Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:21

К. Бакиевди Эл аралык кылмыш сотуна тартуу оңой болбойт


Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаев Беларус президенти А. Лукащенконун колтугуна барып жашынган экс-президент К. Бакиевди Эл аралык кылмыш соту аркылуу жоопкерчиликке тартуу кыйла кыйыш экенин билдирди. Анткени, бул үчүн БУУнун атайын чечими керек, мындай маселени БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги Кытайга окшогон ири өлкөлөр өткөрбөй да коюшу мүмкүн.

- Кечээ экс-президент К.Бакиев Беларустан билдирүү жасап, али Кыргызстандын легитимдүү президенти экенин, бул бийлигин өлөр өлгүчөктү коргоп каларын айтты. Буга кандай баа бересиз?

- Бакиевди эч бир өлкө Кыргызстандын куулган президенти катары кабыл албай койгондуктан, эң айласы кетип Беларуска барып Лукашенконун колтугуна кирип, ошол жерден эптеп баш баанек таап кармалып турат. Лукашенко бүт дүйнөлүк коомчулукка белгилүү, мына Европа канча жылдан бери Беларустун экономикасын өстүрбөй, жалаң Лукашенконун айынан санкция салып жатат. Лукашенко баш болуп бир топ жетекчилер Европадагы демократиялык өлкөлөргө барганга акысы жок. Мына ошондой жерге баргандан кийин кандай деп баа бериш керек. Демек бул Бакиевдин дүйнөдө эч кандай аброю болбогонун көрсөтүп турат.

- Беларус президенти Лукашенко К.Бакиевди эл аралык сотко алып чыгууга тоскоолдук кылышы мүмкүнбү, же эл аралык кандайдыр бир нормалар мүмкүндүк бербейби?

- Ал эч кандай тоскоолдук кыла албайт. Бирок биздин бүгүнкү бийлик айтып атпайбы эл аралык сотко алып чыгабыз деп. Эл аралык сотко алып чыккандын өзүнүн механизмдери бар. Бизде Гаагада Эл аралык кылмыш соту деген бар. Ошол сот 98-жылы кабыл алынган Рим статусунун негизинде иштейт. Тилекке каршы, Акаевдин, Бакиевдин заманында да ал статуска биздин Кыргызстан кол койгон эмес. БУУ атайын чечим кабыл алыш керек Эл аралык кылмыш соту Кыргызстандагы окуя боюнча ишти карасын деп. Косово менен Сербиянын согушу боюнча азыр сот болуп атпайбы. Бул атайын БУУнун чечими болот. Тилекке каршы, андайды да алып чыгыш оор. Себеби ал жерде Коопсуздук Кеңешинде Кытайга окшогон улуу өлкөлөр бар. Алар мындай нерсени өткөрбөй коюшу мүмкүн.

- Демек анда Бакиевди кайра Кыргызстанга кайтарып ала албай калуу коркунучу бар турбайбы?

- Ошондой коркунуч бар. Мен ошон үчүн атайын каршы чыгып айтып атпадымбы, билдирүү тараттым, муну чыгарбаш керек. Муну чыгарып жибергендин эки кесепети болду. Биринчиси, ошондон пайдаланып Жалал-Абадда жана Бишкектин тегерегинде жер талаштырып, акча таратышып, чуу-чатак кылып жиберди. Эми эптеп жолдорун издеп, аны кайра алып келгенге аракет кылыш керек.

- Бакиев абройлуу эл аралык уюмдар менен, ошондой эле үч чоң державалардын жетекчилерине макул болуп, арызын жазып берип, кайра Беларустан мен арызым негизсиз дегени бул адамдарды алдаганы болуп атабы?

- Ошол адамдарды да алдаганы. БУУдан, ЕККУдан атайын миссия келген. Ошолорду да алдап кеткени, биринчиден. Экинчиден, мен ошол миссияга да кичине күмөнүм бар, ошол миссияга кирген кишилерден. Тилекке каршы, азыр биздин азыркы убактылуу жетекчилер ошолорду тыкан билбегендиктен аларга ишенип койду го деп ойлоп атам. Себеби миссиянын ичинде да чынчыл эмес кишилер болуп калды да.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG