- Аскар мырза, сиздин оюңузча НАТО КМШ мамлекетеринин ичинен биринчи жолу өткөрүп жаткан жыйыны үчүн Казакстанды тандап алуусуна эмне себеп болду?
- Бул Евро-Атлантикалык өнөктөштүк Казакстанга кызыкканына бул өлкөнүн тышкы саясаты, Казакстан башынан эле көп векторлуу саясатты жарыя кылып, аны тажрыйбалап келе жатканы себеп болду го. Ошондон улам Евро-Атлантикалык союз азыр Казакстанга көбүрөөк көңүл буруп, ишеним арта баштады деп эсептеймин.
- Ушул жыйындан кийин НАТОнун Борбор Азияга таасири тийиши мүмкүнбү?
- Албетте азыр Ооганстандагы абалга көбүрөөк көңүл бура баштады, жалпысынан ал өлкөдөгү аскерлердин саны 100 миллионго жетиши мүмкүн. Анын үстүнө Казакстан да Ооганстанга аскерлерин жибергени жатат. Ошондуктан менимче азыр НАТОнун көңүлү ооган согушунда Казакстандын ресурстарын пайдаланууга бурулат го деп ойлойм.
- Мына ушул жыйындан кийин Орусиянын Казакстанга болгон көз карашы, жалпы эле Борбор Азияга НАТОнун киришип атканы тууралу көз карашы кандай болот сиздин божомолуңузда?
- Албетте, Россия нааразы болушу мүмкүн бирок казактар Россиянын да, Американын да, Европанын да көңүлүн калтырбаган саясатты үйрөнүп алышты. Ошондуктан булар Россияны да акырын жайгарат деп эсептеймин. Буга Назарбаевдин жана анын командасынын деңгээли жетип атат. Казакстанды биз демократиялык жол менен эмес, авторитардык жол менен баратат деп сындаганыбыз менен эл аралык мамиледе Европалык өлкөлөрдү тартууда. Канчалык сындаганыбыз менен Казакстан адам укуктарына каршы келбеген мыйзамдарды кабыл алууда.
- Астанадагы НАТОнун форумунда жеке эле Ооганстандагы, Борбор Азиядагы, Кавказдагы кырдаал талкууланбастан энергетика, энергия маселелери дагы көңүл чордонунда болот экен. Ушул энергетика маселеси кандай өңүттө каралат деп ойлойсуз?
- Азыр көрүп атасыз, Европа менен Россиянын ортосунда газ берүү боюнча кандай маселе чыгып атат, Россия газ менен Европаны башкарып коюп атат, андыктан Европа Казакстандын, Орто Азиянын нефтине өтө кызыкдар. Анткени ресурс көбүрөөк болсо, канчалык тандоо көбүрөөк болсо Европа ошончолук энергетикалык жактан коопсуз болоорун түшүнүп атат. Андыктан бул жагынан дагы алар мындайча айтканда ат менен жүрүш жасагандай, алысты ойлонуп жатышат.
- Рахмат маегиңизге.