Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 16-19-апрель күндөрү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн экенин эскертти.
16-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Таласта жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19;
Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 17…22;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3…8, күндүз 10…15;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 9…14;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5 градус болот.
Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 16…18° болот.
Шерине