Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

АКШ Украинанын НАТОго кошулуу дымагын колдоду


Вашингтон Украинанын НАТОго кошулуу аракетин колдойт.АКШ вице-президенти Байден мындай билдирүүнү Киевдеги сапары учурунда жасады.

Украинага үч күндүк сапарга келген АКШ вице-президенти Жозеф Байден шейшемби күнү Украин президенти Виктор Ющенко менен жолугушту. Байден Киевдеги жолугушуудан соңку маалымат жыйынында Кошмо Штаттар Украинанын НАТОго кошулуу дымагын
"(Украинанын) улуттук коопсуздук мыйзамында ырасталгандай, Евро-Атлантикалык инструменттер (Украинанын) улуттук коопсуздугун эң мыкты камсыздайт."
Президент Ющенко.
колдой турганын жана союздаштарды тандоо өлкөнүн өз ыктыярындагы иш экенин билдирди:

Украина президенти Виктор Ющенко(оңдо) жана АКШ вице-президенти Жозеф Байден Киевдеги пресс-конференцияда. 21-июль.
-Эгер силер Евро-Атлантикалык интеграцияга катышууну тандап алсаңар, аныңарга мен ишенем, биз мунуңарды бекем колдойбуз. Мен кайталап айтам: Биз ар кандай таасир этүү чөйрөсүн тааныбайбыз. Биз кимдир бирөөнүн силерге же башка өлкөлөргө кандай альянска өтүүнү же кандай эки жактуу байланышты тандоону таңуулоо укугун тааныбайбыз.


Байден АКШ-Россия мамилеси АКШ-Украина алакасына эч кандай зыян кылбасын да эскерте кетти:

-Биз,силер билгендей, Россия менен байланышыбызды оңдогону жатабыз. Бирок бул Украинага зыян алып келбейт деп силерди жана бүтүн украин элин ишендирем. Тескерисинче, мындан Украина чындап пайда табат деп ишенем.

Украин жетекчилиги президент Обаманын администрациясынын Москва менен өз ара мамилени жакшыртуу аракети Киевдин НАТОго кошулуу ниетине жана Батыш менен интеграциялануусуна жолтоо болот деп кооптонот. Ошон үчүн, Вашингтондон Россия менен болгон мамиле, АКШ-Украина карым-катнашына зыян келтирбейт деген кепил сөз күтүп жаткан.

Москва Украинанын жана Грузиянын НАТОго өтүүсүнө каршы.

Президент Ющенко өз кезегинде Киевдин НАТОго өтүү ниетин кайра тастыктады:

-(Украинанын) улуттук коопсуздук мыйзамында ырасталгандай, Евро-Атлантикалык инструменттер (Украинанын) улуттук коопсуздугун эң мыкты камсыздайт.

Украин лидери Ющенко АКШ вице-президенти менен болгон сүйлөшүүдө эң алды улуттук коопсуздук саясаты талкууланганын кошумчалады.

Көпчүлүк серепчилер Жозеф Байдендин Киевдеги сапарын АКШнын Россия менен өз ара мамилени жакшыртуу багытында жасаган кадамдарын баланстоо ирети баалашууда.

Вице-президент Байден 22-23-июлда Тбилисиде болгон кезде да АКШ Грузиянын бекем сөздашы бойдон кала берерин жана өлкөнүн НАТОго кошулуусун колдойт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG