Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:44

Жарандык коом: Эркиндигибиз мурдагыдан эки эсе коркунучта


Шаршембиде Бишкекте жарандык коомчулуктун өкүлдөрү жарандардын тынч жыйындарды, митинг-пикеттерди өткөрүү укуктары тууралуу ачык форум өткөрүштү. Анда мындай жыйындарды өткөрүү барган сайын оорлоп баратканы айтылды.

Форумдун катышуучулары Кыргызстанда барган сайын митинг-пикеттерди өткөрүү оорго туруп калганын, мурда бийлик мындай иш-чараларды уюштургандарды тымызын коркутуп-үркүтүп келсе, азыр ачык эле кубалап таркатып, камап жатканын айтышты. Сөз сүйлөшкөн бир катар саясатчылар эл аралык уюмдар да бул багыттагы окуяларга көңүлкош мамиле жасап жатканын эскертишти.

«Жарандар коррупцияга каршы» бейөкмөт уюу уюштурган ачык форумга бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, бийлик, оппозиция да чакырылган. Оппозиция өкүлдөрү аталган форумга тобу менен келишкени менен бийликтен Акыйкатчы Турсунбек Акундан башка эч ким келген жок.

Форумдун катышуучулары негизги тема болгон «Өлкөдө жарандардын тынч чогулуусу, куралсыз митинг-демонстрацияларды өткөрүү» укуктары тебеленип, дегеле демократия барган сайын кысылып отуруп, адам чыдагыс абалга келип калганын айтышты.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунованын айтымында, ушул сыяктуу форумдарды жер-жерлерде байма-бай өткөрүп, элдин өз укуктарын кандайча коргоосу боюнча сабатын жоймоюнча демократиялык багыттарда жылыштар болбойт. Ал эми коомчулуктун өз оюн, пикирин митинг-акциялар аркылуу билдирүү укуктарынын чектелиши кайра эле ошол бийлик үчүн жаман бүтүшү мүмкүн:

- Бизде конституция боюнча ар бир адам чыгып, өз пикирин, оюн билдиргенге укугу бар. Бирок иш жүзүнө келгенде адамдардын ал укуктары бузулуп атат. Ошондуктан биз азыр айтып атабыз, жер-жерлерге да барып түшүндүрүү иштерин жасайлы деп. Мисалы, оппозициядагы саясий партиялар өлкөнү кыдырып жыйын өткөрөлү, эл менен жолугалы десе, аларга бут тосуулар болуп атат. Адам деген өзүнүн пикирин ачык, коркпой айтып алса анын бугу чыгып, тынчый түшөт. Эгерде аларды бийлик басып, кысып, күч колдоно берсе, анда эл көтөрүлүп, чоң көңтөрүшкө алып келиши да мүмкүн.

Форумдагы бийликтин жалгыз өкүлү Акыйкатчы Турсунбек Акун да учурда адам укуктары жаатындагы абал мурдагы учурлардан артка кеткенин билдирди. Анын айтымында, бийлик тараптан “Мен ишенбейм” кыймылынын акцияларынан тартып, Түптөгү, Ноокаттагы, Таластагы окуяларга да жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кийлигишип, иш-чарага тоскоол болушкан.

Эскерте кетсек, былтыр жазында Ысык-Көл облусунун Түп районунда оппозиция уюштурган жөө жүрүштө тополоң чыгып, кайсы бир топ оппозиция лидерлерин жумурткалар менен ургулашкан эле. Ноокат районунда болсо былтыр Орозо айт күнү нааразы болгон эл менен милиция кагылыша кетип, жыйынтыгында 32 адам 8 жылдан 20 жылга соттолушкан. Ал эми жакында эле Талас облусуна барган “Ата Мекен” партиясынын лидерлери жана Социал-демократтар фракциясынын мүчөлөрү айрым райондорго киргизилбей, түрдүү тоскоолдуктарга кабылышкан.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин пикиринде, ушул тапта мындай форумдарды жарандык коомчулук менен биргеликте жер-жерлерде да өткөрүү абдан маанилүү:

- Көпчүлүк чогулуп, баарыбыз ушул маселени көтөрбөсөк абдан кыйын болуп баратат. Мамлекеттин өсүү багыты, адам укуктарын коргоо боюнча кылып аткан иштеринин өнүгүүсү абдан начар. Анткени адам укуктары улам барган сайын кесилип, кыскарып отуруп, такыр өз укуктарыбыз калбай калды. Мурда митингдерден тажадык деп атышса, азыр кала берсе эки адамды да сүйлөштүрбөй коёбуз деп атышат. Үч адам чогула албайт, эки адам чогула албайт, анын бардыгына тең Бакиевден уруксат алып келсеңер сүйлөйсүңөр деп атышат.

XS
SM
MD
LG