Аталган бирикменин алгачкы которулган, башкача айтканда кыргызча дубляждалган өзбек тасмасы Бишкекте коюлмакчы. Бул тасмада жада калса саунд трэктери да кыргызчаланган.
Өзбек кино жылдыздарын кыргызча сүйлөтүүнүн үстүңдө иштеген “Sonun Music” студиясынын жетекчиси Тынчтыкбек Кожобеков азырынча орусия жана батыш кино тасмаларын сатып алуу кымбат экенин айтат:
- Алгач эле өзбек кинолорду которуу менен ишти баштадык. Бул тасма бүт укуктары сакталып кыргызчаланды. Ал эми батыш же орус кино тасмалаларын биз азырынча которо албайбыз. Эмне үчүн дегенде алардын лицензиялары аябай эле кымбат турат.
Кыргызстан эгемен болгондон бери саналуу гана чет элдик тасмалар мамлекеттик тилге которулган. Кыргызчалоо ушул күнгө чейин мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлбөй келет. Учурда бул жумуш менен дээрлик жеке студиялар жана демилгелүү топтор алектенип келет.
Ушундай демилгелүү топтордун бири - УТРК карамагындагы “Дөөлөт” студиясы. Бул багытта иш жүргүзгөнүнө он жылдай болуп калган топтун жетекчиси Орозбек Мусакеевдин пикиринде, укуктук мыйзамдар бузулат экен деп күтүү туура эмес. Жөн гана, элге сүйгөн тасмасын кыргызча көрсөтүү максаты жогору туруу керек:
- Биз эч кимдин уруксатын албай эле которуп келебиз. Албетте жаңы чыккан, өзүнүн акчасын актай элек тасмаларды которуудан алыспыз. Аларга автордук укуктар болуусу керек. Ансыз мүмкүн эмес. Биз эски же акчасын эчак тапкан Голливуд тасмаларын которуп жатабыз. Андан сырткары таанып билүүчү даректүү тасмаларды которууга убактыбызды көп бөлөбүз. Антпесек биздин жаш өспүрүмдөр үчүн кыргыз тилинде берүүлөр аз.
Деген менен учурдагы кыргыз дубляжы бытыранды, талапка жооп бербеген деңгээлде, мамлекеттик колдоосу жок иштеп келүүдө. Ушундай пикирин “Ордо Production” ишканасынын башчысы, кино режисcер Шамил Жапаров ортого салды.
Ал тасма которууга мамлекет маани берип, биргеликте иштегенде гана маселе алдыга жылуу мүмкүндүгүн белгилейт:
- Бизде жөн гана куру сүйлөп тим болушат. Чыны менен тасманы мамлекеттик тилге которуу менен эне тилди өнүктүрүүнү кыйла алдыга жылдырса болот. Дубляжды мамлекеттик атайын программага киргизүү зарыл. Учурда эмне болуп жатат? Каракчылык менен жеке тараптар которуу аракеттерин көрүп келүүдө. Бир сөз менен айтканда учурда Кыргызстанда тасма которуу, кыргызчалоо жок.
Ошол эле учурда Кыргызстанга салыштырмалуу кошуна мамлекеттер дүйнөлүк бет ачар тасмаларды Орусия өңдүү өлкөлөргө теңтайлаш өз тилине которууну эчак өздөштүрүп алышкан.