Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:12

Мароккодон Испанияга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандардын 67си каза болду

Мароккодон Сеутага жапырт өткөн мигранттар. 30-июль, 2026-жыл.
Мароккодон Сеутага жапырт өткөн мигранттар. 30-июль, 2026-жыл.

Мароккодон Испаниянын Сеута анклавына мигранттар жапырт кирүүгө аракет кылган учурда 67 адам каза болду. Бул тууралуу Associated Press (AP) агенттиги Испания өкмөтүнө шилтеме кылып кабарлады.

Айрым мигранттар чөгүп кеткен, кээ бирлери толкун тосмодон ашып өтүүгө аракет кылып жатып каза болушкан.

Испаниянын бийлиги деңиз жээгинде кошумча 500 метрлик коргоо тосмосу орнотулганын билдирди. Ошондой эле Сеутага өткөн мигранттардын басымдуу бөлүгү кайра Мароккого кайтарылганы маалымдалды.

Испаниянын анклавына мигранттардын массалык агымы 30-июлда башталган. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, чек арадан 60 миң адам, негизинен Марокконун жарандары өткөн.

Испаниянын премьер-министри Педро Санчес окуяны "чабуул" жана "өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бузуу аракети" деп мүнөздөдү. Ал жоопкерчиликти адамдарды мыйзамсыз ташуу менен алектенген кылмыштуу топторго жүктөдү.

Жакында испан өкмөтү өлкөгө мыйзамсыз кирген 500 миңдей мигрантты мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын жарыялаган. Өкмөттү сындагандар бул чечим, ошондой эле Жогорку соттун деңиз аркылуу келген мигранттарды дароо депортациялоого болбойт деген акыркы чечими Сеутадагы миграциялык кризистин күчөшүнө түрткү болгонун белгилешүүдө.

Сеутадагы окуялардан кийин Европанын бир катар өлкөлөрү Испаниянын аракеттерин сынга алышты. Тактап айтканда, Финляндиянын бийлиги Мадрид Шенген аймагынын тышкы чек арасын талаптагыдай коргой алган жок деп билдирди. Ал эми жума күнү Италия Шенген аймагындагы Испания менен эркин жүрүү тартибин убактылуу токтотуп, эки өлкөнүн ортосундагы деңиз жана аба каттамдарында чек ара көзөмөлүн жанданткан.

Сеута, Испаниянын дагы бир анклавы болгон Мелилья сыяктуу эле, Түндүк Африкадагы Испаниянын эгемен аймагы жана Европа Биримдигинин тышкы чек арасы болуп саналат. Евробимдиктин Африка менен кургактагы бул жалгыз чек ара тилкесинен мигранттардын жапырт өтүү аракеттери көп катталат.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG