Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:55

11-февраль: Тарых барактары


И.В.Сталин
И.В.Сталин

Үгүт коллегиясынын 1926-жылдын 11-февралында чыгарган чечимине ылайык Кыргыз Автономиялык областында Басма сөз комитетин уюштуруу зарылчылыгы белгиленген. Коллегия чыгарган чечимге караганда жаңы комитет басмаканалардын жана басылмалардын ишмердүүлүгүн жөнгө салып, анын өндүрүшүн текшерүү багытында өз салымын кошмок. Мындан тышкаары Басма сөз комитети гезит-журналдардын таратылышын көзөмөлгө алары белгиленген.

Советтик Кыргызстандын эмгекчилери И.В.Сталиндин Фрунзе шаардык Кеңешине депутаттыкка талапкердигин көрсөтүшүн зор ынтызарлык менен кабыл алгандыгы туурасындагы маалымат 1953-жылдын 11-февралында маалымат каражаттарында жарыяланган. Коммунисттик партия жетекчиси менен бирге шаардык кеңешке анын шакирттери Молотов, Маленков, Берия жана Булганиндердин талапкердигин коюшу советтик демократиянын жемиштүү үлгүсү катары бааланган.

Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн Бишкек шаарында өткөн кезектеги өкмөт аралык жыйынында Борбордук Азиядагы суу жана энергетика тармагына байланышкан маселелер талкууланган. Казакстан вице-премьер-министри Ахмеджан Есимов, Кыргызстан мурда кабыл алынган чечимдерди жана келишилген милдеттемелерди толук сактабай жатат, деп айыптаган.

Анын айтымында, Кыргызстан Токтогул ГЭСиндеги сууну кыш мезгилинде агытып, коңшу мамлекеттердин аймактарына суу басуу коркунучу жаралган. Анын пикирин Өзбекстан вице-премьер-министри Өткир Султанов коштоп, Кыргызстан кыш мезгилинде аккан суу көлөмүн азайтпай жаткандыгын белгилеген.

Кыргызстан вице-премьер-министри Базарбай Мамбетов коңшу өлкөлөрдүн кинесин четке кагып, калктын кыш мезгилиндеги электр энергиясына болгон муктаждыгына карабастан, Токтогул ГЭСинен чыккан суу 500 куб метрге азайтылгандыгын билдирген.

Кыргызстандын 2005-жылкы парламенттик шайлоо жарышы маалында айтылуу коомдук жана саясий ишмер Жумгалбек Аманбаев 11-февраль күнү дүйнөдөн кайткан. Ал № 74 Жети Өгүз шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер катары катталган. Убагында ал Кыргызстан Коммунисттик партиясын жетектеп, 1993-1995-жж. аралыгында вице-премьер-министр кызматын аркалап, кийин «Буудай» мамлекеттик ишканасын жетектеп келген.

«МСН» гезитинин 2005-жылдын 11-февраль күнкү санына президент Аскар Акаевдин жаңы үйү туурасында маалымат жарыяланган. Гезиттин 1-барагына жаңы үйдүн сүрөтү басылып, негизги макалада болсо мамлекет башчынын сансыз мүлкү кабарланган.

Макала 2005-жылкы парламенттик шайлоо жарышы маалында жарык көрүп, коомчулукка ал бомба жарылгандай таасир тийгизген. Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, гезиттеги маалыматты президентти каралоо аракети катары баа берген. Анткен менен “Фридом Хаус” уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси Майк Стоун, макала Кыргызстан коомчулугун жарып жибергендигин белгилеген.

Иран мамлекети 11-февралды Революция күнү катары белгилейт. Революция күнү 1979-жылы монархиянын кулатылыш урматына кабыл алынган. Ирандагы салтка ылайык ислам революциясынын жеңиш жылдыгы 1-февралда башталып, 11-февраль күнү соңуна чыгат.

Жапонияда 11-февраль мамлекеттин түптөлүшү катары майрамдалат. Кюсю аралында жашаган Дзимму Ямато мамлекеттик такка отурган. Ал Тэңир уулу деген титулду кабыл алып, Жапониядагы башкаруучу династияны негиздеген. Аталган династия Жапонияда бүгүнкү күнгө чейин өкүм сүрүп келет.

Жапонияда Мэйдзи Конституциясы расмий түрдө 1889-жылдын 11-февралында күчүнө кирген.

Батый хан жетектеген монгол аскерлери 1238-жылдын 11-февралында Владимир шаарына чабуулун баштаган.

Пётр I 1697-жылдын 11-февралында Орусияда тамеки сатууга уруксат берген.

Жапония тарыхындагы биринчи парламент 1889-жылдын 11-февралында курулган.

Владимир Ульяновдун эмгек чыйыры 1892-жылдын 11-февралында Самарадагы ыйгарым укуктуу кызматкердин жардамчылыгынан башталган.

Казакстандагы Караганда шаары 1934-жылдын 11-февралында түптөлгөн.

И.В.Сталин, Ф.Д.Рузвельт, У.Черчилл катышкан Ялта конференциясы 1945-жылдын 11-февраль күнү ишин жыйынтыктаган. Ялта конференциясында фашисттик Германияны толук талкалоо планы иштелип, ошондой эле согуштан кийинки Европанын саясий картасы аныкталган.

Иудаизм дининин символу эсептелген храмдык жети шамдуу белги (менора) 1949-жылдын 11-февралында Израиль мамлекетинин герби катары кабыл алынган. Меноранын жети шамы Акылмандык менен жети күн ичинде жаратылган дүйнө түшүнүгүн туюнтат. Ал эми анын ортосундагы алтынчы шам эс алуу күнүн билдирет.

«Москва көз жашка ишенбейт» аттуу айтылуу советтик фильм 1980-жылдын 11-февралында көрөрмандарга сунушталган.
XS
SM
MD
LG