Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:04

А. Усубалиева: Эрте шайлоодо мыйзам бузуу арбын


Алдын-ала добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу «Таза шайлоо» уюмунун жетекчиси Айнура Усубалиева “Азаттыктын” түз обосунда кеп салып берди.

- “Таза шайлоо” уюму азыр мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө байкоо жүргүзүп атасыздар, бул добуш берүү кандай болуп жатат?

- Азыркы убаката биз узак мөөнөттөгү 25 байкоочуну бүт республика боюнча жөнөтүп, алар болгон мыйзам бузууларды баарын каттап атат. Эң эле жаңы, өткөн жумада болгон мыйзам бузуулар тууралуу айтсак, “Кыргызтелеком”, анан ИИМдин кызматкерлери келип, алдын-ала добуш берип кетип атышат. Бул жерде эң чоң мыйзам бузуу болуп атат. Анткени алдын ала добуш берүү башка жака кетип жаткан кишилер үчүн болушу мүмкүн, андан тышкары шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, анан участоктордо турган милиция кызматкерлери жана аскер кызматкерлери катыша алат.

- Мындай добуш берүү Бишкекте эле болуп атабы, же Кыргызстандын башка аймактарында да жүргүзүлүп жатабы?

- Азырынча Бишкекте болуп атат, эмки жумада көрөбүз го, бирок аймактарда деле болуп атат ушундай мыйзам бузуулар. Биздин көз карандысыз байкоочулар Свердлов райондук шайлоо комиссиясына барып, ал жактагы мыйзам бузууларды каттап, актты комиссиянын мүчөлөрүнө берип кол койгула десе, кол коюшбай, биздин мүчөлөрдү милицияга алып кетип атышпайбы. Анан эң мыйзамды бузган учур ошол убакта башталды.

- Шайлоочулар кээ бир жерлерде кезек күтүп калып атышат дейт, ошол чынбы?

- Кезек күтүп калып атышат. Анткени кызматкерлерди көп алып келип атышат. “Кыргызтелеком” болсо 100дөй адамдарды алып келип атат. Мыйзам боюнча бул эң алгачкы мыйзам бузуу болуп атат.

- Силердин байкоочуларды милиция кызматкерлери алып кетти дедиңиз. Ошол боюнча прокуратурага, же тиешелүү органдарга кайрылдыңыздарбы?

- Биз эч бир талапкер үчүн иштебейбиз, биз шайлоочулар үчүн гана, алардын укуктары бузулбасын деп калыс позицияны тутунабыз. Ошон үчүн биздин топ адвокаттардан турган, мыйзам боюнча, соттун чечими боюнча иштей турган команда, алты уюмдан болуп атат. Эми эң жакшы адвокаттарды ишке салып, бул маселени чечебиз.

- Сиз жакында Нарынга барып келген экенсиз, Нарында шайлоо участкаларынын абалы кандай экен, шайлоого даяр бекен?

- Техникалык жактан көбү даяр, көбү ачык. Бирок комиссиянын курамы башында түзүлгөндө мыйзам боюнча 50 пайызы бюджетте иштеген кызматкерлер болуш керек, бирок азыр андан ашып атат. Таласта жана Баткенде болсо ушундай курамда түзүлүпр калган комиссияларды кайра түзүп чыгышкан.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG