Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:56

Трамптын чабарманы Путин менен сүйлөшүүнү "ынанымдуу" деп атады


Стивен Уиткофф жана Владимир Путин. Санкт-Петербург шаары, 2025-жылдын 11-апрели.
Стивен Уиткофф жана Владимир Путин. Санкт-Петербург шаары, 2025-жылдын 11-апрели.

АКШнын президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф орус президенти Владимир Путин менен өткөн аптада болгон жолугушуу тууралуу оюн айтты. Америкалык маалымат каражаттарына берген маегинде ал Путин менен Украинадагы согушту токтото турган кадамдарды талкуулаганын айтып, сүйлөшүүлөрдү "ынанымдуу" деп атады.

"Жолугушуу кызыктуу өттү. Соңунда биз бир чечимге келдик", - деди Уиткофф.

Трамптын атайын чабарманы орус президенти ага "туруктуу тынчтыкты" камсыз кылуу өтүнүчү менен кайрылганын айтты.

"Тынчтык келишими беш аймакка байланыштуу. Бирок андан башка дагы талкуулай турган нерселер бар. Коопсуздук боюнча протоколдор бар. Анын да деталдары бар. Эки өлкөнүн ортосундагы маселелерден улам оор кырдаал жаралды. Менимче, биз азыр дүйнө үчүн өтө маанилүү боло турган нерсенин алдында турабыз".

Стив Уиткофф сөз кайсы беш аймак жөнүндө айтып жатканын тактаган жок.

Ал ошондой эле Орусия менен АКШнын мамилеси “аймакта стабилдүүлүктү камсыз кыла турган өтө пайдалуу коммерциялык мүмкүнчүлүктөр аркылуу” өзгөртүлөрүн кошумчалады.

АКШнын президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф менен орус президенти Владимир Путиндин жолугушуусу Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн аптада өткөн. 11-апрелдин кечиндеги жолугушуу 4,5 саатка созулду.

АКШ администрациясынын басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт брифингде Уиткоффтун Орусияга сапарын “тынчтыкка карай дагы бир кадам” деп атаган.

Трамп президенттик кызматка киришкенден бери бул Уиткоффтун Орусияга үчүнчү сапары.

Путин менен жолугушууга чейин Трамптын атайын чабарманы Путиндин чет өлкөлөр менен кызматташтык боюнча өкүлү Кирилл Дмитриев менен жолугушту. Алар өткөн аптада да Вашингтондо сүйлөшкөн. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG