Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:24

Гүлбара Ашырова: Аксы окуясын эскерүүгө бийлик бут тосуп жатат


Аксы курмандыктарына тургузулган эстелик
Аксы курмандыктарына тургузулган эстелик

Аксы окуясында жабыр тарткан адамдардын бири болуп саналат Гүлбара Ашырова райондо жергиликтүү бийлик өкүлдөрү элди аралап, акча таратып, кайгылуу окуяны эскерүүгө тоскоолдук кылып жатышканын “Азаттыкка” билдирди.

- Сиз 2002-жылы март айындагы Аксы окуясынын курман болгондорунун үй-бүлөлөрүнө райондук акимчилик 10 миң сомдон берип, үйлөрүндө эле куран окутууну кыйытып жатыптыр деген маалыматтар бар, ушул тууралуу сиз кененирээк айта кетсеңиз?

- Ооба, 13-март күнү бизде облустук, райондук деңгээлдеги бийлик өкүлдөрү элди аралап, 17-мартта боло турган эскерүүгө бут тосушуп, ошол жерге барбагыла деп элди үндөп, 5-6 каза болгон балдардын үйлөрүнө барып 10 миң сомдон акча берип, эскерүүгө ушунча жылдан бери барып эмне таптыңар, болду эми үйүңөрдө эле отургула деген сөздөрдү айтып, эскерүүгө бут тосушууда.

- Сиз Аксы окуясында жаракат алгандардын бири экенсиз, ошол окуя кандайча болгонун эскере кетсеңиз?

- Аксы окуясы бир эле биздин Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзүнө маалым болуп калды окшойт. Эскере кетейин, 2002-жылы 17-мартта биз өзүбүз шайлаган депутатыбыз Азимбек Бекназаровдун гана баш чара коргоону өзгөртүүсүн сурап, райондук акимияттын астына чыкканбыз.

Бирок ошол жерге жеткирбей, бийликтин солдаттары, ОМОНдору Боспиектеги ээн талаа эч ким жок жерде элдин алдын тосуп, урганын уруп, атканын атып, сабагынын сабап эң жаман акыбалга калтырган.

- Сиз кайсы жериңизден жаракат алдыңыз эле?

- Мени дубинка менен сабаган.

- Жаракан алгандарга дагы жергиликтүү бийлик көңүл бурабы, же эстен чыгып калганбы бул окуя?

- Эстен чыгып эле калды, эч ким деле көңүл бурбайт. Ошол кезде айткан ооруканалар бекер болот, бардык тарабынан жардам беребиз деп. Бирок аларды эч ким деле жасаган жок, жасабайт дагы.

- Эртең Аксы окуясында курман болгондорду эскерип, Кара-Жыгачка барып куран окута турган болушпады эл. Ошол жакка барыша турган болуштубу, же жанакыдай бийликтин айтканынан кийин барбай калышабы?

- Бийлик ошол жерге барбай койгула деп айтты деп барбай койбойт, эл барат, жалдагыдай эле ал жерде эскерүү митинги болот. Бирок жылдагындан да өзгөчөрөөк болобу деген үмүттөбүз быйыл. Себеби Аксы окуясына 7 жыл болду, 7 жыл чечүүчү жыл болот го деген ойдобуз.

- Ал жерге барганда Аксы окуясына чекит коюу боюнча талаптар да айтылабы, же куран окутуп эле тарап кетесиздерби?

Жок, ал жерге баргандан кийин биринчи 7 баланын абагына аталып куран окулат, экинчиден, бийликтин элге карата болуп аткан мамилелери жөнүндө сөздөр болот.

Элдер кандай кыйналып атканын биз дагы көрүп туруп, бийлик чындыкты айткан адамдарга кандай мамиле кылып алат, аларды көзүбүз менен көрүп, кулагыбыз менен угуп туруп, Бириккен Элдик кыймылга активдүү катышууга эртең чечим кабыл алабыз.

БЭКти колдойбуз. Себеби Бакиевди ишенип шайлаган элек, төртүнчү жылга кетти. Ушул жылдары эч нерсе жасаган жок, элдин койгон талаптарын да аткарган жок, элди кыйнагандан башка эч нерсе жасаган жок. Кыргызстанды тезекстанга айлантты.

XS
SM
MD
LG