Шайлоо кодексине ылайык өлкөнүн бүткүл аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал киргизилген учурларда шайлоо жарыяланышына же өткөрүлүшүнө мыйзам жол бербейт. Мына ушул себептерге байланыштуу Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы коменданттык саатты узартуунун зарылдыгынан улам парламенттик шайлоо күнүн жарыялоо кечеңдеп келди.
Борбордук Шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов жакынкы мезгилде өзгөчө кырдаал алынса, шайлоону жарыялаганга жол ачыла тургандыгына токтолду:
- Бизде аракеттеги мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын кайсы бир аймагында өзгөчө абал киргизилсе шайлоо өтпөйт. Ошого байланыштуу буга чейин шайлоону дайындоо боюнча мамлекет башчысынын жарлыгы чыкпай келген. Бүгүнтөн баштап коменданттык саат киргизилген жерлердеги өзгөчө абал алынып салына турган болсо, ага удаалаш эле шайлоону жарыялоо боюнча жарлыкка кол койгонго жол ачылат.
Анткен менен Ош шаарындагы Кыргызстандын өзбек тектүү жарандарынын тобу коменданттык саатты жыйырма күнгө узартуу талабы менен бийлик органдарына кайрылышкан. Жергиликтүү укук коргоочу Изаттулло Рахматтуллаев шайлоо жарыяланып жаткандыгына карабастан, коменданттык саатты кармап турууну коомчулук өкүлдөрү суранып жатышкандыгына токтолду:
- Албетте шайлоо жарыяланып жатканда коменданттык саат алынып салынышы керек. Бирок азыр эл бийликтен коменданттык саатты дагы жыйырма күнгө узартып берүүнү суранып жатышат. Бул боюнча кайрылуу кат президенттин наамына жөнөтүлгөн. Жок дегенде жанагы саат түнкү он экиден эрте мененки алтыга чейинки аскердик күзөтүүнү албай эле койо турушса жакшы болот эле.
Шайлоо күнү жарыялангандан тартып беш күн аралыгында парламенттик шайлоого катышууну каалаган саясий партиялардан билдирүү кабыл алына баштайт. Андан ары карай шайлоо алдындагы өнөктүктүн жол-жоболорунун жадыбалы бекитилмекчи. Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев андан ары карай саясий партиялар шайлоо корлорун түзүү, партиянын жана андан көрсөтүлө турган талапкерлердин тиешелүү документтерин кабыл алып, текшерүү иштери баштала тургандыгын белгиледи:
- Беш күндүн ичинде шайлоого катышуу ниеттин билдирип арыз берген партиялар андан ары мүмкүнчүлүк алышат да документтерин тапшыра башташат. Шайлоо күнүнө кырк күн калганга чейин документтерин бериши керек. Негизгиси күрөө суммасын коюп, андан ары карай шайлоо фондун түзүшү керек Аны түзбөгөн партиялар шайлоого катыша алышпайт. Анан шайлоо күнүнө кырк беш күн калганга чейин партиянын атынан чыга турган талапкерлердин тизмесин сунушташы керек.
Шайлоо кодексине Убактылуу өкмөттүн декрети менен бир топ өзгөртүүлөр киргизилген. 9-август күнү мамлекет башчысынын жарлыгы менен аталган өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынды. Эми ага ылайык убактылуу жашаган жеринен добуш берүүгө уруксат берүү жана шайлоо корунун өлчөмүн азайтуу боюнча өзгөртүүлөр Шайлоо кодексине киргизилбей калды. Анткен менен кодекстин 2007-жылдагы редакциясындагы партиялык тизме түзүүдөгү негизги талаптар сакталып калмакчы. БШК төрагасы Акылбек Сариев бул талаптар партиялык шайлоо системасынын негизги өзөгүн түзөт деп эсептейт:
- Жанагы жыныстык өзгөчөлүгү боюнча тизмедеги ар бир үчүнчү позиция алмашып турушу керектиги боюнча талап бар. Андан сырткары тизмеде жаштардын катышы он беш пайыздан кем болбошу керек. Ошондой эле улуттук азчылыктардын өкүлдөрү он беш пайызды түзүшү зарыл. Бул талаптар мурда кандай болсо ошол боюнча калтырылды. Партиялар көрсөтүлгөн талап боюнча тизме түзүшү керек.
Саясий партиялар ортосунда болгон буга чейинки макулдашууларга ылайык, парламенттик шайлоо күнүн 10-октябрга белгилөө чечими сунушталган.