Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:51

Д.Нарынбаев: Жаңы Конституция Венеция комиссиясын таң калтырды


Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары Өмүрбек Текебаев баш болгон кыргыз делегациясы 30-майда Италияга барышып, Венеция комиссиясын жаңы Баш мыйзам менен тааныштырып, өлкөдөгү саясий абал, Конституциялык реформа тууралуу маалымат беришип, бүгүн таңга маал Бишкекке кайтып келишти. Буга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна Конституциялык кеңешменин катчысы Данияр Нарынбаев жооп берди.

- Венеция комиссиясы Баш мыйзам менен таанышты, кандай баа берди?

Данияр Нарынбаев: Венециялык комиссия биздин Баш мыйзамды терең изилдеп чыкты. Көп эксперттер иштешти, бардыгы болуп 15 мамлекеттин суроосу каралды эле, ошонун бири биздин жаңы Конституциянын долбоору болду. Венециялык комиссиянын мүчөлөрү кызуу талкуулашты, көп жакшы ой-пикирлер айтылды. Акырында жүрүп толугу менен бизди колдошту. Анча-мынча талкуулардан кийин жакшы жыйынтыктарга келишти.

Адам укуктары боюнча бизде жазылып турат, эл аралык келишимдер башка келишимдерге карама-каршы келсе анда үстөмдүк кылат деп бул жобону колдошту. Туура, адам укуктарын сыйлаган мамлекет ушундай жоболорду киргизет деп белгилеп кетишти.

Андан тышкары биздин депутаттарыбыз шайланганда бир да уткан партия 65тен ашык добуш алалбайт дегенди таң калуу менен кабыл алышты. Бирок ошол эле учурда биздин абалды эске алуу менен бул туура деген чечимге келишти. Эң акыркысы, көп суроолорду пайда кылган – бул Конституциялык Соттун Жогорку Соттун Конституциялык палатасына айланганына пикирлерин айтышты. Колдогондор да болду, колдобогондор да болду. Бирок көпчүлүгү формасына көп маани бербей, эң негизгиси маңызына карайлы деп айтты. Маңызында Конституциялык көзөмөлдөө функциясы бул бир гана өзүндө калган эмес, тесерисинче, кеңейтилди, бизди мындан ары адамдарыбыз Конституциялык палатага кабыл алынган мыйзам боюнча, иштей элек жаткан мыйзам боюнча да кайрылганга укугу бар дегени абдан чоң колдоого ээ болду.

- Президенттин ыйгарым укуктары туурасында да кандайдыр бир сунуштар айтылдыбы?

Данияр Нарынбаев: Президент тууралуу таң калуу менен кабыл алышты. Бизде мындай деп жазылган: бир жаран бир гана жолу президент болуп алты жылга шайлана алат. Башка мамлекеттерде мындай тажрыйба жок, бул жаңылык. Бирок мунун да жакшы жактарын белгилеп кетишти. Бул эмнени билдирет? Жаңы президент шайлангандан кийин экинчи мөөнөткө даярданып, өзүнүн укуктарын кеңейткенге, административдик ресурсту колдонгонго жол бербейт.

- Венеция комиссиясынан кортунду алуу бизге канчалык деңгээлде маанилүү?

Данияр Нарынбаев: Бизге абдан маанилүү. Себеби европалык өлкөлөр ар бири Конституцияны жаңыртып атканда, же оңдоп-түзөөдө сөзсүз түрдө Венециялык комиссияга кайрылат. Бул абдан авторитеттүү, абдан белгилүү органга айланды. Мына 20 жылга толуптур, биз ошол салтанатына да катышып келдик. Бизге маанилүү болгону – бул европалык талаптарына жооп бере турган Конституция дегенди билдирет.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG