. Мен биздин кайрылуу президентке жетсе маселе акыйкаттык менен чечилет деген үмүттөмүн.

-Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG