Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

12-февраль: Тарых барактары


Билл Клинтон
Билл Клинтон

Улуу жүз казактардын приставы, майор М. Д. Перемышльский 1854-жылдын 12-февралында Өзүнчө Сибирь корпусунун командири Г. Х. Гасфордго билдирүү жолдогон. Майор М. Д. Перемышлский аймакта абал бейпил экендигин жана кооптонууга негиз жок экендигин билдирет. Анткен менен жаз айында ташкендиктер кол салат экен деген шыбыш кеп кыргыздар арасында айтыла баштагандыгын белгилейт.

Аңыз кептин анык, же жалганынан аныкташ үчүн кыргыздар арасынан ишенимдүү адамдарды таба тургандыгын кабарлаган. Мындан тышкары ал Г.Х.Гасфордго Үмөтаалы Ормоновдун катын түп нускасында жана котормосу менен кошо салгандыгын билдирген.

Штаб начальниги генерал-лейтенант Яковлевдин Өзүнчө Сибирь корпусунун командири Г.Х.Гасфордго жолдогон билдирүүсүндө, Үмөтаалы Ормоновдун 1854-жылдын 12-февралында жазган каты жана андагы маалымат туурасында түшүндүрмө берилет.

Генерал-лейтенанттын кабарлоосуна караганда кокондуктар жаз келээр менен Или өрөөнүнө кол сала тургандыгы жөнүндө маалымат алынган жана аны Үмөтаалы Ормонов да жазган катында тастыктаган. Ошол эле кезде генерал акыркы кабарга сын көз менен карап, кокондуктардын акыркы жеңилиши, аларды чечкиндүү чара көрүүдөн сестендире тургандыгын билдирген.

Кыргызстан менен Кытай ортосундагы чек араны тактоо маселеси 1881-жылдын 12-февралындагы Санкт-Петербург келишиминде аныкталган. Санкт-Петербург келишиминде буга чейин Чугучак Протоколунда белгиленген кыргыз-кытай чегарасында орун алган өксүктүктөр кайра каралып, айрым тактоолор киргизилген.

Чугучак Протоколунда Россия империясы менен Кытай мамлекети ортосундагы чек ара аныкталып, чек ара кызматы, консулдук алака, кыргыз-кытай соода мамилеси жана Кыргызстандын аймагынан өткөн чек ара тилкеси тоо кыркалары, суу өрөөндөрү аркылуу өтө тургандыгы белгиленген. Ал үчүн эки тараптуу комиссарлар дайындалып, аларга Кашгардан Ферганага чейинки чекти тактап, чек ара белгилерин коюп чыгуу милдети жүктөлгөн.

Кыргыз областтык элге билим берүү бөлүмү 1926-жылдын 12-февралында тармактык бюллетен чыгарууга киришкен. Бюллетен кыргыз жана орус тилдеринде чыгарылып, анда билим берүү багытындагы материалдар, илимий-методикалык иликтөөлөр жарыялана баштаган.

Англис баскынчыларына каршы күрөшкөн эр жүрөк француз айымы Жанна Д`Арк өзүн аскер башына койууга француз королу Карл VII 1429-жылдын 12-февраль күнү ынандырган.

«О кудай, кайзерди сакта» аттуу гимн 1797-жылдын 12-февралында аткарылган.

Санкт-Петербург шаарында 1799-жылдын 12-февраль күнү Медико-хирургиялык академия (азыркы Аскер-медициналык академия) ачылган.

Балдарга тамеки тартууга уруксат берген адамдарга жаза колдонуу туурасындагы мыйзам 1908-жылдын 12-февралында Англияда кабыл алынган.

Кытайдын акыркы императору Пу-И 1912-жылдын 12-февралында бийликтен баш тарткан.

Кытай мамлекети 1912-жылдын 12-февралында григориандык календарды кабыл алган.

Уинстон Черчилл 1921-жылдын 12-февралында Англиянын колония иштери боюнча министрдик кызматын ээлеген.

Нечендеген саясатчыларды күтүүсүз кырдаалдан куткарып, жүзүн сактаган «no comment» деген сөздү Уинстон Черчилл 1946-жыдын 12-февралында биринчи жолу айткан экен.

Советтер Союзу 1953-жылдын 12-февралында Израил менен дипломатиялык мамилесин токтоткон.

Советтик космонавтиканын тарыхында биринчи жолу планеталар аралык «Венера-1» автоматтык станциясы 1961-жылдын 12-февралында Венера планетасын карай учурулган.

Тажикстандын борбору Дүйшөнбү шаарында 1990-жылдын 12-февралында массалык баш аламандык башталган. Баш аламандыкты басыш үчүн Дүйшөмбүгө советтик аскерлер киргизилген.

Украинанын Жогорку Радасы 1991-жылдын 121-февралында Крым автономиясын калыбына келтирген чечим чыгарган.

Лиллехаммердеги XVII кышкы Олимпиадалык оюндар 1994-жылдын 12-февралында салтанат менен ачылган.

Америка Кошмо Штаттарынын Сенаты 1999-жылдын12-февралында президент Билл Клинтондун Моника Левинскиге байланыштуу күнөөсү жок деп тапкан. Ошентип президентке каршы көтөрүлгөн импичмент маселесине чекит коюлган.
XS
SM
MD
LG