Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Референдумга даярдык календардык план боюнча жүрүүдө


БШКнын төрагасы Акылбек Сариев
БШКнын төрагасы Акылбек Сариев

Референдумду өткөрүүгө жыйырма күн гана убакыт калды. Учурда Кыргызстанда 56 аймактык шайлоо комиссиясы куралып, 5-июндан тарта участкалык шайлоо түйүндөрүн түзүү аракети башталды. Бул арада референдумду өткөрүүгө көмөк көрсөтүүчү Конституциялык кеңешменин алдында түзүлгөн эксперттик жумушчу топ элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен алек болууда.


Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариевдин билдиришинче, референдумга даярдык көрүү иштери бекитилген календарлык пландын негизинде жүргүзүлүп жатат. Республиканын аймактарында участкалык шайлоо комиссиялары 5-июндан тарта түзүлө баштаган. Учурда Бишкектин эки районунда шайлоо түйүндөрү толугу менен куралып бүттү.

-Эми шаштырбаш керек. Анткени участкалык шайлоо комиссиянын курамын түзүү да өзүнчө бир жоопкерчиликтүү жумуш. Аймактык комиссиялар да өздөрү жаңы түзүлгөндүктөн аларга да бир аз кыйынчылык келет. Партиялардын талапкерлери менен маселе болбойт Анткени алар чучукулак менен тандалат. Ал эми калган жыйында көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча кичине кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Ошондуктан комиссия курамын шашпай түзүү керек. Ал эми Кыргызстандын өкүлчүлүктөрү жайгашкан бардык чет мамлекеттерде жалпы 29 шайлоо учаскалары куралды,-дейт БШКнын төрагасы Акылбек Сариев.

Буга чейин референдумду уюшуруу иштерине 133 миллион сом каралгандыгы маалым болгон эле. Акылбек Сариев референдумга сметада 130 миллион сом бекитилгенин, азырынча анын 24 миллион сому гана берилгенин билдирди. Ал каржы маселеси ушул аптада чечилет деген үмүттө экендигин кошумчалады:

-Эми ушул аптада калганын берет деп үмүт кылып жатабыз. Донорлор болсо маркировкаларды алып келип берет деп күтүп жатабыз. Эми колдон келген аракетти жасайбыз да. Референдумду негизи төрт ай аралыгында өткөрүш керек болсо, бизге бир жарым ай гана убакыт берилип жатат. Анын үстүнө жаңы комиссиянын курамында мурда шайлоо же референдум өткөрүү боюнча тажрыйбасы барлар аз болуп калды. Бир үч-төрт эле тажрыйбалуу мүчөбүз бар. Эми андай кыйынчылыктарга карабай референдумду өткөрөбүз. Бул баарыбыздын келечегибиз да.

Бул арада Конситуциялык кенешменин алдында түзүлгөн, референдумду өткөрүүгө көмөк көрсөтө турган эксперттик жумушчу топ өз ишин баштады. Жумушчу топтун мүчөсү Клара Сооронкулованын берген маалыматына караганда бул топтун курамында 5 киши бар. Алар республикалык шайлоо штабы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдары, массалык маалымат каражаттары менен байланышуу аркылуу элге түшүндүрүү жумуштарын мойнуна алышкан.

- Мисалы, мен массалык маалымат каражаттары менен байланышта иштеп жатам. Конституция боюнча берүүлөрдү даярдаганга кишлери таап бергиле деп телерадио, интернет, гезиттерден кайрылып жатышат. Ошол иштерди аткарып жатабыз. Ар кандай тренингдерди өткөрүп жатабыз. Мисалы, мурдагы күнү “Интербилим” менен ПРООНдун долбоору менен чогуу тренинг өткөрдүк. Анан Кыргыз драма театры, Арсен Өмүралиевдин, Нурлан Асанбековдун теартлары менен байланышып, театралдаштырылган постановкаларды койдуруп жатабыз. Элге жеткиликтүү болсун үчүн алар менен иштешип жатабыз,-деди Клара Соорокулова.

Ошондой эле ал референдумга даярдык көрүүнун алкагында Интербилим эл аралык борбору түшүндүрүү иштерин жүргүзө турган мобилдүү топторду түзө баштагандыгын айтып өттү.

-Бул топтордо Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү, юристтер, “Интербилимдин” кишилери бар. Бул топтор үгүт иштерин жүргүзө албайт. Ага укугу жок. Бул топтун ичинде үгүт иштерин жүргүзүүнү каалагандар биринчи БШКга арыз менен кайрылышы керек. Негизи булар түшүндүрүү иштерин гана аткарыш керек. Азыр алар атрибуттарын даярдап жатышат.

Өткөн аптада добуш берүүчүлөрдүн тизмелерин тактоо боюнча БШК “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы менен кызматташаары айтылган болчу. Коалиция өзүнүн байкоочуларын даярдоо менен катар, өлкөнүн 80 участкасында тизмени тактоо боюнча жардам көрсөтмөй болду. Ал эми бул күндөрү 60 эл аралык байкоочу БШКда катталып, алардын ичинен узак мөөнөттө иштей тургандары өлкөнүн аймактарына тарап кетишти.




  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG