Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:24

“Ар-намыстын” коалицияга кирген мүчөлөрү билдирүү таратты


Бүгүн Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынын коалициялык көпчүлүккө кошулдук деген он депутаты билдирүү таратты. Билдирүүдө депутаттар коалицияга эч бир шарты жок, кызмат сурабай эле киргенин белгилешкен. Ошондой эле апрель-июнь окуяларында негизги күнөөлүүлөр табылбай, жазаланбай жатканы, улут аралык мамилелерди бекемдөө, кылмыштуулук менен күрөшүүдө көп маселелер чечилбей келатканы айтылган. “Азыр бардыгыбыз жеке кызыкчылыгыбызды, партиялык, топтук амбициябызды коё туруп биринчи кезекте элди, Кыргыз мамлекетин ойлошубуз керек”, - деп жазылат билдирүүдө.

Депутаттар өлкө тынчтыгы, тартиптин сакталышы, жарандык жана улут аралык ынтымак үчүн коалицияга киришкенин, өлкөнүн өнүгүшү үчүн социалдык-экономикалык маселелер аягына чейин көтөрүлө берери белгилешкен. Билдирүүгө жакында коалицияга кошулган депутаттар Анвар Артыков, Токон Мамытов, Каныбек Иманалиев, Замир Бекбоев, Камила Талиева жана башкалар кол койгон. Азырынча бул он депутаттын коалицияга кирген-кирбегени тууралуу расмий маалымат айтыла элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG