Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:48

Француз полициясы чек арадагы качкындар лагерин жапты


Франциянын Кале шаарындагы ооган мигранттары. Сентябрь, 2009-ж.
Франциянын Кале шаарындагы ооган мигранттары. Сентябрь, 2009-ж.

Франциянын түндүгүндө порт шаар Каленин жанында полиция качкындар лагеринде рейд өткөрүп, ал жерде топтолгон мигранттарды кармап кетти.

Эл оозунда “Джунгли” деп аталып калган Франциядагы Кале шаарынын жанындагы качкындар лагеринде жүздөгөн мигранттар топтолуп, андан ары Британияга өтүү жолдорун издей турган. Шейшембиде ал жерде 300дөй качкын, көпчүлүгү жаш жигиттер бар экен, полиция аларды күчкө салып кармап кетти.

Француз полициясы билдиргендей, кармалган 278 мыйзамсыз мигранттын басымдуу көпчүлүгү Ооганстандык, жарымы 18ге чыга элек жаш өспүрүмдөр экени катталды. Франция менен Англиянын ортосундагы кысыктын жанындагы алачыктарда баш калкалаган Пакистандык Хан жыл башында мекенинде аскерлер талиптерге каршы уруш баштаганда тынч жай издеп чет өлкөгө кеткенин айтат:

- Элдин баары Британияга баргысы келет, анткени ал жакта бизге адамдай мамиле жасашат. Эгерде Францияда баш паанек алсак, мына ушундай “Джунглиде” жашоого туура келет. Башпаанек алган күндө да жашай турган жер жок. Ошондуктан ушул жерде тыгылып, Британияга кетүүнүн айласын издейбиз.

Франциянын иммиграция министри Эрик Бессон Каленин четиндеги качкындар лагери адам саткыч жана башка кылмышкерлердин уюгуна айланып кеткендиктен бийликтер аны жабууга аргасыз болгонун айтат:

- Мен бул лагерди жакшынакай эле жай деп сүрөттөгөн далай кишини учураттым. Иш жүзүндө андай эмес. Бул жер киши сатуу менен алектенген шылуундардын, алардын курмандыгына айланган бечаралар менен ар кандай кылмышка кабылган адамдардын уюгуна айланган. Түрмөдөгүдөй атаман, анын кулдары жана башка катаал эреже түзүп алышкан. Франциянын аймагында “джунгли” уюштурууга жол берилбейт. Кале шаарынын тургундарынын, бул жерде баш калкалаган мыйзамдуу мигранттардын кызыкчылыгын, коопсуздугун сакташ үчүн Франциянын мыйзамдарын орнотуп жатабыз.

Кале шаардык бийликтери качкындар лагеринин тегерегинде кылмыштуулук өсүп, санитардык нормалар сакталбай, котур өңдүү жугуштуу оорулар жайыла баштаганын маалымдашкан. Шаардын полиция башчысы Пьер Дебускье атайын рейд маалында кармалган качкындардын документтери текшерилип, макам алууга укугу бар адамдарга Францияда башпаанек берилээрин жарыялады:

- Биз британ бийликтери менен бирге бул жердеги чек ара көзөмөлүн күчөтүү иштерин талкуулап жатабыз. Мигранттардын проблемасы бир өлкөнүн алкагында чечилчү маселе эмес. Бул жерде джунгли түзүлүп калганы эң ириде мигранттардын укуктарын бузган, бул өтө жаңжалдуу иш болду.

Бир катар укук коргоо уюмдары француз бийликтери маалымат каражаттарын чакырып, Каледеги качкындар лагерин жаап таратуу ишин көрсөтмөгө айландырып, Ооганстан, Иран, Ирак өңдүү өлкөлөрдөн келген бозгундарды мыйзамдуу жардам издегенден көрө жаап-жашырып күн өткөрүүгө түртүп жатканын эскертишет. Өткөн жумада француз полициясы рейд өткөрүлөрүн кабарлагандан кийин жүздөгөн мигранттар Каледеги лагерден өз алдынча кетип калышкан.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG