Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:50

Канн кинофестивалынын жеңүүчүлөрү аталды


62-Канн кинфестивалинин жюри төрайымы Изабел Юппер жана баш байгенин жеңүүчүсү австриялык режиссер Михаэл Ханеке, 24-май, 2009-жыл
62-Канн кинфестивалинин жюри төрайымы Изабел Юппер жана баш байгенин жеңүүчүсү австриялык режиссер Михаэл Ханеке, 24-май, 2009-жыл

Австриялык режиссер Михаэл Ханекенин “Ак тасма” аттуу драмасы 62-Канн кинофестивалынын баш байгесин жеңди. “Алтын пальма” сыйлыгы үчүн 20 чакты тасма ат салышты. Конкурстук программага Ларс фон Триер, Квентин Тарантино, Пабло Алмодовар өңдүү белгилүү режиссерлордун фильмдери да камтылган.

Михаэл Ханеке бул философиялык фильмдин үстүнөн 10 жыл бою иштеди. Ак-кара түстө тартылган фильм Биринчи дүйнөлүк согуш алдында Германиядагы бир айылда орун алган табышмактуу окуяларды баяндайт. Фильм тоталитаризм, сабырдуулук, коомдук жоопкерчилик, ишенбөөчүлүк, фашизмдин тамырлары жөнүдө ой жүгүртөт.

“Алтын пальма” сыйлыгын алып жатып, Ханеке кубанычын жашырган жок:

- Жубайым кээде менден: Бактылуусуңбу? - деп сурап калат. Бул суроого жооп берүү оңой эмес. Анткени өзүңдү бактылуу болуп сейрек сезет экенсиң. Азыр мен так айта алам: Сюзи, бул – өмүрүмдөгү эң бактылуу мүнөттөрдүн бири.

Сыйлыкты 62-фестивалдин жюри төрайымы, белгилүү франциялык актриса Изабел Юппер тапшырды. Баса, 2001-жылы Юппер Ханекенин “Пианистка” фильминде ойногон башкы роль үчүн ушул эле Каннда жогорку сыйлык алган.

Киносынчылар “Ак тасма” менен катар баш байгеге талапкер катары франциялык режиссер Жак Одиардын “Пайгамбар” деген фильмин аташкан эле. Анда абакта отурган өспүрүмдүн таржымалы баяндалат.

Франциянын Le Monde гезити калыстар тобунун чечими артында дипломатиялык себеп турат деп жазып чыкты. Эмне дегенде, былтыр баш байгени франциялык режиссер Лоран Кантенин “Дубалдар ортосунда” деген фильми жеңген. Анын үстүнө жюрини быйыл франциялык актриса жетектеди. Андыктан Одиар Гран при алуу менен чектелди, - деп жазат гезит.

Сыйлык тапшыруу аземинен кийин Изабел Юппер Ханекени “таланттуу, этикалык стили менен айырмаланган режиссер” катары сыпаттады.

Бул жолу Франциянын түштүгүндөгү атактуу Каннга Квентин Тарантино, Ларс фон Триер, Пабло Алмодовар өңдүү киномэтрлер жаңы тасмаларын алып келишкен. Фон Триердин “Антихрист” фильми фестивалде бир топ талаш-тартыш жаратты. Бир катар адистер менен көрүүчүлөр анда зордук-зомбулук өтө эле көп көргөзүлгөн деп сындашты. Ошол эле маалда фильмде башкы ролду аткарган франциялык Шарлот Гинзбург эң мыкты актриса катары сыйлыкка татыды. Эң мыкты актер деп Тарантинонун “Санда жок салпаяктар” фильминде ССтин полковнигин ойногон анча белгисиз Кристоф Валц табылды.

Бул жолу да азиялык киночеберлер Канндан куру кеткен жок. Эң мыкты сценарий үчүн сыйлык кытайлык Мей Сенгага ыйгарылса, кореялык Парк Чан Вук жюринин атайын сыйлыгын алды. Мей Сенга режиссер Лу Енин кытайлык гомосексуладардын оор турмушу жөнүндө баяндаган “Жазгы дүүлүгү” тасмасынын сценарийин жазган. Баса Лу Еге бул фильмдин үстүнөн көмүскө иштөөгө туура келди. Кытайда гомосексуалдар темасы жабык темалардын бири. Ансыз да режиссер Тянанмен аянтындагы окуялар жөнүндө тарткан фильми менен Кытай бийлигинин катуу ачуусун келтирген.
XS
SM
MD
LG