Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:53

Коммунисттер шайлоого К. Бакиев менен бирге барат


Кыргызстандын коммунисттери келаткан президенттик шайлоодо Курманбек Бакиевдин талапкерлигин колдой турган болушту. Коммунисттердин ишембидеги кезексиз курултайында ушундай чечим кабыл алынды.

Курултайда чү дегенде эл Бишкек шаарынан келген делегат Эгемебердиев Шерали президент Курманбек Бакиевдин талапкерлигин колдоого алуу жөнүндө сунуш киргизди. Анын соңунан нарындык коммунисттердин өкүлү Мырзабеков Асанбек бул сунушту колдоого чакырып кетти.

Ошол эле учурда коммунисттер президенттик шайлоого өзүнүн талапкерин көрсөтүшү керектигин, бийликтин талапкерин колдоого алуу коммунисттик партиянын аброюн түшүрүп, анын эл алдында жүзүн жоготот деген каршы пикирлер да айтылды.

Жаш коммунист Сергей Кожемякин коммунисттердин башкы максаты социализм түзүлүшү экенин эскертип, кайнаса каны кошулбай турган башка системадагы талапкерди колдоого алуу таптакыр жаңылыштык болорун баса белгиледи.

- Биз коммунисттер социализм үчүн деген туруктуу позициядан тайбашыбыз керек. Ошондуктан бизди мындай масштабда азыркы бийликтин талапкерин колдоо максатында эч кандай карым-катышыбыз болушу мүмкүн эмес,-деди Сергей Кожемякин.

Партиянын лидери Исхак Масалиев бийликтин талапкерин колдоого алуу менен коммунисттер эл алдындагы жүзүн, аброюн жоготуп алышы мүмкүн деген тынчсызданууларга жооп кайтарып, эгер бул шайлоодо бийлик менен бир болбосо коммунисттер жүзүн эле эмес, башкасын бүт жоготуп алышы ыктымалдыгын баса белгиледи. Ошол себептүү ал өзүнүн талапкерлигин коюудан баш тартканын билдирди.

Ошентип коммунисттер көпчүлүк добуш менен шайлоодо Курманбек Бакиевдин талапкерлигин колдоого алуу жөнүндө чечимге токтошту. Коммунисттердин мүдөө-талаптарын жазып президентке жеткирүү жагы партиянын жетекчилерине жүктөлдү.

Коммунисттер шайлоого өзүнүн талапкерин алып чыгууга даяр эмес, убакыт да аз, каражат да аз. Масалиевдин айтымында, коммунисттик партиянын капчыгына бир жылда бир жылда миллион сомдой чогулат. Партиянын катарында чөнтөгү калың ишкерлер да жок, коммунисттер сырттан да эч кимден жардам күтпөйт.

-Бүгүнкү шартта шайлоого эки ай калганда биздин партия өзүнүн талапкерин көрсөтүп, ийгиликке жете албайт, ошондуктан биз өзүбүздүн талапкерди көрсөтпөй турган болдук. Азыркы талапкерлердин арасынан Курманбек Бакиевди өтө турган реалдуу киши деп добуш бердик, -деп билдирди "Азаттыкка" партия лидери Исхак Масалиев.

Талдоочулар коммунисттердин лидери Исхак Масалиев Бакиевдин утуп чыгарына көзү жетет, ошондуктан бийлик менен атаандашып чыгууга же саясий оюн чыгарууга батынбайт, андан көрө өзүнүн жактоочуларын оппозициядан оолак кармоонун аракетин көрөт деп белгилеп жатышкан.

-Учурда Исхак Масалиев менен бийликтин ортосундагы мамиле жакшы экендиги коомчулуктун баарына маалым. Андыктан экөөнүн ортосунда бир саясий оюн болот деп айтууга мүмкүн эмес. Себеп дегенде Масалиев менен Бакиевдин мамилеси оюнга бара турган деңгээлге түшө да, чыга да элек. Эгер бири-бирин колдонуп, ойнойм десе от менен ойногон болот да. Демек алар мамилесин бузбагандай кылып түзүшү керек. Ал эми Масалиев болсо шайлоодо Бакиевдин утуп чыгаарына көзү жеткенден кийин кандай болсо да өзүнүн талапташтарын оппозициядан алыс кармоо үчүн бардык аракетти көрөт, -дейт Кубан Абдымен.

Коммунисттер 2007-жылкы парламенттик шайлоодо үчүнчү орунга чыгып, парламенттен жети орунга ээ болушкан. Ага чейин коммунисттер мындай деңгээлге чыккан эмес. Ошондуктан байкоочулардын баамында коммунисттердин жетекчилиги азыркы бийликтин алдында айрым бир деңгээлде өзүн милдеткер да сезет.

XS
SM
MD
LG