Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Ош-Эркечтам жолунда азабыңды жейсиң


Кыштын күнү Ош шаарынан Алай же Чоң-Алай өрөөнүнө жол жүрүү накта азап. Айдоочулар жана жүргүнчүлөр жолдун катаалдыгын, акыркы мезгилде оңдойбуз деген ишканалар тарабынан талкаланып, каралбай калгандыгын айтышууда.

Оштон Алай же Чоң-Алай өрөөнүн карай сапар тартканда кадимкидей жүрөгүң зыркырайт. Себеби кокусунан жолдо калсаң, суугу сай сөөгүңдү сыздатат. Ооруп калыш кеп эмес.

Ак-Босого айылына жетпей машинесинин дөңгөлөгү ыргып, бактыга жараша, аңтарылбай калган Асылбек аттуу айдоочу Чоң-Алайдан көмүр тартып келаткан экен. Кудай сактап өзү жана шериги аман калыптыр. Кырсыкка жолдун тоңголоктугу, анан дагы автотетиктин сапатсыздыгы себеп болгондугун ачыктады.

Асылбек Ош-Сары-Таш-Эркечтам автожолун оңдойбуз деген ишканалар трассаны талкалап, мурдагыдай карабай коюшкандыгын да белгилей кетти.

Алайлык ишкер Таасил Абдылдаева эки жакка көп каттайт. Жол азабын көп тарткандыктан, айдоочуларга да, жолоочуларга да боору ачыгандыгын айтып берди.

-Айдоочулар да аябай оор шартта келип кетишет. Түнөп өткөндөр көп, бузулуп калгандары одон көп, ачка калгандары будан көп. Алар ушунчалык кыйынчылыкта барып келишет, карап туруп аларга биздин боорубуз ооруйт.

Таасил Абдылдаева жол такай көзөмөлдөнүп, опурталдуу жерлерге техникалар коюлбаса, райондук жана облустук борборго түгүл мобул турган Сары-Таш айыл өкмөтүнө элдин каттоосу кыштын күнү ого бетер кыйындай тургандыгын кошумчалады.

Төрөбек Жолдошев Кызыл-Кыя цемент заводунда эмгектенет. Пекин шаарынан ишканага ар бири 170 тонналык 3 тегирмен тартып келатышыптыр. «Кытайда кыйналган жокпуз, тилекке каршы, Эркечтам-Ош автожолу түйшүккө салып турган чагы»,- дейт Жолдошев.

-Шоро, Тоң-Мурун деген ашуулар менен аштык. Жолдор күрөлүү эле экен, бирок ойулмалар, жанагы серпантиндер талапка жооп бербейт экен, анын баарын кеңейттип өзүбүздүн күч менен алып түштүк. Кар бар жерди тазалайбыз, ойдуң жерлерин түздөйбүз, ошентип алып кетебиз.

Ош-Сары-Таш-Эркечтам автожол башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Абдимамат Мурзабековго Тоң-Мурун ашуусунда жолукканыбызда, алардын дарегине айтылган дооматтарга макул эместигин билдирди. Аталган жолду кытайлык «Чайна Роуд» компаниясы реконструкциялоого киришти. Бүткөрүлүшү 2010-жылга белгиленип жаткан, бирок иш азыркыдай темп менен жүрсө, эмдиги жылда толук бойдон пайдаланууга тапшырылат.

-Реабилитация иштери башталды жол тегиз. Тазалап туруу маселеси бул ошол подрядчиктин мойнуна “Чайна Роуд” деген кампания, Кытайдын компаниясы, контракта ошентип каралган. Ары жактан Эркечтамдан бери карай 17км. Алардын техникасы бүгүнкү күнгө эки бульдозеру, эки автогрейдери кар тазалап турат. Жол сөзсүз жакшы абалда болот быйыл. Ага биздин толук мумкүнчүлугүбүз бар. Көзөмөл эки тарптан, жолдун ээси катары подрячиктерди катуу көзөмөлгө алабыз.

Абдимамат Мурзабеков техникалар жетиштүүлүгүн, жолдун оң абалда кармалышы такай көзмөлдө болоорун убада кылды.



XS
SM
MD
LG