Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:24

Аптанын маданий окуялары


Пианист Азамат Сыдыков
Пианист Азамат Сыдыков

6-сентябрда Ош драма театрында классикалык музыканын кечеси өтөт. Бул кайрымдуулук концертти Москвадагы эл аралык пианисттер сынагынын лауреаты, Москва консерваториясынын аспиранты, жаш пианист Азамат Сыдыков АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жана Ч. Айтматов атындагы эл аралык фонддун колдоосу менен уюштурууда.

Концертке Асанкан Жумакматов атындагы мамлекеттик симфониялык оркестр, дирижер Рахатбек Осмоналиев, пианист Азамат Сыдыков, ырчылар Садыр Жумашев жана Бакыт Ыбыкеев катышат.

Жаш пианист Азамат Сыдыковдун баамында, сөз менен айталбаган нерселерди музыка аркылуу берсе болот. Анткени классикалык музыканын тили баарына тааныш.

- Көптөр айтат го, сөз бүткөн жерде музыка башталат деп. Такыр сөз чыкпай калганда музыканы ар бир адам түшүнөт экен. Анткени музыка бул эл аралык тил деп айтаар элем. Мен ишенем, биздин кыргыз маданияты эч качан өчпөйт, эч качан өлбөйт. Себеби биздин артисттер искусствого болгон сүйүүсү менен жашайт.

Ырчы Садыр Жумашев акыркы айларда Кыргызстанда орун алып жаткан окуялардан улам искусствонун аба менен суудай зарылдыгы келип чыгууда деп белгилейт:

- Элдин маанайы чөгүп турган убакта биз аларга жардам беришибиз керек. Чыгармачыл адамдардын баары элден чыккан. Элдин жүрөгү ооруп турган кезде биздики эки эсе ооруп турган убак.

Бул өңүттөгү кайрымдуулук концерт жакында эле Бишкекте Опера жана балет театрында “Толеранттуулук – тынчтыкка карай жол” деген аталышта өткөн.

Махабат тууралуу тасма

7-сентябрда Бишкектеги тарых музейинде “Сүйүү жөнүндөгү оюн чындыгы” аттуу тасманын бет ачар аземи өтөт. Тасманын автору Диана Токтосунова, ал эми койгон режиссер Медин Учукеев.

Режиссер Медин Учукеевдин айтымында, тасманын негизги идеясы өспүрүмдөргө таалим-тарбия берүү жана билим аркылуу гана бардык нерсеге жетүүгө болот деген ойду чагылдыруу:

- Бул кинодо негизинен 7-8-класстын окуучулары катышкан. Бул тасмада биз билим аркылуу сүйүүгө, достукка жетүүгө боло турганын чагылдырдык. Анткени маданият, билим гана чоң нерселерге жеткирет эмеспи.

“Свет аке” тасмасы Канадада

9-сентябрдан тарта режиссер Актан Арым-Кубаттын «Свет аке» тасмасы Канадада көрсөтүлөт. Режиссердун айтымында, «Свет Аке» Канададагы 35-Торонто эл аралык фильм фестивалына катышат. 10 күнгө созулган бул фестивалда, кыргыз режиссерунун тасмасы 10-сентябрда сынчылардын назарына коюлат. Фестивалдын жүрүшү тууралуу тасманын режиссеру Актан Арым-Кубат “Азаттыкка” буларды айтты:

- Канадада буга чейинки ар түрдүү фестивалдардан өткөн мыкты тасмаларды көрсөтүшөт. Дагы бир өзгөчөлүгү – бул тасманы Канада сатып алган экен. Ушул фестивалда көрсөтүлгөндөн кийин чет өлкөлөрдө көрсөтүлө баштайт.

Элеттеги электрикчинин турмушун сүрөттөгөн бул тасма буга чейин Канн, Локарно фестивалдарына катышып келген. «Фестивалдардын фестивалы» деген атка конгон Торонто фильм фестивалында дүйнөнүн кеминде 60 өлкөсүнөн келген 300гө жакын тасма көрсөтүлмөкчү.

Сөздүн күчү бүткөн жерде музыка башталат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:08 0:00
XS
SM
MD
LG