Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Айкөл Манас балдары, талашыңар эмне?


"Манас" Кытайдагы улуттук азчылыктын табериги катары ЮНЕСКОдо катталган
"Манас" Кытайдагы улуттук азчылыктын табериги катары ЮНЕСКОдо катталган

Кытайда жашаган аз улут өкүлдөрүнүн бейзат маданиятынын көөхары катары «Манас» дастанынын ЮНЕСКО тизмесине киргизилиши эки жылдан бери Кыргызстанда чоң талаш чакырып келатат.

Талаштын чоо-жайы Бишкекте өткөн талкууда да козголду. Ага эки өлкөнүн илимпоздору, маданият, адабият ишмерлери катышты.

Бөлөк элге кеп кетти

“Манас” дастанынын Кытайдагы кыргыз улутунун көөнөргүс мурасы катары ЮНЕСКО тизмесине киргизилиши Кыргызстандагы бир топ коомдук уюмдардын, маданият, адабият ишмерлеринин арасында кызуу талашты жаратты. Бишкектеги талкууда Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков “Манаска” укуктук жагынан ээлик кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ кытайлыктар эртеңки күнү улуу дастандын баш каарманын жаманатты кылып коюшу мүмкүнбү, суроосун Кытайдын Шиңжан педагогикалык университетинин профессору Мамбеттурду Мамбетакунга узатты.

- Көзү ачыктар Манас ким экенин көрүп эле турат. Анан ошондой кылып туруп биздин Манастын энергетикасын бузган иштер жүрсө, кыргыз өзү чакан эл экен, жери кооз экен, анан кыргыз элинин келечегине запкы келтирип аткан жокпузбу? Манасты эл аралык деңгээлде коргош, силер үчүн да, биз үчүн да чыныгы кыргыз үчүн иш жүрсө туура болот эле деп ойлойсузбу?

М.Мамбетакун кайсы бир жазарман Манасты жаманатты кылуу аракетин жасаса аны ошол эле Кытайдагы 190 миң кыргыз токтотуп коюуга күчү жетерин ырастап, улуу дастандын улуттук азчылыктын табериги, аны мамлекеттик деңгээлде коргоо, изилдөө ишине жол ачуу маселесин саясатташтырбоого чакырды. Улуттук азчылыктардын бейзат маданияты, рухий дөөлөттөрүн жоготпой сактап келаткандарга өкмөт тарабынан материалдык колдоо көрсөтүлүп келатканын мисалга тартты.

- Биздин Акчий, Улуучат айылдарында отуз бүркүтчүгө Кытай өкмөтү айлык берет. Бүркүт салгандыгы үчүн. Бүркүтчүлөр айылы курулду. Сен көрүп келген болушуң керек. Отуз комузчуга айлык берет. Комузду сактап калгандыгы үчүн. Отуз манасчыга айлык берет. "Манасты" сактап калгандыгы үчүн. Мен Памир кыргыздарынын өлөң айтуу салтын мамлекеттик корголо турган түргө киргиздим. Муну деле айтып коеюн. Келечекте өлөң айтуу салты ЮНЕСКОго жолдонуп кетсе балким мен сиздерден уруксат сурап жиберемби же өлөңдү өзүм жибере беремби, билбейм.

Айтылган, макул болушкан, жасашкан эмес

Мамбеттурду Мамбетакун “Манас” дастанын ЮНЕСКОнун бейзат маданияттын көөхары катары тизмеге киргизүү демилгеси колго алына баштаган чакта Кыргызстандын ал кездеги маданият министри Султан Раев менен ЮНЕСКО иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын ошол учурдагы жооптуу катчысы Жыпар Жекшеевге оозеки кайрылышканын, бирок да экөнүн убадасы ошол бойдон ишке ашпай калганын маалымдады.

ЮНЕСКО иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын ушу кездеги жооптуу катчысы Нур Күлчоро Керим мамлекетте маданиятка жетиштүү көңүл бурулбай, өлкө орто кылым караңгылыгына очорулуп батып баратканына токтолду. Маданий иш-чаралар кимдир бирөөлөрдүн гана демилгеси менен өтүп калды, деп айтты ал.

- Бирөөлөр жарыш уюштурат. Экинчилери башка иштерди. Сүрөөнчү менен колдоочулардын жардамы аркасында бир нерселер жасалат. Өкмөт кайда, кайда өкмөт? Өткөн жылкы болуп өткөн окуя үчүн баарыбыз күнөөлүүбүз, муну моюнга алып коюшубуз керек. Оозеки кайрылдыбы, кагаз жөнөттүбү мунун баары эми өткөн иш.

Ушул эле ойду манасчы Уркаш Мамбеталиев да улантты. Кенебей жатып алган алатоолук кыргыздардын азыркы чатагын көрсө кабылан Манас өзү деле таң каларын акындыкка салып, азыркы манасчы момундай сүрөттөдү.

- Эми кабылан Манас болгондо дейт. Ушул кепти укканда, Аккуланын үстүнөн ооп туруп жыгылмак, Топого башы тыгылмак, дейт.

Бирок айкөл Манасты айран калтырчу иштер азыркы кыргыз турмушунда ансыз деле толтура.
XS
SM
MD
LG