Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:29

БШК таза шайлоо болот деп ишенет


Шайлоого даярдык жөнүндө соңку абалды БШКнын маалымат менен камсыздоо боюнча жумушчу тобунун жетекчиси Самат Бөрүбаев баяндайт.

- Бүгүн президенттикке талапкерлердин шайлоого үгүт иштери токтотулду. Буга байланыштуу маселе ММКлардын иштөө усулу боюнча айта кетсеңиз?

- Бүгүн саат сегизден баштап президенттикке талапкерлер өздөрүнүн үгүт иштерин токтотушту. Негизинен бүгүнкү күндө БШК, жергиликтүү тийиштүү аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүү боюнча баардык даярдыктарды көрүп бүттү. Шайлоо бюллетендери ар бир райондук бүгүн-кечээ таратылды. Бүгүн райондук шайлоо комиссиялар аркылуу участкалык шайлоо комиссияларына таратылып шайлоо өткөргөнгө даяр бүгүнкү күндө.

-Самат мырза, бүгүн үгүт иштери токтотулганы менен балким УТРК, мамлекеттик ММКлар бир талапкерди кыйыр колдойт деп ойлобойсуздарбы, мисалы президенттик кызматын аткарып атат деп бир маалыматтарды көрсөтсө?

- Бүгүн талапкерлер тарабынан үгүт иштери токтотулуш керек кодекске ылайык. Биз аны көзөмөлдөйбүз. Андан тышкары шайлоочуларды шайлоого чакыруу, шайлоо комиссиялары тарабынан аларга чакыруу кагаздарын таратуу иштери бүгүн жүргүзүлсө болот. Шайлоого чакыруу үгүт иштерине жатпайт. Шайлоого келип кимге добуш беришин шайлоочулар өздөрү билет. Ал эми сиз айткан ММКларда мындай маалыматтарды кетпешине көзөмөл жүргүзүлөт.

- Мөөнөтүнөн мурда шайлоолордо добуш берүүдө мыйзам бузуулар менен коштолуп атат деген маалыматтар болуп атат. Ушул боюнча сиздерге кайрылдыбы, кайрылса кандай чара көрүп атасыздар?

- Мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча БШКга Шайлоо кодексинин талаптарын бузуу боюнча бизге расмий түрдө каттар келип түшкөн жок. Бирок алдын ала добуш берүү бир эле бизде эмес, дүйнөлүк практикада дагы бар. Мисалы, Беларусияда беш күн мурда расмий түрдө документтерин, себептерин көрсөтпөстөн эле добуш бергенге уруксат берилет. Ал эми Германияда болсо добушун жөн эле почта аркылуу жөнөтүп койгонго мүмкүнчүлүк бар. Бизде шайлоо кодексине ылайык сырткары чыгып кетип аткан жарандарга, милиция кызматкерлерине, чек арачыларга, ошондой шайлоо комиссиянын мүчөлөрүнө алдын ала добуш бергенге уруксат берилет.

- Мына ушул шайлоонун таза, ачык акыйкат өтүшүнө БШК канчалык деңгээлде кепилдик бере алат?

- Албетте, бул шайлоону өткөрүү баардык шайлоо комиссияларынын, ошондой эле шайлоого катышуучулардын да милдети. Бүгүнкү күндө шайлоонун таза, ачык, айкын өткөрүлүшүн көзөмөлдөө боюнча 516 эл аралык байкоочу катталды. Андан тышкары талапкерлерден, саясий партиялардан, коомдук уюмдардан, тийиштүү жарандык уюмдардан болуп 30 миңге жакын байкоочулардын болушу күтүлүүдө. Биздин шайлоо комиссияларында 23 саясий партиянын өкүлдөрү бар, 5820 киши. Алар дагы шайлоонун таза, ачык өтүшүнө кепил болот деген ишенич бар.

- Маегиңизге рахмат
.

XS
SM
MD
LG