Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

Отун-сууга тарифтер көтөрүлдү


Премьер-министр Д.Үсөнов электр кубатына жана ысык сууга тарифтердин жогорулашы жөнүндө парламентте депутаттарга маалымат берди.

Кыргыз өкмөтү эмдиги жылдан тарта электр кубатынын баасын эки эсе, ал эми жылуулуктун наркын 5-10 эсеге көтөрүү тууралуу чечим кабыл алды. Энергокомпаниялар жана керектөөчүлөрдүн электр кубатын уурдоого жоопкерчилигин күчөттү.

Расмий маалыматка ылайык, өкмөт элдерге тарифтердин жогорулашына байланыштуу чыгымдарды төлөө үчүн бир жарым миллиард сом бөлгөнү жатат.

Премьер-министр Данияр Үсөнов отун-сууга тарифтердин жогорулаган себептери жөнүндө парламент депутаттарынын алдында маалымат берди. Анын айтымында, тарифтерди жогорулатуу чечими 2007-жылы кабыл алынган менен бул боюнча иш алынып барылган эмес.

“Кыргызстанда электр энергиясына төлөнгөн баа өзүн актабайт. Анан ким карыздарды төлөйт, Камбар-Атаны ким курат? Ошондуктан электр энергиясына бааларды жогорулатуу өтө маанилүү”, - дейт Д.Үсөнов.

Премьердин айтымында, электр энергиясына тарифтердин жогорулашы менен айрым пенсионерлерге 200 сом компенсация төлөнүп берилет. Мындай буйрукка бүгүн президент Курманбек Бакиев кол койду. Буйрукка ылайык компенсация пенсиясы 4 миң сомдон ашпаган адамдарга гана төлөнүп берилмекчи.

Данияр Үсөнов билдиргенге караганда, азыркы учурда электр кубатына сегиз түрдүү тариф менен төлөнүп жатканын белгилеп, жаңы жылдан тарта калк үчүн бирдиктүү тариф коюла турганын билдирди:

“Тарифтер боюнча калк 71 тыйын, ишканалар 96 тыйын, башкалар 1 сом 19 тыйын төлөп келишкен. Ал эми Токтогул районунда 4 тыйын төлөнөт. Сегиз түрдүү тариф бар экен. Бул коррупцияны жаратат. Ошондуктан Кыргызстанда калк үчүн 1,5 сом, бир гана тариф болот."

Айрым депутаттар эки түрдүү тариф болуп, калк үчүн арзаныраак болсо деген сунуштарын айтышты.

XS
SM
MD
LG