Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:38

Кыргызстанда орточо айлык акы 39 456 сомду түздү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2025-жылдын январь-февралында Кыргызстанда орточо айлык акы 39 миң 456 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов 15-апрелде журналисттерге билдирди.

Анын сөзүнө караганда, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 17,8% көп.

Кудайбергеновдун маалыматына ылайык, курулуш, кыймылсыз мүлк менен иштөө, медиа, ресторан жана мейманкана кызматтары, тоо-кен өндүрүшү сыяктуу тармактарда айлык жогорулаган. Ошондой эле илимий-техникалык (IT тармагы) жана кесиптик тейлөө кызматтарында да көбөйгөн.

Улуттук статистика комитети 2024-жылы бир кызматкердин орточо айлык акысы 37 миң 361 сом болгонун билдирген.

Кыргызстанда орточо айлыктын көрсөткүчү боюнча коомчулукта ар кандай талаш-тартыш болуп келет. Айрымдар орточо эмгек маяна 37-39 миң сомго жетпей турганын айтышат. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG