Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:19

Ахмадинежад ант берди


Махмуд Ахмажинежад парламентте ант берди. Тегеран, 5-август, 2009-ж.
Махмуд Ахмажинежад парламентте ант берди. Тегеран, 5-август, 2009-ж.

Ирандын кайра шайланган президенти Махмуд Ахмадинежад шаршембиде ант берип, мамлекет башкаруу кызматына кайрадан киришти.

Иран парламентинде чогулган депутаттар, расмий адамдар жана чет мамлекет өкүлдөрү астында Ахмадинежад ыйык Куранга колун коюп ант берип, андан аркы сөзүндө улуттук биримдик үчүн күрөшүп, “тышкы эзүүчү күчтөргө” каршы тураарын белгиледи.

Махмуд Ахмадинежад далай жумадан бери нааразылык акцияларын өткөрүп, полиция менен кармашуудан коркпогон эл тууралуу ооз ачкан жок, бирок көчөдөгү элди күчкө салып таратып, кээ бир жерлерде ок ачып, башка катаал ыкмалар колдонгон Иран бийликтерин айыптаган чет мамлекеттерди сынга алды.

- Өзүңөр уккандай, кээ бир чет элдик өкмөттөр Ирандагы шайлоону тааныйбыз, бирок куттуктоо жөнөтпөйбүз деп жарыялашты. Мындай мамиленин себеби кандай? Ал жөнөкөй эле – андай өлкөлөр демократия өзүлөрүнө гана кызмат кылышын каалашат. Алар эл добушун же укугун урматтабайт. Өзүлөрүн гана демократиянын мыкты стандарты жана көрсөткүчү деп санашат. Биздин мамлекет андай жүрүш-туруш менен аң-сезимди жектейт, ага каршы турат.

Парламент залында баары тынч, ойдогудай өтүп жатты. Бирок имараттын сыртында, Тегерандын борборунда полиция жана Басиж отрядынын полициячылары тегерете курчаган шакекченин жанында оппозициянын жүздөгөн тарапкерлери чогулуп, Ахмадинежадга каршы ураандарды кыйкырып жатышты. Ал жерге барган тегерандык аял “Азаттыкка” телефондон буларды айтып берди.

- Бул жерде полициячылар, жөнөкөй кийимчен атайын күчтөрдүн кызматкерлери, революциячыл сакчылар да жүрүшөт. Алар бетин чүмбөттөп алышыптыр, эл таанып калбасын деп. Сүрөткө тартууга уруксат жок, атүгүл бир жерде узагыраак туруп калсак, башка жерге айдап, бетибизге үңүлө карап эстеп калганга аракет кылгандай. Мага бирөө “көчөнүн тиги жагына басып кет, кайра келбе” деп буйруду.

Франс пресс агенттиги президент Ахмадинежадга каршы ураан кыйкырган тарапка полиция калемпир чачыратып, таркатууга аракеттенгенин кабарлады. Көчөдө турган эл арасында оппозиция лидерлери, көрүнүктүү саясатчылар учураган жок.

Байкоочулар Иранда 12-июндагы президенттик шайлоодон кийин 20дай демонстрант көчө акциялары маалында каза таап, дагы жүздөгөн кишилер камалганы – коомчулукта гана эмес, жогорку бийлик өкүлдөрү арасында да тымызын нааразычылык, бөлүнүүгө алып келгенин айтышат. Андыктан Ахмадинежад эми аны бардык жактан колдоп, чогуу иштеше турган өкмөт мүчөлөрүн тандашы керек, консерваторлор арасында күчтүү биримдиктин жоктугу ал үчүн чоң тоскоолдук болушу ажеп эмес.

Вашингтондо жашаган эксперт, теги Ирандык профессор Расул Нафизи кырдаал кандай өнүгөөрүн айтуу кыйын деген пикирде.

- Жагдай азыркыдан кыйла начарлап кетсе, оппозициячыл кыймылдар нааразылык акцияларын улантып, коомдогу ажырым тереңдесе, Аятолла Хаменеи президент Ахмадинежаддын отставкага кетишин сурашы мүмкүн.

Азырынча Ирандын президенти бийликтеги 2-мөөнөтүн расмий баштаган күнү Иранда дагы бир нече оппозициячыл активист камакка алынганы кабарланды.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG