Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:06

Башкы прокурор Кыргызстанда тергөөнүн сапаты начар экенин айтты


Максат Асаналиев.
Максат Асаналиев.

Башкы прокурор Максат Асаналиев Кыргызстанда укук коргоо органдарынын кылмыш ишин тергөөнүн сапаты начар экенин билдирди.

Бул тууралуу ал 15-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү комитеттеринин биргелешкен жыйынында айтты.

“Ички иштер органдарынын тергөө бөлүмдөрү жаза бере турган эле бөлүм болуп калган. Бул жакта убактылуу эле “эптеп үч ай иштесем, алты ай чыдап койсом” деген иш жүрүп жатат. Ошого жараша сапатты алып атабыз”, - деди ал.

Максат Асаналиев ушул тапта Башкы прокуратурада аскер кызматкерлерине козголгон иштерди тергөө укугу бар экенин, башкы көзөмөл органына тергөөнү кайтарып бериш керек деген позицияда экенин айтты.

2019-жылы сот-укук реформасынын алкагында жаңы кодекс ишке кирип, анда Башкы прокуратурадан тергөө жүргүзүү функциясы алынган. 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин келген бийлик ал кодекстерге өзгөртүү киргизип, 2021-жылы Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы кайра түзүлгөн.

2023-жылы Президенттин администрациясынын сунушу менен Башкы прокуратурадан тергөө укугу алынган.

Ушул тапта Кыргызстанда Ички иштер министрлигинде (ИИМ), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) тергөө жүргүзүү укугу бар. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG