Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

А. Абдрасулова: Фундаменталдык укуктар бүт бузулду


Шайлоо жыйынтыгына нааразылык билдирип чыккандарды милиция сабап туруп кармап кетип жатат.
Шайлоо жыйынтыгына нааразылык билдирип чыккандарды милиция сабап туруп кармап кетип жатат.

“Таза шайлоо үчүн” чыккандар көгала болуп сабалып, мыйзамсыз камалганы жөнүндө “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова билдирет.

-Кечээки көчмө соттук жараянга укук коргоочулар менен адвокаттарды киргизбөө аракети болгону айтылып жатат. Маалымат бере кетсеңиз?

- Кечээ бизге саат бирде маалымат түштү, 42 адам кармалып бүгүнкү күндө "приемник-распределителде" турат деп. Биз уккандан кийин дароо эле бардык. Биз менен кошо акыйкатчы да, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү барышты. Биз барганда оозэки жана жазуу жүзүндө канча ирет кайралганбызга карабастан, приемник-распределителдин кызматкерлери бизди коомдук өкүл катары, коомдук коргоочу катары киргизүүдөн баш тартышты.

-Кечээ милиция кармалгандарга күч колдонгону тууралуу маалымдадыңыз эле. Буга байланыштуу укук коргоочулар кандай аракеттерди көрмөкчүсүздөр?


- Кечээ приемник-распределителден кийин Кызыл-Аскерде аскердик дисбат деп коет экен, ошол жерде 22 адам Беш-Күнгөйдөн кармалып барып турушуптур. Мен өзүм кирип, ошол 22 адамдын бешөөнө коомдук коргоочу болуп сотуна катыштым. Сот түнкү саат 10 жарымга чейин улантылды. Ошол жерде денеси көгала болгон адамдарды өз көзүбүз менен көрдүк.

Сарманбетов деген жигитти Курманалиев деген министрдин орун басары өзү тээп мени урду деп айтты. Биз түн ичинде ага "тез жардам" чакыртып, ал адам Улуттук госпитиалдын урология бөлүмүнө жаткырылды. Дарыгердин айтуусунда анын бир жак бөйрөгүнө катуу доо кеткен деген диагноз коюлду.

- Бирок ал 7 суткага камалгандардын арасында бар да, анын ооруканада дарылануусу кандай болуп жатат?

- Кечээ дарыгер ооруканага сөзсүз алып барбаса болбойт деди, себеби оорусу коркунучтуу жана денеси да ысып турган экен. Ошондуктан алып кетти. Ал ооруканага барып жаткандан кийин аны менен байланыштык.

-2002-жылы Аксы окуясы да мына ушинтип жарандардын митинг, жүрүштөргө чыгуу эркиндигин чектөөгө болгон аракеттен улам кайгылуу аяктады эле. Бүгүнкүдөй күч колдонуунун арты эмнеге алып барышы мүмкүн?

- Мен ушул жерде ачык эле айтып коеюн, 2002-жылы Тайфун операциясына бүгүнкү үндөгү улуу урматуу президент кол койгон болчу. Ал кезде бул киши премьер-министр болуп турган. Ошондуктан Аксы окуясына кандайдыр бир деңгээлде Курманбек Бакиевдин түздөн түз тиешеси бар. Ошондуктан бир гана биз эмес, Курманбек Салиевич дагы ойлонушу керек Аксы окуясынын аягы эмне болуп бүтөөрүн жана бүгүнкү күндө жарандардын массалык түрдө кармалып аткандары эмне менен аяктап калышы мүмкүн экенин ойлонушу керек
мамлекеттин башчысы, элдин атасы катары.

Биз укук коргоочулар аябай тынчсыздануубузду билдирип атабыз бул боюнча. Кыргызстан демократиялык аралча деген аттан алыс болуп калды. Бүгүнкү күндө жарандардын дээрлик фундаменталдык баардык укуктары бузулуп атат.

-Азиза айым, сизге чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG