Бул күнү ким сүйлөсө да – сөзүнүн төркүнү “Чыңгыз Айтматов чынында тирүү” деген мааниге барып такалып жатты. Көрүнүктүү актёр Чоро Думанаев а кишинин чыгармаларын мындан ары режиссёрлор театрда, кинодо жаңы көз караштар менен коё берерин эске алганда да өлбөстүгү көрүнөрүн белгиледи.
Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Дүйшөнбек Байдөбөтовдун айтуусунда, Чыңгыз Айтматов өз каармандарынын ролун аткарган артисттерди ашыра мактачу деле эмес экен. Эмгегиңерге ыраазымын, дагы иштегиле тааризинде гана кеп айтчу.
Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев Чыңгыз Айтматовдун ааламдан өткөнүн айсбергдин океан түбүнө чөгүп кеткенине салыштырды.
Чыңгыз Айтматовдун ааламдан өтүшү менен айрым иштер аягына чыкпай жатканына өкүнүч билдиргендер да бар. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артиси Бусурман Одуракаев бул боюнча мындай дейт:
- Мурдагы жылы жазуучуну Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев кабыл алганда эки тараптуу бир долбоорго жардам берүү жагы убада кылынган эле. Дагы эле колдоо күтүп атабыз эки мамлекеттен. Балким, Чыке тирүү болгондо бул маселе буга чейин чечилмек...
Ал эми Рауф Мамедовдун “Үйгө кеткен жолдогу түштөр” даректүү фильминде Чыңгыз Айтматов эмнегедир “20-кылым – менин үйүм” деген сөздү көп кайталаптыр. 21-кылымды жанына жуута албай тургандай...
Чыңгыз Айтматовду эскергендердин ичинен Ош облустук кинобирикмесинин деректири Адылбек Сарыбаев тарыхый кызык маалыматтарды ортого салды. Анын айтуусунда, Төрөкул Айтматов 1930-34-жылдары Оштогу Араван, Буура райкомдорунун биринчи катчысы болуп иштеп, азыркы Ош облустук кинобирикмеси турган имарат анын иш кеңсеси экен. Ал эми уулу Чыңгыз төрт жыл бою Оштогу номур биринчи бала-бакчада тарбияланыптыр. Ошол бала-бакча азыр жазуучунун ысымын алуу аракетинде.
Жылдыкка карата Кыргыз мамлекети Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүн куруп, эстелигин орнотуп койсо жакшы болмок деген пикирлер да арбын айтылып жатат.
10-июнда Чыңгыз Айтматовдун каза болгонуна бир жыл толду. Бишкектеги кино үйүндө улуу жазуучуну эскерүү кечеси өтүп, андан соң Чыңгыз Айтматовдун соңку өмүрүнө басым койгон “Үйгө кеткен жолдогу түштөр” аттуу даректүү фильм көрсөтүлдү.