- Кадыркул мырза, Барпы акындын 125 жылдыгынын алдында анын буга чейин жарыяланбаган чыгармалары камтылган жаңы китеби жарык көрдү. Мына ошол китеп жана анын өзгөчөлүгүн айта кетсеңиз?
- Барпынын жолу бир жагынан ачык, бир жагынан абдан оор болду. Бул китеп 1994-жылы чыгыш керек эле. Ал кезде чоң той болгон, кошумчалар кошулган, башка облустардан адамдар барган, ошондо китеп чыгарса болот эле. Бирок ошол кездеги облустун жетекчилери маданият менен анча иши жок экен, адабиятка көп баа бербей, акчалардын баарын ары-бери чачышып, жок кылышып, ошол китеп чыкпай 15 жыл менин колумда жатты. Анан быйыл чыгарышты. Аны бир Ташиев деген азамат өзүнүн жанынан акча берип чыгартты.
- Бул китепте Барпы акындын кайсы мезгилдеги чыгармалары жөнүндө сөз болот?
- Негизинен эки томдугу чыкмак да. Биринчи тому 1995-жылы эптеп чыккан. Бул экинчи тому. Экинчи томунда негизинен махабат ырлары толук чыгат. Анан кийин ушул күнгө чейин жарык көрбөй келе жаткан элдик дастандары бар, өзүнүн кошок ырлары бар, бир тууган агасы, жалгыз кызы, эң акыркы баласы өлгөндө кошкон чоң кошоктор. Ал ушунчалык бийиктикке жеткен кошоктор. Бизде буга чейин чогултулган фольклордук жана башка материалдардын ичинде андай кошоктор жок. Анан Совет доорунун учурундагы басмачылар, Улуу Ата Мекендик согуш мезгили жана башка буга чейин жарыялана элек ырлары көп кирди.
- Барпынын 125 жылдыгы өткөн жумада Сузакта белгиленди. Ал иш чара кандай өттү.
- Бул негизинен облустун деңгээлинде болду, андан өйдө да болгон жок, ылдый да болгон жок. Илимий конференция өткөрүлдү, андан башка оюн-зооктор, концерт болду. Азыр эми ушундай учур экен. Бул ушуну менен эле калбаш керек, бул дагы каралыш керек, дагы окулуш керек, дагы Барпы жөнүндө чоң проблемалар болуш керек, карала турган проблемалар бар.
- Улуу акындын балдары тууралуу айта кетсеңиз?
- 1946-жылы Медина Искендерова Багданова деген Москвадан келген окумуштуу болгон, өзү согуш учурунда ушул жерде иштеп кеткен. Анан ошол өзүнчө бул жерде топ түзүп алып Жалал-Абатка барган элдик материалдарды, фольклор, тил боюнча чогултабыз деп. Анан “Барпы акын менен жолугушуу” деп коюлган бир пункту бар. Дептери менин колумда турат, өз колу менен жазган жана Барпынын өз оозунан жазып алган. Ошондо келип өмүр баянын, анын биринчи устаттары ким болгонун, кайда жүргөнүн, кантип ырдап чыкканын, баардыгы ошондо жазылып турат. Ага чейин туура эмес эле божомол, бир нерселер жазылып келген көпчүлүгү.
- Рахмат маегиңизге.