Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

Кыргыз укук коргоочу Тажикстанда кордук көргөнүн айтты


Февраль айынан тарта Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын абагында жаткан кыргызстандык укук коргоочу Нематилло Ботакозуев өз мекенине кайтарылды. Оштогу “Акыйкат сот-чындык” укук коргоо борборунун жетекчилиги Ботакозуев Тажикстанда оор кыйноого кабылганын, учурда анын саламаттыгы начар экенин айтып жатышат.

2008-жылдагы Ноокат тополоңуна тиешеси бар жана "Хизб-ут-Тахрир" партиясынын мүчөсү деп айыпталып, куугунтукка кабылган укук коргоочу, чет өлкөдөн баш паанек алуу максатында Дүйшөмбү шаарына барып, Тажикстандын атайын кызматтары тарабынан кармалган болчу. “Азаттык” Н.Ботакозуевге бир нече суроолор менен кайрылды.

- Сизди 26-февраль түнү Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдө дайынсыз жоголду деп бир топ чуу болгон эле. Ошол окуяны кандайча болгонун айтып берсеңиз?

-Мен качкын макамын алуу максатында Дүйшөмбүгө барган элем. Ноокат окуясы боюнча бирөөлөр менен маектешип отургам. Сыртта мени Тажикстандын атайын кызматынын өкүлдөрү күтүп отурушкан экен. Машинага салып эле алып кетишти. Ошондон бери Тажикстандын мамлекеттик коопсуздук жайында 85 күн кармалдым.

- Алар сизди кармаган себебин эмне деп түшүндүрүштү?

- Сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң деп суракка алышты. Мен Ноокат окуясы боюнча мага куугунтук болуп жатканын, бул жакка Бириккен Улуттар уюмуна качкын макамын сураганы келгенимди айттым.

- Укук коргоочу Равшан Гапиров сизди Тажикстандын атайын кызматтары катуу кыйнашканын айткан. Бул чынбы?

- Бул туура. Ушундай иштер болуп кетти. Бирок азыр бул тууралуу айтпай эле кое турганым жакшы.

- Бул ишке Кыргызстандын атайын кызматтарынын тиешеси болушу мүмкүнбү?

- Жок. Ал иште Кыргызстандын атайын кызматтарынын тиешеси жок.

- Тажикстанга сиз чет өлкөдөн баш паанек алуу максатында барган белеңиз? Эмне үчүн баш паанек сурап жатасыз?

- Ноокат окуясы боюнча бардык адамдардын кабары бара. 32 адам камалган. Ошол окуяга тиешелүү деп мага издөө салышкан. Кыргызстанда жашоого мүмкүн болбой калганда гана качкын макамын, кийин саясий качкын деген да макам сурадым. Бирок бул маселелер али күнгө чейин чечиле элек.

- Сизди Кыргызстанга кимдер алып келди?

- 23-май күнү Тажикстандын атайын кызматынын өкүлдөрү аэропортко алып келишип, Кыргызстандын атайын кызматынын өкүлдөрүнө тапшырышты. Учакка отургузуп, Бишкекке салып жиберишти.

- Сизге Ноокат тополоңунун уюштуруучусу катары кылмыш иши козголгон, андан тышкары “Хизб-ут Тахрир” партиясынын мүчөсү деп айыпталгансыз. Бул айыптар Бакиев бийлиги кулагандан кийин жабылып калдыбы?

- Куугунтук азыр да бар. Бул жөнүндө мен Равшан Гапиров менен маалымат жыйынын да өткөрөбүз. Куугунтук Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан болуп жатат. Бул кызматтын бир жетекчиси мага эскертүүлөрдү берди.

- Сиз эми эмне менен алек болосуз, укук коргоо ишиңизди улантасызбы же баш паанек алууга аракеттенип жатасызбы?

- Азыр бул маселени ойлонгон жокмун. Нервим да жайында эмес. Тажикстанда канча иштер болуп кетти. Бул жакта да ошондой эле иштер. Муну мен өзүмө келгенден кийин “Азаттыкка” кеңири айтып берем.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG