Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:06

Орусияда кыргызстандык өспүрүм киши колдуу болду


Москва.
Москва.

9-апрелде Москва облусундагы Ермолино айылында тогуз жаштагы кыргызстандык өспүрүм киши колдуу болду. Анын өлүмүнө шек саналып 14 жаштагы өспүрүм кармалды.

Орусиянын Тергөө комитети окуяга "улуттук жана диний жек көрүү" себеп болгонун билдирүүдө. Мекеменин маалыматына караганда, бычак жеген өспүрүм "Тез жардам" менен ооруканага бараткан жолдо үзүлгөн.

«Московский комсомолец» гезити өз булактарына таянып, шектүү улутчул маанайдагы баракчаларга жазылганын жазды. Анын телефонунда "скинхед" баракчалардын шилтемелери табылган.

Кыргызстандын расмий органдары бул боюнча комментарий бере элек.

Өткөн аптанын аягында социалдык тармактарга Москвадагы мончолордун биринде кыргызстандыктарды орус полициясы жана бети жабылган белгисиз адамдар уруп-сабады делген видео тараган. Анда мигранттарды полиция кызматкерлери колдорун артка кайрып жаткырып, айрымдарын чапкылап жатканын көрүүгө болот.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2025-жылдын январына карата 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG