Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:06

Ким эртелеп добуш берди?


Узак мөөнөттөгү байкоочу Венера Куттубаева Бишкектеги эртелеп добуш берүү маалында болгон укук бузуулар жөнүндө маалыматын бөлүштү.

- Кыргыз Республикасындагы Шайлоо Кодексинин 9-беренесинин 4-пункту боюнча шайлоо комиссиялары өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан көз карандысыз. Шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда шайлоо комиссияларынын ишине мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, саясий партиялар жана юридикалык жактар алардын кызмат адамдары, ошондой айрым жарандар тарабынан кийлигишүүгө жол берилбейт. Буга карабастан райондук, шаардык, участкалык шайлоо комиссияларына жогорку жактан кысым көрсөтүлүп тургандары байкалган. Шайлоо жөнүндө кодексинин 41-беренесине ылайык баардыгыбызга маалым болгондой үстүбүздөгү жылдын 14-июлунан баштап райондук, шаардык шайлоо комиссияларында жарандардын мөөнөтүнөн мурда добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө уруксат берилген. Бул жаат боюнча 16-июлда Свердлов райондук шайлоо участкасында болдум, ал жерде түшкү танапистен кийин болжол менен жүздөн 50гө чейинки коомдук тартипти камсыз кылуучу кызматкерлерди жана 100дөй жөнөкөй жарандардын кезек күтүп турганын байкадым.

- Ошол учурда медициналык кызматкерлер жана “Кыргызтелекомдун”, “Кателдин” да кызматкерлери да өткөрүлдү дейт. Чынында ошондой болдубу?

- Чынында сиз айткандай эле болду. Бул жерде медицина, темир жол тармагынын, Телеком компаниясынын кызматкерлери, башкача айтканда КР кодексинин 41-беренесине тиешеси жок адамдар дагы келип добуш берип баштаганы баамдалган. Ал жерге эмне үчүн мөөнөтүнөн мурда добуш берип жатканынын себебин билбегендер да келип чыкты. Москва жана башка жактарга учуп кетип жаткан жарандардан тийиштүү документтерди алсак, паспорттогу визанын, көчүрмөсүн сурап текшерип койгон киши болгон жок.

- Кечээ күнү Свердлов райондук сотунда “Менин тандоомдун мезгили” жарандык коомдун доо арызы каралмак эле. Бирок кандайдыр бир себептер менен каралбай калыптыр. Ошонун чоо-жайына токтоло кетсеңиз.

- Кээ бир уюмдардын даяр конверттер менен келип отурганын жана башка фактыларды тасмага тартып алган кыздарыбызды белгисиз адамдар колдорун толгоп камераларын тартып алып койгон. Ошол замат эле алар Свердлов райондук сотуна арыз менен кайрылышкан. Кечээ күнү эле эртең мененки саат 10дон кечки саат жетиге жылдырышты. Кечки саат жетиден сегизге чейин бир саат күтүп отурдук. Арызданган тарап өз талабына эч кандай жооп уга алган жок. Себеби жооп берүүчү тарап, башкача айтканда Свердлов райондук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү келбей коюшкан. Ушуга байланыштуу бүгүнкү саат бирге жылдырылды.

- Маегинизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG