Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

5-июль: Тарых барактары


АКШ президенти Франклин Рузвельт
АКШ президенти Франклин Рузвельт

Омск гарнизондук полктун дарыгери Ф. К. Зибберштейн 1825-жылдын бул күнү Семипалатинск чебинен чыгып кыргыз жергесине карай бет алган. Дарыгер кесибинен тышкары кыргыздар туурасында баалуу маалымат топтоп, анын байкоолору кийин «Путевые замечания» аттуу чыгармага айланган. Ф. К. Зибберштейндин кыргыздарга жасаган сапары Кытай багытындагы соода жолун чалгындоо жана кыргыздардын саясий абалын иликтөө, алардын жоокерчилик дараметин аныктоого арналган.

Түркстан генерал-губернатору 1908-жылдын 5-июлунда орус Аскер министрине милициянын аскер старшинасы Шабдан Жантаевге жер бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Кепилдик катта Шабдан Баатырдын империяга өтөгөн кызматы, сиңирген эмгеги тизмектелип, ага Сарыбагыш волостунан сугат жана кайрак жер бөлүп берүү максатка ылайыктуулугу көрсөтүлөт. Түркстан генерал-губернатору бул иштин өтөөсүнө чыгуу үчүн Аскер министрлигине орус императорунан кепилдик алуу маселесин койгон.

Борбор шаардын Каражыгач багында орун алган Комсомол көлүнүн курулуш иши 1939-жылдын бул күндөрү башталган. Жасалма көлмөнү Базар суусунун нугуна курушуп, мындагы бакчаларды бузбаш үчүн адегенде тосмо курулуп, анан кийин калган иштер бүткөрүлгөн. Балыкчылар көлмөгө маринка жана форель балыктарын коё беришкен.

Курск облусундагы Согласный кыштагы үчүн жүргөн салгылашта кыргызстандык Ванахун Мансуз 1943-жылдын бул күнү баатырларча курман болгон. Ванахун Мансуз 1907-жылы Пишпек шаарында жарык дүйнөгө келип, Ата мекендик согушта минемётчулар расчётун жетектеген. Аталган кыштак үчүн согушта ал жалгыз калганча кармашып, курчап келген фашисттерди акыркы минаны жардырып өлтүргөн. Кийин ал бул эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамы менен сыйланган.

Исаак Ньютондун «Натуралдык философиянын математикалык башаты» аталган илимий чыгармасы 1687-жылдын 5-июлунда жарык көргөн.

Илимпоз М. Ломоносовдун 1748-жылдын 5-июль күнү математик Л. Эйлерге жазган катында, биринчи жолу материя менен кыймылдын сакталыш мыйзамы туурасында оюн билдирген.

Түштүк Америкадагы испан колонияларынын арасынан Венесуэла бирчи болуп 1811-жылдын 5-июлунда эгемендик алган.

Англиялык Томас Кук 1841-жылдын 5-июлунда биринчи туристтик агенттикти ачкан.

Украина большевиктеринин Коммунистик партиясы 1918-жылдын 5-июлунда уюшулган.

Екатеринодар шаарында өткөн съездде РСФСР курамындагы Түндүк Кавказ республикасы 1918-жылдын 5-июлунда курулган.

Германиянын Шлезвиг жергеси 1920-жылдын 5-июлунда Данияга берилген.

СССР Ички иштер министрлигине караштуу өрттөн коргонуу боюнча Илимий изилдөө институту 1937-жылдын 5-июлунда уюшулган.

АКШ президенти Франклин Рузвельт 1940-жылдын 5-июлунда жапон товарларын Кошмо Штаттарга алып келүүгө эмбарго койгон.

Би-Би-Си сыналгы жаңылыктары биринчи жолу 1954-жылдын 5-июлунда обого чыккан.

Мамлекеттик коопсуздук комитети (КГБ) 1978-жылдын 5-июлунда СССР Министрлер Кеңешинин карамагына берилген.

Куба мамлекети 1999-жылдын 5-июль күнү Америка Кошмо Штаттарына 40 жылдык экономикалык блокада жасагандыгы үчүн 181 млрд. долларлык чыгымды өндүрүп берүүнү талап кылган.
XS
SM
MD
LG