Мен өзүмдүн кызматтан кеткенимди тааныбайм...
К. Бакиев
Бүгүн К. Бакиев Беларус президентинин чакыруусу менен Минскидеги Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин кеңсесинде сөз сүйлөп, тогуз пункттан турган билдирүү таратты. Өз сөзүндө ал Кыргызстанда бийликти кылмышкерлер басып алганын, өзүн дале президент деп эсептээрин айтып, башка өлкөлөрдү Убактылуу өкмөттү тааныбоого чакырды:
- Мен өзүмдүн кызматтан кеткенимди тааныбайм. Тогуз ай мурда кыргыз эли мени президент кылып шайлаган. Мен кыргыз элине кызмат кылууга ант бергем. Берген антымдан мени баш тарттыра турчу бир дагы күч жок. Мени бир гана өлүм токтото алат...
15-апрелде эл аралык уюмдар, ири өлкөлөр кепил болуп атып Жалал-Абадда бекинип жаткан К. Бакиевди коңшу Казакстанга чыгарып кетишкен эле. Кулатылган президент Тараз шаарынан кызматынан кеткени тууралуу арызын жазып берген болчу. 19-апрелде К. Бакиевди Беларус президенти Минск шаарына алдырып келип, ага колдоо көрсөтөрүн жарыялаган.
Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева К. Бакиевдин бүгүнкү Минск шаарынан жасаган билдирүүсүнө карата дароо жооп кайтарып, экс-президентти Кыргызстанга кайтып келип, апрель ыңкылабынын учурунда мурдагы бийликтин буйругу менен атылган жазыксыз балдар үчүн адилет сот алдында жооп берүүгө чакырды. Р. Отунбаева бүгүн бул сөздөрүн “Азаттыктын” кабарчысына айтты.
Мынчалык кыйын болсо кайта Кыргызстанга келсин. Мына бул жерде мерт болгон балдардын ата-энелери, агалары, энелери, бир туугандары, кыргыз эли күтүп алат. Ошондо кандай сот болот экен, кандай жаза алат экен, биз ага жооп бере албайбыз!
Роза Отунбаева
Минскиге К.Бакиев менен кошо анын кийинки аялы, алардын тогуз жашар кызы жана беш жашар уулу да барган. Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаров маалымат жыйынында, К.Бакиев өлкөдөн үчүнчү аялы жана андан төрөлгөн балдары менен чогуу чыгарылганын айткан эле. Бирок анын экинчи аялы ким болгону, алардан башка да аялдары болгонбу, белгисиз?
Белгилүү саясат талдоочу Марс Сариев “Азаттыктын” суроосуна жооп берип, К.Бакиев президенттик кызматын таштаганы тууралуу арызын Казакстанда жазганын, анын түп нускасын Убактылуу өкмөткө эл аралык уюмдар алып келип беришкенин айтат. Анын пикиринде, К. Бакиев Беларус лидери А. Лукашенконун жана ага окшогон айрым диктатуралык, авторитардык күчтөрдүн оюнчугуна айланып калды. Кыязы ал Кыргызстандын тагдыры тууралуу эч качан ойлонбогондой:
- К.Бакиев башка чоң күчтөрдүн, ошол эле Беларуска окшогондордун марионеткасы же кол жоолугу болуп калды. Ал эми президенттигин таштап, тышта жүргөндөн кийин Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүң ушундай билдирүүлөрдү жасабай эле койсо болмок. Ал өзү түшүнүп атат, бул абалды анча-мынча курчутат. Бирок К. Бакиевдин бийлиги эми кайтып келбейт да. Аны деле сопсонун түшүнүп атат. Менимче бул башка эле күчтөрдүн оюну.
Ошондой эле М.Сариевдин айтымында, Убактылуу өкмөт ыкчам иштей албай, ар бир мүчөсү чачкын иштеп атат. Андыктан, Р.Отунбаеванын түз жетекчилиги алдында бирдиктүү аналитикалык борбор түзүлүп, болуп өткөндөрдү тез иликтеп, чагылгандай тездик менен чараларды көрүү керек болуп турат.
Ал эми Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эдил Байсалов “Азаттыкка” билдиргендей, мындай билдирүүсү менен К. Бакиев өзүнүн анык жүзүн дагы бир жолу көргөздү. Анын жарандык согуш жана түрдүү кагылыштарга багытталган чагымдарына көңүл бурбоо керек:
- Бул кишинин эки жүздүүлүгү эми жалпы кыргыз элине гана эмес, жалпы эл аралык коомчулукка, дүйнөгө белгилүү болуп атат. Биз дагы бир ирет айтып коюшубуз керек. Бул киши кылмышкер.
Экинчиден, биз Беларус өлкөсүнө кайрылып кетишибиз керек. Анткени, ошол Беларус мамлекетинин территориясын пайдаланып, ошол жерде туруп алып кайра Кыргызстанга бейпилсиздик алып келе турган болсо жаман болот. Албетте өнөктөш мамлекет катары Беларус буга жол бербеши керек.
Саясат таануучу, профессор Орозбек Молдалиевдин пикиринде, Убактылуу өкмөт Бакиевдер маселесин бир жаңсыл чечип, аларды кармап, мыйзам чегинде жоопко тартуу аракетин тездетиши зарыл. Антпесе, өлкө тышында качып жүргөн Бакиевдер түрдүү чагымдарга даяр. Анын айтымында, ири алды Убактылуу өкмөттөгүлөр портфель талаш сыяктуу ички чатактарын токтотуп, ушул маселелерди чечип алуусу зарыл. Эгер Кыргызстан демократиялык багытка оогонун чындап көрсөтө баштаса, батыштын жана океандын ары жагындагы ири демократиялык күчтөр дароо колдоп кетери бышык.