Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:09

Адахан Мадумаров: Конституциялык талаага кайтып келиш керек


Адахан Мадумаров "Азаттыктын" студиясында, 2010-жылдын 13-апрели.
Адахан Мадумаров "Азаттыктын" студиясында, 2010-жылдын 13-апрели.

Белгилүү саясатчы Адахан Мадумаров Кыргызстандагы азыркы кырдаал боюнча 13-апрелде маек курду. Ал 5-февралдагы маегинде Курманбек Бакиевдин Конституциялык реформасын “Арабаны аттын алдына коюп алгандай” деп кескин сынга алган эле. Ал эми ага чейин бийлик башчысынын саясатына макул болбой Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан бошонуп кеткен.

“Азаттык”: Адахан мырза, 7-апрелде Кыргызстанда бир жагынан кайгылуу, бир жагынан ушундай окуя болуп өттү. Сиз бул окуяга кандай баа бересиз?

Адахан Мадумаров: Мындан беш жыл мурунку окуя кайталанды десем болот. Ошол мезгилдеги берген биринчи пресс-конференцияларда журналисттердин берген суроолоруна берген жоопторду байкап көрсөңүздөр, ошондо айтылган мындай жол менен бийликке келбейт деп. Мен ошондогу сөзүмдү кайталагым келет. Ойлорубуз канчалык асыл болбосун, канчалык жакшы болбосун, жанагыдай кан төгүлүүлөр кеткенде...

Кечээ кыргыз радиосунан Жайнагүл Максимова эжекебиз, Дүйшөк Мамбетөмүр абдан керемет ойлорду айтышты. Ошондо Жайнагүл Максимова эжебиз айтып атпайбы, элдин сөзүн укпай калган бийликти бир күндө кулаткан кыргыз элине бир чети суктансам, ошол эле түндө канчалык жапайчылык менен дүкөндөрдүн, ишканалардын талкаланганын көрүп намыстанам деп.

Менин да көкүрөгүмдөгү оюм дал ушундай. Бир чети сыймыктанабыз, биз эч качан жетеленип кетпеген, эркиндикти сүйгөн эл. Же болбосо ак илбирстин тукуму дегендей, илибирсти канчалык зоопарктарды караңыз, аны үйрөткөн эч ким жок, ал көнбөйт, жөрмөлөп жүрүп оокат ичпейт да. Ошол сыяктуу мүнөзүбүз бар.

Экинчи четинен карап көрсөк ушунчалык майда, маданиятсыз болуп баратканыбыз өкүндүрөт. Эми мунун себептери өтө терең, 90-жылдары союзду таратып алгандан кийин баары өзүбүздү өзүбүз билебиз, өтүгүбүздү төргө илебиз деп, эгемендик, эркиндик деген ушундай болот экен деп, батышын да, чыгышын да туурадык. Натыйжада келип кыргыздын жүзү бир аз өзгөрүп кеткен сыяктуу. Ошондуктан менин баам бир тараптуу эмес. Биринчиден, дагы бир жолу келечектеги муундарга, айрыкча атка минерлерге сабак боло турган окуя болду. Канчалык кыйын болбогун дүйнөгө түркүк боло албайсың дегенди көрсөттү. Экинчиден, дале болсо өтө маданиятсыздыгыбызды көрсөтүп алдык, ошонусу өкүнүчтү.

“Азаттык”: Ушул окуялардын түпкү себеби эмне болду деп эсептейсиз?

Адахан Мадумаров: Түпкү себеби, бардык эле жетекчилердин бир гана кемчилиги болот, айланасына тек гана “хоп” дегендерди жыйнап алгандыгынын кесепети болду. Мен азыр айтсам жарашабы, жарашпайбы билбейм, ал боюнча сиздин кабарыңыз бар. Ошол мезгилде айтылган сөздөрдү же гезит беттерине, же радио аркылуу уктурганга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Мындан туптуура 6 ай мурда, анда айткандарымдын күбөлөрү бар, аман-эсен го кыргыздын жигиттери Досбол, Данияр, Мурат Суталинов деген, ошолор күбө болуп отурган президенттин кабинетинде. Ал өзү деле угуп аткан болсо “жок болгон эмес” деп айта албас. Ошондо ачык түрдө “жакшы эмес жолдо баратабыз, кыргыздын жыты жыттанбай калды. Айланаңызга келген кишилердин бирден бир гана ою - соодагерлер, кыргыздын мыкты чыккан жигиттерин жутуп, келечекте сизди жарга түртөт. Ошол жолдо баратасыз. Сиз абдан начар жол менен баратасыз, сизге ийгилик каалайм” дегемин.

Мени кызматтан ал киши (Бакиев) бошоткон жок, мен ал кишиге каршылыгым да жок, капачылыгым да жок. "Эгерде ушуларды айтууга жол бербей турган кызмат болсо, анда мен сизден суранып келген эмесмин, кызматыңызды кайра тартып алыңыз" деп басып алып чыгып кеткем.

Ушул нерсе жеткирди. Чындык жетпейт. Акыйкат жетпейт.

Баласы абдан көп зыян келтирип койду. Убагында мен тараптан өтө көп сөздөр айтылган, мамлекеттик кызматкер жөнүндөгү мыйзамга карама-каршы келээри тууралуу айтылган.

Экөөбүз маек курганда (Азаттыктын кабарчысы менен) эки ай башта айтпадым беле, арабаны аттын алдына коюп алып чуркаган бойдон баратат. Андай болбойт, бир күн болбосо бир күнү оодарылып түшөт. Мына оодарылып түшөөр күн болду. Таба эмес, тобо келтирип айтып атам.

Мен эч кимди, өзүңүз күбөсүз, кызматымда турганда айтып алам, кызматтан кеткенден кийин баатырлар көбөйөт. Ошон үчүн А.Мадумаров кайда, эмне үчүн пикирин билдирбейт дегендерге айтаарым, менден башка билдире тургандар толуп кетпедиби. 2005-жылы да ушундай болгон. Акаев кызматта турганда айтаарымдын баарын айтчумун, ал киши кетти, мына беш жылдан бери ал киши жөнүндө бир да сөз айтпайм. Бакиев кызматта турганда кабинетине кирип жаман-жакшы болуп, кызыл чеке болгуча айтыштык, бул киши кызматтан кетти, бул киши жөнүндө дагы эч нерсе деп айткым келбейт. Себеби маданиятым ага уруксат бербейт.

“Азаттык”: -
Адахан мырза, азыр кырдаал өлкөдө абдан кыйын десек да, оор десек да болот. Ушул акыбалдан чыгыш үчүн кандай аракеттер зарыл, убактылуу өкмөт үчүн дагы, анан азыркыга чейин өзүн президент деп санап турган Бакиев үчүн дагы?

Адахан Мадумаров: -Эгерде чындап кыргыз деп көкүрөгү кагып аткан болсо, эки тарап тең сөзгө келиши керек. Мына мен кечээ Польшадагы болгон кырсыкты үй-бүлөм менен карап отуруп көзүмөн жаш тегеренди. Караңызчы, Мазовецкийден бери баары катышып атышат, бул киши патриарх. Бул киши 87-88 ге келип калды.

Караңыз биринчи президент Лех Валенсанын ыйлап атканын, караңыз Александр Квасневскийдин ыйлап атканын, караңыз кечээ эле шайлоодо бири-бири менен аябай кызыл чеке болуп атаандаш болгон Дональд Тусктун көзүнөн жаш чыгарып, кайгырып атканын. Караңыз, мына улуу эл, журт. Бизде кеткендин аркасынан чукумай, кеткендин аркасынан көммөй.
Ошондуктан убактылуу өкмөткө кайрылып, биринчи күндөн баштап аксакалдарды Жумагул Сааданбековду дагы, Мамат Айбалаевди дагы, бир топ аксакалдарды айтып, теледен чыгып кайрылбайсыздарбы деп жатам.

Кайгырганым жамбаш, уча жеген учурда гана аксакал болуп калдык го биз.

"Ийне учуна илип алар булут жок" жазат го го кыргыздын залкарлары чыгармаларда. Ошол сыяктуу башка күн түшкүндө эки ооз сөз айтаар аксакал калбай калдыбы, садагаң кетейин кыргыз. Кимдин сөзүн угат кыргыз?

Аларды дагы ушул жолго түшүүгө мажбур кылышпадыбы. Ошол аксакалдар аксакал бойдон калышы керек эле. Бирок каран калган дүйнөнүн аркасынан менин балама, кызыма кызмат бер, мага орден, сыйлык бер деп жүрүп ошолор да жалпайып, майдаланып кетишпедиби.

Конституциянын талаага кириш керек. Биринчи мүнөттөн баштап ушуну айтып келатам. Жаманбы, жакшыбы парламент бар. Менин деле көкүрөгүм сүйүп турган парламент эмес азыркы парламент. Билесиз, мен алар менен кандай болуп кеткенимди, билесиз ошолорду мени кызматтан бошотуп койгула деп кайрылганымды. Мына ошол парламент аркылуу жаманбы-жакшыбы жол бар. Дүйнөлүк коомчулук карап турат . Биз өзүбүз кыргызбыз, кыйынбыз деп айтканыбыз менен, дүйнөлүк коомчулук тааныбаса, дүйнөлүк коомчулук камкордукка албаса, алар келип биз менен алака түзбөсө, анда жагдайыбыз өтө кыйындайт.

Ошол конституциялык талаага келиш биринчи жол. Экинчиден, жарака кетирген кыргыздын биринчи душманы деп, Мадумаров улутчул деп канча какшап, жазып да жүрүштү. Бакиев дагы айтып атпайбы, "эгерде менин каным төгүлсө анда кан төгүлөт" деп. Демек, илгертен баштап эле сенин отурган креслоң, оң жагына дагы, сол жагына да айтып коеюн бирдей, отурган креслоң бул тек гана сенин жеке ички амбицияң болуп келген экен. Ушул жагдайды көрүп туруп жазыш керек, мен ушул Конституциянын кепили боло албагандыгыма байланыштуу мындан ары карай президенттик милдетимди аткара албайм, өз эрким менен баш тартам деп баш тартып кетип калыш керек. Анан эки жактан кан төгүлөт деп отурган, бул жеткен адамкерчиликсиз мамиле болуп турат.,

“Азаттык”: Адахан мырза, конституциялык талаага келүү дегенде парламент тарабынан импичмент жарыялоо жолун көпчүлүгү айтып жатышат. Сиз бул ишти аткаруунун кандай механизмин көрөсүз, кандай жолдо кетиш керек?

Адахан Мадумаров: Парламент импичмент жарыялаш үчүн ошол парламент болушу керек эле да. Анан келип-келбей атып бул убактылуу өкмөт парламентти жокко чыгарып салбадыбы. Кимдин атынан жокко чыгарды?
Декреттерди кабыл алып, Бакиевди сындап атышат, мыйзамсыз аракеттер болгон деп. Азыркы декреттер канчалык деңгээлде мыйзамдуу. Убактылуу элдик өкмөт дейт, элдик өкмөт болуш үчүн анын өзүнүн кандайдыр бир жол жобосу болуш керек да. Айтор толгон-токой суроолор көп.

Алардын ичинде сабаттуу кишилер бар, юридикалык жактан сабаттуу кишилер бар. Аткарган иштерине, айтып атпайбызбы, эртеси күнү Ала-Тоо аянтында топтолгон жигиттерди барып, токтоткула, бары кетсин деген кайрылуулар болду да, ишкерлер тарабынан талап-тоноочулукту токтотолу деп. Айтышпадыбы, аянтта тургандар биздин жигиттер эмес деп. Анан кимдики? Мен түшүнбөйм ушул жактарын.

“Азаттык”: Убактылуу өкмөттө тургандардын планы боюнча жакынкы учурда Конституция кабыл алынып, андан кийин парламенттик, андан кийин президенттик шайлоо өткөрүлүш керек деген сунуштар бар. Парламенттик өлкөгө айланышыбыз керек деген сунуш бар. Ошол багытта кетип жатат. Сиздин өзүңүздүн көз карашыңыз боюнча, бизге ушул сунушталып жаткан парламенттик бийлик системасы ылайыктуубу? Ушул мөөнөттөргө биз шайлоолорду өткөрө алабызбы? Себеби азыр бийликтеги лидерлер айтып атат, Бакиев менен Куловдун тандеми бир жарым жылга араң чыдады эле, биздин ондон ашык тандемибиз алты айга чыдаса экен деп. Ушул мөөнөттөр боюнча, Конституция боюнча кандай көз караштасыз?

Адахан Мадумаров: Мөөнөттөр боюнча көзү ачыктык кылбайлы. Алдына койгон максаттарына жете беришсин азаматтар. Бирок конституциялык реформа жүрөт дегенде кимдин атынан, кантип жүрөт? Референдум жолу менен алабыз дейт, референдумду ким жарыялайт? Бизде күчүндө турган Конституция боюнча 300 миң шайлоочу болуш керек, же президент, же парламент болуш керек. Президент кетти, парламентти кетиришти. 300 миң шайлоочу боло турган болсо, анда ал Конституцияны жокко чыгарышты. Кантип кабыл алабыз? Кеп ошондо. Кимдин атынан кабыл алабыз? Кыргыз элинин атынан кабыл алыш үчүн, аны ким иштеп чыгып, кандай кылып сунушталат, механизмдери кандай болот?

Парламенттик мамлекетке айланабыз дегенде, биз бир четтен экинчи четке катуу чабына бербесек. Биздин өзүбүздүн дүйнө таануу, дүйнө кабылдоо сезимибиз бар, биздин өзүбүздүн салт-санаабыз бар. Курултай деп курултайдын ашмалтайын чыгарышты. Өткөндөгү Ынтымак курултайы бул Жарылыш курултайы болду. Эгер ошол курултай болбогондо дагы ушул нерсе болушу мүмкүн эмес эле. Ошол курултай кайрадан күчөттү. Ошол президиумда отургандарды караңызчы, Масалиевдин тушунда, Акаевдин, Бакиевдин тушунда отургандар дагы эле отурушат. Мына ошондо жөнөкөй калк эмес, менин каным кайнап кетип атты. Мен ошол курултай болот экен дегенде, тамашалап бильярд ойноп аткан жерден Өзгөндөн кимдер келээрин эсептеп бергем. Дал ошолор келди. Анан тамашалап айтышты, сиз менен акылдашып курган окшойт бул курамды деп.

Биз бир президенттин каалоосун, бир президенттин аппетитин тойгузалбай азапты чегебиз, анда 75 же 90 президент болобу? Анда ар бир партиядан ар бир келген депутат, эртеси күнү министрди чакырат, сен кел мында, сен муну, сен тигини жаса, болбой турган болсоң мен сага азыр нааразылык, же ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени коем деп. "Багы бар элге бир башчы дейт, шордуу элге миң башчы" дейт. Кыргызстанга, мен 91-жылдан бери айтып келаткан темирдей тартип керек. Темирдей тартип болушу үчүн өзү таптаза болгон бир инсан керек. Джавахарлал Неруга окшогон, Махатма Гандиге окшогон аскет керек.

Алдына койгон максаты бек, бир гана нерсе, элдин турмушун оңдоймун деген азамат, инсан керек, болду. Ошондуктан бизде өтө күчтүү президенттик жана өтө күчтүү парламенттик формадагы бийлик керек.

“Азаттык”: Курманбек Бакиевдин кол тийбестиги декрет менен алыныптыр деген кабар бар. Буга сиз кандай баа бересиз?

Адахан Мадумаров: Кол тийбестикти декрет менен алганга эч кимдин эч кандай укугу жок. Дагы бир жолу айтайын бирөөлөрдү жамандайбыз, булар мыйзамды көзгө илбей койду деп, анан келип алып туруп өзүбүз мыйзамды көзгө илбейбиз. Жаманбы жакшыбы мыйзам бар. Кеп ал мыйзамдын жаман жакшысында эмес, мыйзам канчалык деңгээлде аткарылат ошого жараша ар бир мамлекетке баа берсе болот. Булар маданияттуу эл, салты бар эл, же болбосо булар оюна келгенди жасаган эл деп. Ошондуктан мен дагы бир жолу айтайын, эч бир тарабын мен азыр колдобойм. 2005-жылдагы революционерлербиз деп айтканда, мен айткам "мен революционер эмесмин" деп. Ошондо тиги киши менен (К.Бакиев) 200 метр Чүй проспектинде басып койгондордун баары революционер болуп чыкты. А кечээ Бакиевдин колун кармаганда бактылуу болуп жүргөндөрдүн теледен, радиодон аягы үзүлбөй жамандашып жатат. Ошондуктан бүгүнкү күндө көпүрө керек. Акыл эстүү деген азаматтар келип туруп сен да токто, сен да токто, мобуга келгиле дегендей маселе коюлуш керек.

“Азаттык”: Ошондой миссияны аткарууга же ошондой кылууга сизге эмне тоскоолдук болуп жатат? Сиз эмне үчүн ага киришпейсиз?

Адахан Мадумаров: Мен ошондой миссияны аткаруунун негизинде, жалгыз эле мен эмес, Кыргызстандын батышы, чыгышы, кокту – колоту, тоосу, тегиз жери, түндүгү-түштүгү болуп аттуу-баштуу деген аксакалдар менен беш күндөн бери ушунун аркасында аракет кылып атабыз. Бирок ошол аксакалдар убакытылуу өкмөт мүчөлөрү менен жарым саатка учурашууга мүмкүнчүлүк таппай жүрөт.

Учурашуу десе эле кызмат сурап жатат экен деген ой пайда болот экен. Кудай сактасын, азыркыдай кырдаалда кызматка келгенден. Кызматын кудай сактасын, айланайын. Эгерде кызматтан бактылуу болуп кеткен болсо ушул бири беш жыл, бири он беш жыл президент болгон кишилер бактылуу болор эле. Мен ойлойм, алар дүйнөдөгү эң бактысыз инсандар. Ошондуктан жанагы кызганычка алдырбаш керек, келип калыптыр демек бир нерсени каалап атыптыр дегендей бул деген өтө ичи тардык, өтө майдалык.

Бүгүнкү күндө эки тарапты тең желкесинен кармап отургузуп коюп туруп, мобуларды момундай кылып элдин, улуттун биримдиги үчун жасайсыңар деген аксакалдын жоктугуна күйүп атам. Акырында анан чыдабай кетип айттым, ушундай деңгээлге жеткен экенбиз. Менимче Чыңгыз Төрөкулович тирилип келип "токто" десе, ага дагы токтобой турган деңгээлге барып калыптыр эки тарабы тең. Бул деген эмне? Шайтандын иши менен баратышат. Кечээ Дүйшөк Мамбетөмүров коллегам абдан туура айтты, шайтандын жүр-жүр деген жолу менен жүрүп калыптыр, шайтандын бас-бас деген жагына басып калыптыр деп, абдан туура айтты. Мен кошулам ошол кишиге.

“Азаттык”: Маегибиздин соңунда дагы бир жолу сизден сурарым, өзүңүздүн саясий планыңызды сурабасак туура келбестир. Сиз кандай пландарды көздөп атат экен деген суроолор абдан көп болуп жатат. Сиз өзүңүз кайсы багытта, кандай иштерди жүргүзөйүн деген оюңуз бар?

Адахан Мадумаров: Биздин багытыбыз эс тарткандан бери эле, кудайга шүгүр. Ошол кечээки эле менин коллегаларым радиодон сүйлөгөн сыяктуу, бардык той-тамашаларда, жакшылыктарда мен бир эле тилек айтам, эң улуу тилек бар. "Эл караган жүзүң жер карабасын" деген. Анан бир дептерлерди барактап отурсам 9-класста жазган, ал кезде акыл тунук, сезим таза болгон мезгил болот эмеспи, ошондо жазыптырмын "бакыт деген эмне?" деп. "Бакыт деген бул сенин жасаган ишиңе элдин, биринчи кезекте ата-энеңдин кубаттап күлүп бата берип турган мезгили" деп жазылыптыр. Караңыз, ошол 9-класстагы Адахан Мадумаровдун акылы бүгүнкү күндө калдыбы? Ошондой тунуктук барбы? Жок. Себеп адам төрөлгөндө ошол турмуш кургуруң бузуп келе атат. Турмуш кургурду эмне үчүн буздурат, сени ошого мажбурлатат. Келгенде баары эле ант бергенде жакшы берет, же аларды ант дагы урбайт. Ошондуктан менин каалаганым, башынан эс тарткандан бери келе жатканым ушул: Эл караган жүздү жер каратпаса, кудай сүйгөн пендем деп жараткан болсо.

Экинчиден, биз ушул жолдон чыгуунун бардык тарабын ойлонобуз. Аксакалдарын, көпүрө болом деген азаматтарын, кыз келиндерин дагы ортого салып токтотушубуз керек. Биздин сунуш ушундай, төрт тараптуу комиссия түзөлү. Убактылуу өкмөттөн болсун төрт киши, Курманбек Бакиев тараптан төрт киши болсун, мына биз ушул жыйналып отурабыз деген "Ала-Тоо эл биримдигинен" да төртөө болсун. Бардык тарапты бирдей болгула деген кишилер төртөөбүз бололу. Барып убактылуу өкмөт менен сүйлөшүп, берчү сөздөрүн берип, укчу сөздөрүн угуп, анан Курманбек Бакиевге барып, аксакал ушундай жагдай болуп калды, өз арызыңыз менен жазып, биз ушул түзүлгөн кырдаалдан чыгып кетүүнүн жолун табалы, парламентти кайрадан жыйнайлы, бул декрет кызуу кандуулук менен чыгып калыптыр, түшүнөбүз. Парламентти жыйнап парламент аркылуу чечүүнүн эң кыска жолу бар да.
Роза Отунбаева өзү да депутат. Конституция боюнча президент кандайдыр бир себептер менен милдетин аткара албай калса, анын бардык ыйгарым укуктары төрагага өтөт. Ошондой эле жол менен кетип туруп, бир премьерди дайындап, анан министрлерди ошол Жогоку Кеңештен өткөрүп алган болсо бул бийлик көбүрөөк мыйзамдуу, көбүрөөк легитимдүү болмок эле, атаң көрү. Ошол жолго бара албады, мен ошого күйүп атканым.

“Азаттык”: Сиз ошондой деген менен убактылуу өкмөт Конституциялык соттун ишин токтоткону тууралуу дагы бир декрет чыгарды..

Адахан Мадумаров: Эми азыр күчүндө турган Конституциянын 2-статья бар: "Кыргызстанда эгемендүүлүктүн жана бийликтин булагы, бирден-бир туткасы эл болуп саналат" деп жазылган анда. Бул убактылуу өкмөттү колдой салган эл жок, айталы каршы дагы эл бар. Экинчиден, эл мени коргоп атат, мени колдоп атат, эгер мага кол салсаңар ошондо кан төгүлөт деп отурган Курманбек Бакиевди деле коргоп колдоп койчу киши жок. Аз болот. Сөзсүз коргоочулар да болот. Анткени, кыргыздык каада-салтыбыз бар. Күйүп баратсаң да, жаман болсоң да тууган-урук деген бар, жоро-жолдош, куда-сөөк деген бар, алар чыгат.

Бирок эки тарап тең ошолорду эрөөлгө коюп, кимиңер жеңет экенсиңер карап көрөлү деп, анан эки тарап тең жогору жакка чыгып алып, өздөрүнө чымын конбой турган жерге барып алып туруп, кагыштырып койгон менимче өтө туура эмес. Конституциялык Сотту жокко чыгарып, аларды таратып жибериш туура эмес. Тарыхта көп эле учур болгон диктатура орнотобуз деген. Владимир Ильич жумушчулардын диктатурасын орнотсо, кээ бир жерлерде мыйзамдын диктатурасы орнотулат. Кээ бир жерлерде жеке инсандын, кээ бир жерлерде уюшулган топтордун диктатурасы орнотулат. Кыргызстан кайсы жол менен баратканын, менимче “Азаттык” радиосунун угармандары абдан сабаттуу болуп калган, айрыкча кыргыздардын таксисти да сабаттуу, айылда жашап жаткандардын баардыгы сабаттуу, билип турат.

Ушуну азыркы кезде токтотпосок, аскердик учкучтарда бир түшүнүк бар, "точка возврата" дейт, "кайтуучу чек". Ошол кайтуучу чектен өтүп алгандан кийин, анан дагы кудай сактасын. Кошуна мамлекет өтө көп жылдардан бери, ушул күндөргө чейин токтоно албай келе атат. Мен кудайдан ушуну сурайт элем, эки тарабына тең акыл эс, инсап, сабырдуулук берсин. Кудай акыл-эс бербесе, башка жанагы айткан шайтандын жолуна түшө турган болсо, анда өтө көп азапка калган мамлекетибиз болобуз. Кудайдан ошону тилейм, ошол күндү кыргызга көрсөтпө. Доско күлкү, душманга таба кылба. Башка мындан өткөн бүгүнкү күндөгү тилегим жок.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG